Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:57

Сирия - Түркия: "асман кулпуламай оюну"


Анкара аэропортуна Түркия мажбурлап кондурган Москвадан Дамаскиге бараткан жүргүнчү учак. 10-октябрь, 2012
Анкара аэропортуна Түркия мажбурлап кондурган Москвадан Дамаскиге бараткан жүргүнчү учак. 10-октябрь, 2012

Сирия аба мейкиндигин Түркиянын жүргүнчү учактары үчүн жапты. Ага жооп кылып, Анкара да ушундай кадамга барганын жекшемби күнү жар салды.

3-октябрда Сириядан атылган снаряддан чек арадагы Акчакале шаарында түркиялык беш жаран жайран болгон. Ошондон кийин Түркия аскерлерине артиллериялык аткылоо болсо эле, ага ыкчам жооп кайтарууну буйруган. Бул жагдай Дамаск-Анкара чатагы региондогу кырдаалды курчутуп жиберет деген коркунучту күчөттү.

Бириккен улуттар уюму менен Араб лигасынын Сириядагы кризис боюнча чабарманы Лахдар Брахими Стамбулга келип, абалды түркиялык расмий адамдар менен талкуулады.

Бул кездешүүдө сириялык адаватчыларды колдогон Түркия чек арада Сирияга байланыштуу ар кандай куралдуу калабага чыдап карап тура албасын эскертти.

Бул
Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Даудоглу(оңдо) сириялык качкын генерал Манаф Тласстын колун кысууда. Анкарадагы иптар алдында. 26-июль 2012
Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Даудоглу(оңдо) сириялык качкын генерал Манаф Тласстын колун кысууда. Анкарадагы иптар алдында. 26-июль 2012
жөнүндө өлкөнүн тышкы иштер министри Ахмед Даудоглу ишемби күнү Лахдар Лахдар менен Стамбулда өткөн кездешүүдө кайра кайталады:

- Коргонуу жана сүр көрсөтүү үчүн Түркия жооп кайтаруусу керек болчу. Биз жооп бердик. Сирия менен чек ара бузулса жана Түркиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч туулса, Түркия кайра жооп кайтарат.

Германиянын тышкы иштер министри Гидо Вестервелле да Стамбулда Ахмед Даудоглу менен жолугуп, Анкараны сабырдуулукка үндөдү. Ошол эле маалда ал Түркиянын Москвадан Дамаскка учуп барткан жүргүнчү учактын бортунда каруу-жарак бар деп шектенип, мажбур кондуруусун колдоду:

- Эл аралык мыйзамдарга ылайык, Түркия өз аба мейкиндиги аркылуу Сирияга курал жана башка аскерий материалдар ташылышын жөн байкап тура албайт,-деп билдирди Гидо Вестервелле.

Түркия Германиянын НАТО альянсындагы бекем союздашы.

Анкара шейшемби күнү Москвадан Дамаскиге бараткан сириялык жүргүнчү учакты Түркияга мажбур кондурган жана учактын ичинен Орусияда жасалган радардык станцияга керектүү жабдыктар табылганын билдирген. Москва учакта каруу-жарак болгон эмес, регулярдуу каттамды аткарып жаткан учакта радардык тетик-жабдыктардын болушу мыйзамый иш деп маалымдаган.

Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган ишемби күнү Стамбулдагы эл аралык бизнес форумдагы сөзүндө Орусия менен Кытайдын Сирия боюнча Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинде карманган позициясын сындады.

Эрдоган Сирияда түзүлгөн жагдайды 1990-жылдардын башындагы Босния-Герцеговинадагы абалга салыштырды. Улуттар уюму Босниядагы жарандык согуш кезиндеги, анын ичинде 1995-жылы Сребреницадагы 8 миңдей мусулман эрекекти жок кылууну токтотуу үчүн жетерлик чара көргөн эмес.

- Эгер биз бул маселени Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин бир же эки туруктуу мүчөсүнүн добушуна байласак, Сириянын кесепети абдан опуратлдуу болот жана адамзаттын тарыхына унутулугус сөздөр менен жазылат, - деди премьер-министр Эрдоган форумда сүйлөп.

Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө бул эки өлкө өздөрүнүн вето укугун пайдаланып, Улуттар уюмунун Сирия кризисинде чечкиндүү чара колдонуусуна каршы чыгып келет.

Башар Асаддын режиминин ишенимдүү союздашы Орусия 19 айдан бери Сирияда жүрүп жаткан кандуу булоонду токтотуу үчүн өлкөгө тышкы күчтөрдүн киришине башынан каршы. Кытай болсо бүгүнгө чейин 30 миңден ашуун адамдын канына зобун келтирген тополоңду сириялыктар өздөрү жөндөш керек дейт.

XS
SM
MD
LG