Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:53

Түркия-Орусия: Сирияда ажырым, соодада мунаса


Путин жана Эрдоган. Стамбул, 3-декабрь, 2012-жыл.
Путин жана Эрдоган. Стамбул, 3-декабрь, 2012-жыл.

Стамбулда жогорку деңгээлде орус-түрк сүйлөшүүлөрү өттү. Президент Путиндин Түркияга сапары Сириядан улам эки өлкөнүн алакасы сууй түшкөн кезге туш келди.

Орус президенти Владимир Путин менен түрк өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдоган Стамбулдагы кездешүүдө Сириядагы куралдуу жаңжалды жана эки өлкөнүн ишкер алкаларын чыңдоонун жолдорун талкуулашты.

Сириядагы кризис буга чейин эки тараптын мамилесине көлөкө түшүргөнү белгилүү.

Быйыл октябрда Түркия Москвадан Дамаскка бара жаткан сириялык учакты орто жолдон конууга мажбур кылган. Анда түрк тарап Орусиядан келе жаткан учакта ташууга тыюу салынган аскерий жүк бар деп шек санаган эле.

Түркия Сирияда президент Башар ал-Асаддын режимин кулатууга ачыктан-ачык үндөп келсе, Москва узактан берки өнөктөшү Асадды коргоп жүрөт. Кремль Сирия кризисин тыштан кийлигишүү аркылуу жөндөөгө караманча каршы.

Президент Путин түрк өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдоган менен бирге катышкан маалымат жыйында “Араб жазын” баштан кечирген өлкөлөрдүн бирин мисалга тартты:

- Биздин көз-карашыбызча, жакында эле кеткен каталарды кайталагыбыз келбейт. Батыш коомчулугу Ливиядагы козголоңчуларды кандай колдогону эсибизде. Анда ошол Батыш колдогон адамдар кырдаалды трагедияга жеткирип, АКШнын элчисин өлтүрөөрүн ким элестетиптир.

Сириянын химиялык куралынан, качкындардын көбөйүп баратканы менен расмий Дамасктын күрд согушкерлерин колдогонунан тынчызданган Түркия сириялык оппозицияга колдоо көргөзүп, эл аралык коомчулукту президент Асаддын режимине каршы чара көрүүгө утур-утур чакырган.

Бирок Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешине сунуш кылынган үч резолюцияга тең вето салган. Муну менен Москва Түркиянын, Батыш жана араб мамлекеттеринин Асадга кысым көргөзүү аракеттерине жолтоо кылды.

Сириядагы кырдаалдан улам Түркия чек арасына америкалык "Пэтриот" үлгүсүндөгү ракеталык системаны орнотууну НАТОдон суранган эле. Орусия буга чейин аталган кадамга да каршылыгын билдирген. Путин Стамбулдагы маалымат жыйында бул маселени комментарийлеп жатып:

​- Биз чек арадагы окуяларга байланыштуу Түркиянын тынчсыздануусун түшүнөбүз. Түркия жетекчилигинин, түрк элинин сезимин абдан жакшы түшүнөбүз. Бирок сабырдуулукка чакырабыз. Анткени чек арада коргонуу боюнча кошумча мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу кырдаалды жумшартпастан, кайра курчутат.

Түрк премьери Режеп Тайып Эрдогандын айтымында, Сирияда эмнелерге жетишүү зарылдыгы боюнча Москва менен Анкаранын туруму окшош. Бирок аларды ишке ашыруу боюнча орток пикир жок.

Сирияга карабай соода тереңдейт
Айтор Сирия кризиси талдоочулардын баамында, эки өлкөнүн көз карашындагы эң терең ажырым бойдон калганына карабай, расмий Анкара менен Москва Путиндин визити аркылуу эки өлкөнүн ишкер алакаларын тереңдетүүгө кызыкдар.

Путин Орусия Түркиянын “Аккую” АЭСине 20 миллиард доллар инвестиция берүүгө даяр экенин ырастады. Бул АЭСти азыр Орусиянын “Росатом” компаниясы куруп жатат.

Путин менен Эрдоган мындан сырткары “Көгүлтүр агым” газ түйүнү аркылуу Орусиянын Түркияга кошумча газ сатуусун талкуулашты.

Түркия былтыр Орусиядан 26 миллиард куб метр газ алган. Анын 16 миллиард куб метри “Көгүлтүр агым” кууру аркылуу кеткен.

Орустардын энергетика министри Александр Новактын айтымында, Түркия азыр Орусиядан кошумча 3 миллиард куб метр газ суроодо. Бул газды “Көгүлтүр агым” куурунун кубаттуулугун арттыруу же “Түштүк агым” кууру аркылуу жеткирүүгө болот. “Түштүк агымдын” курулушу жакын арада башталып, 2015-жылы аяктайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG