Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

АКШ: Фергюсонго Улуттук гвардия кирди


Фергюсон. Нааразылыкка чыккандарды полиция көздөн жаш агызчу газ менен атууда. 17-август.
Фергюсон. Нааразылыкка чыккандарды полиция көздөн жаш агызчу газ менен атууда. 17-август.

АКШнын Фергюсон шаарчасында 9-августта ындыкара улан Майкл Браун полициянын огунан өлгөндөн бери кымгуут. Өткөн түнү шаарды тополоңго салган демонстранттарга каршы полиция көздөн жаш агызчу газ пайдаланды.

Калабада эки адам өлүп, төрт полициячы жарадар болгону кабарланды. Шаарда коменданттык саат жарыяланып, Улуттук гвардия киргизилди. Абал менен таанышуу үчүн президент Обаманын тапшырмасы боюнча 20-августта Фергюсонго АКШнын башпрокурору Эрик Холдер барат.

Фергюсон - АКШнын ортолук батышындагы Миссури штатындагы 21 миң калк жашаган шаар. 18 жаштагы афро-америкалык уландын бейажал өлүмүнөн бери Сент-Луис районундагы бул шаарда тынчык бузулду.

Алдын ала маалымат боюнча, полициячы куралды Майкл Браун жолду натуура жерден өтүп, тартип бузгандан кийин колдонгон.

Жаш жигит кан кусуп өлгөндөн берки көчө тополоңу 18-августта дагы эки адамдын өмүрүн алды. Бул күнү шаарга Миссури штатынын губернаторунун буйругу менен Улуттук гвардиянын аскерлери киргизилген. Ага карабай болгон тополоң кезде полиция чектен чыккан бейбаштыктарды токтотуу үчүн көздөн жаш агызчу газ жана кур дүрмөт гранаталарды колдонду. 31 адамды камакка алды.

Кечээ президент Обама штаттын губернатору Жей Никсонго кайрылып, аскерлер ыгы менен колдонулушуна көз салып турарын эскертип, көпчүлүк тынч демонстрация өткөрүп, бир ууч азчылык гана тополоң чыгарып жатканын айтты. Ал ошондой эле америкалыктарды жөн жерден бири-бирин күнөөлөбөй, абалды адамдык нарк-насил менен жөндөөгө үндөдү:

- Келгиле, бири-бирибиздин жаныбызды ооруткандан көрө аны дарылайлы. Биз, америкалыктар, бул учурду азыр шардана болгон өз адамгерчилигибизди карап көрүү үчүн пайдаланалы.

2008-жылы Барак Обама президенттик шайлоодо жеңгени көпчүлүк тарабынан өлкө расалык бөлүнүүдөн чыгуусундагы чоң жылыш катары бааланган. Бирок Фергюсондогу акыркы 10 күн афро-америкалыктар арасында дале саясий-экономикалык обочолонуу бар экенин ашкере кылды.

АКШнын статистикалык бюросунун маалыматына ылайык, Фергюсондун элинин 67 проценти ынды каралар. Деген менен 53 полициячынын үчөөсү гана алардан. Ырас, 1990-жылы шаар калкынын 74 проценти актардан турган. Шаардык өкмөттөгү жетекчилердин көбү, анын ичинде мэр да ак.

Миссури штатынын башпрокурорунун маалыматы боюнча, 2013-жылы шаарда жергиликтүү полиция текшерүү үчүн токтоткон айдоочулардын 86 проценти, тинтүүгө жана камакка алынгандардын 92-93 проценти да афро-америкалыктар болгон.

Pew изилдөө борбору 18-августта өткөргөн сурамжылоого караганда, ынды каралардын 80 проценти Фергюсондогу окуя өтө маанилүү расалык маселени көтөрдү деп эсептесе, актардын 37 проценти гана ушундай ойдо.

Президент Обама да дүйшөмбү күнкү кайрылуусунда жамааттар менен тартип сактоо кызматтары арасындагы ишенбөөчүлүк күчтүү экенине көңүл бурду:

- Өлкөдө жергиликтүү эл менен тартип сактоо органдары арасында терең ишенбөөчүк бар жамааттар өтө эле көп. Көпчүлүк жамааттардагы түстүү ыраңдагы жаштар артта калган жана коркунучтун булагындай каралат.

Фергюсондогу тополоң БУУнун башкатчысы Пан Ги Мунду да тынчсыздандырды. Ал 18-августта тартип сактоо мекемелеринин жетекчилерин демонстранттарга эл аралык жана АКШ стандартына ылайык мамиле кылып, жарандардын эркин жыйын өткөрүү укугун урматтоого чакырды.

Маалымдалгандай, Майкл Браундун үй-бүлөсүнүн өтүнүчү боюнча өткөрүлгөн аутопсия кезде маркумдун денесинен алты ок табылды. Анын экөө баш сөөгүнө тийген экен. Маркумдун үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын коргогон адвокат Бенжамин Крамп 18-августта денени сойгон аутопсия күбөлөрдүн сөзү чын экенин, жаш уланды полициячы чак түштө атып салганын тастыктайт:

- Браундун үй-бүлөсү федералдык бийликтер өз алдынча аутопсия жүргүзөрүн билбегендиктен жасатты. Алар аутопсияны уулун чак түштө атууга өздөрүн жооптуу сезген Сент-Луистин күч агенттиги жүргүзүшүн каалабады.

АКШнын башкы прокурору Эрик Холдер коомчулукту дүрбөткөн чукул кырдаалга жана маркумдун үй-бүлөсүнүн ыкласына байланыштуу кайра аутопсия өткөрүлөрүн билдирди. Окуяны АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун адистери жайында иликтей баштады. Юстиция министрлиги да өз алдынча иликтөө жүргүзөт.

Ынды кары жигитти аткан полициячы Дэррен Уилсон окуя иликтенип бүткөнгө чейин акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө жөнөтүлдү.

Миссуриде полиция күч колдонду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:12 0:00

XS
SM
MD
LG