Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:01

“Ата-Журт” АКШ базасын чыгаруу маселесин козгоду


"Манас" аба майданындагы АКШнын транзиттик борбору.
"Манас" аба майданындагы АКШнын транзиттик борбору.

Парламенттеги оппозициялык “Ата-Журт” фракциясы АКШнын жүк ташуучу транзиттик борборун Кыргызстандан чыгаруу демилгесин көтөрүүдө.

Бирок фракция лидери Камчыбек Ташиевдин бул маселени парламентте талкуулоо аракети 9-февралда эл өкүлдөрү тарабынан колдоо тапкан жок. Ал эми талдоочулар болсо базанын айласында кайрадан кызыкчылыктар күчөп, ал саясий курал болуп жатканын белгилешүүдө.

Демилге парламентте колдоо таппады

“Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевдин АКШнын транзиттик борборун өлкөдөн чыгаруу маселесин сессиянын күн тартибине киргизүү демилгеси эки ирет парламентте добушка коюлуп, бирок колдоо тапкан жок.

Ага карабай депутат Ташиев бул маселени кайрадан Жогорку Кеңеште көтөрүп чыгарын билдирди:

- Мен эч бир депутаттын добушуна комментарий бере албайм. Бирок биздин маселени парламентке алып чыкканга эки-үч гана добуш жетпей калды. Ошентсе да, мен ойлойм бул акыркысы эмес. Биз муну парламенттин кийинки шаршемби күнү боло турган жыйынына кайрадан алып чыгабыз.

Камчыбек Ташиев америкалык транзиттик борборду Кыргызстандан чыгаруу демилгесин мындайча негиздеди:

-Ушул борбор келгенден бери мамлекетибизде өтө көптөгөн саясий, экономикалык жана социалдык проблемалар көбөйүп кетти. Бул борбордон түшкөн акчанын, дегеле бул борбордун Кыргызстанга пайдасы болбогондугун, ошондой эле көптөгөн жарандарыбыздын кайрылууларынын негизинде, фракция ушул маселени карап чыкканбыз. Аны чыгаруу боюнча чечимге келгенбиз.

Акыркы кезде Кыргызстандын “Манас” аэпортунда жайгашкан жүк ташуучу транзиттик борборду чыгаруу демилгеси ар кандай деңгээлде кайрадан көтөрүлө баштады. Маселен, өткөн жумада экологиялык “Асыр” уюму АКШ элчилигинин алдында митинг уюштуруп, аталган борборду чыгаруу талаптарын билдиришкен. Алар буга учактардын учуп-конуусунан пайда болгон бир топ экологиялык себептерди жүйөө келтирүүдө.

Ал эми талдоочулар “Ата-Журт” фракциясынын демилгесин геосаясий күчтөр менен байланыштырууда. Бул фракциянын мүчөсү, экс-спикер Акматбек Келдибеков ушул айдын башында АКШда президент Барак Обама катышкан иш-чарада сыйлуу конок болгондугун, бул Американын оппозицияга көзү түшкөндүгүн билдирерин “Росбалт” сыяктуу чет элдик басылмалар жазып чыккан.

Саясат таануучу Марс Сариев оппозиция ошол пикирлерди четке кагууга аракеттенип, Орусиянын да көз кырында болууга ниеттенүүдө деп эсептейт:

- Ошондуктан бул сыяктуу пикирлерди жымсалдап, четке кагалы деп ушул проблеманы көтөрүп чыкты. Анткени, 2014-жылы келишим бүткөнгө чейин база эч кандай чыкпайт тургандыгын эң сонун түшүнүп турушат. Чыгарсак, биз келишимди бузган болобуз.

Анткен менен Ташиев мындай ойду четке кагууда. Ал базаны чыгаруу демилгеси ички, улуттук кызыкчылыктарга негизделгенин билдирди.

Саясий куралга айланган маселе

Транзиттик жүк ташуучу борбор бул аптада батыш басылмаларынын да көңүлүн бурду. Маселен, “Eurasianet” басылмасына америкалык Эрик Маклинчи маек куруп, база Кыргызстанда ачылгандан бери ал бийликте тургандар үчүн баюунун объектиси, ошол эле кезде оппозиция үчүн бийликти кулатуунун куралы болуп келатканын айткан.

Ал эми саясат таануучу Уран Ботобеков транзиттик жүк ташуучу борбордун айланасында жаңы кызыкчылыктар пайда болууда деп эсептейт:

- Тышкы жана ички күчтөр база боюнча маселелерди көтөрүп чыгышууда. Анын парламентте “Ата-Журт” оппозициялык партиясы тарабынан көтөрүлүп жатышы жөн жерден эмес.

Президент Алмазбек Атамбаев "Манас" жүк ташуучу борбору түзүлгөн келишим боюнча, 2014 жылга чейин турарын, андан соң өлкөдөн чыгышы керектигин билдирген. Ал бул пикирин өткөн жумада АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен менен болгон жолугушуусунда да кайталады. Бирок Атамбаев транзиттик борбор Орусия жана АКШ, мындан тышкары Түркиянын катышуусунда кайра түзүлүшү ыктымалдыгын да билдирип келатат.

XS
SM
MD
LG