Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

“Уолл Стритти ээлеге” эмне болду?


"Уолл Стритти ээле" кыймылынын Нью-Йорктогу акциясы. 1-май, 2012-жыл.
"Уолл Стритти ээле" кыймылынын Нью-Йорктогу акциясы. 1-май, 2012-жыл.

АКШда экономикалык адилетсиздикке нааразы болгондор “Уолл Стритти ээле” аттуу кыймылга баш кошконуна бүгүн, 17-сентябрда, туура бир жыл толууда. Кыймыл адегенде дүйнө боюнча миңдеген колдоочуларды тапкан эле, бирок бир жылдан соң ал оңтойлуу учурду колдон чыгарып, коомчулуктун көңүлүнөн сыртта калган сыяктуу. Чын эле “Уолл Стритти ээлеге” эмне болду?

“Уолл стритти ээле” кыймылы былтыр 17-сентябрда бир нече жүз активист Нью-Йорктун айтылуу каржы борбору - Манхэттендеги паркты басып алуусунан башталган. Өзүлөрүн экономикалык адилетсиздиктин, ири корпорациялардын ачкөз саясатынын курмандыктары деп атаган активисттер ошол ээлеп алган паркта түнөөгө өтүшкөн.

Ал эми былтыр 1-октябрда алар Уолл стритти, башкача айтканда Нью-Йорктогу биржаны көздөй жүрүш жасашканда, полиция демонстранттарды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ, калемпир аралашкан суюктук колдонгон. Мунун эртеси экономикалык теңсиздикке каршы АКШдан тутанган кыймыл дүйнө боюнча жактоочуларын тапкандай көрүнгөн.

Нью-Йорк, 17-ноябрь, 2011-жыл.
Нью-Йорк, 17-ноябрь, 2011-жыл.
АКШнын Сан-Франциско шаарынан тартып, Сингапур өлкөсүнө чейин жүздөгөн адамдын башын кошкон, “Уолл Стритти ээле” топтору жер-жерлерде пайда болгон.

Анда тынч мүнөздөгү көчө жүрүштөрү миңдеген адамдарды: жумушу барларды да, жокторду да, студенттерди, пенсионерлерди тартып, каржы бийлиги коомдун эң жогорку – 1 пайызынын карамагында калганына нааразылар “биз 99 пайызбыз” деген үндөөнү кыймылдын ураанына айлантышкан.

Бирок эми жаралганынын бир жылдыгында кыймыл көпчүлүктүн көз жаздымында калгандай таасир берүүдө. Маселен НАТОнун АКШда май айында өткөн саммитинде, АКШнын атаандаш эки ири саясий партиясынын жакындагы шайлоо курултайлары учурундагы нааразылык акцияларына азганактай гана адамдар жыйналды. Кыймыл бара-бара көчөдөн да, дүйнөлүк жаңылыктардан да көрүнбөй калгандыктан, жылдызы жарк деп жанганы менен кайра жалп деп өчтүбү деген суроолор чыгууда.

Бул суроолорго “Уолл Стритти ээле” кыймылынын басма сөз тобунун өкүлү Ид Нидхэм төмөнкүчө жооп узатат:

- Бул кеңири жайылган жаңылыш түшүнүк. “Уолл Стритти ээле” алектенген маселелер саны кыйла көбөйдү. Кво макамын өзгөртүү, биздин коомдо бийлик жана акча азганактай чөйрөнүн колунда топтолгон кырдаалды оңдоо убакытты талап кылат. Өзгөрүү өзү жеңил эле келе койбойт. Анткени бийлигин жоготуудан корккондордон катуу каршылык болот. Андыктан бул үчүн кандайдыр бир убакыт талап кылынат.

Ид Нидхэм кошумчалагандай, акыркы айларда кыймылдын активисттеринин көпчүлүгү карызга баткандардын үйлөрү банктарга өтүп кетишине, кредиттердин үстөгү жогору болушуна каршы күрөшүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Ага катар иш таштаган жумушчуларды колдоп жатышат. Активист ырастагандай, ондогон акциялар өтүүдө. Жумушчу топтор күн тартибиндеги маселелерди талкуулоо үчүн утур-утур жолугушуп турушат.

Анткен менен Вашингтондогу "Жаңы Америка" корунда экономиканы изилдеген Майкл Линддин көз карашында, “Уолл Стритти ээле” кыймылынын өмүрү бүттү. Ал өз тагдырына өзү балта чабышынын башкы себеби - анда так максат жана талап болбогондугу:

- Ал ийгилик таппаганынын бир себеби - менимче, бир, эки же үч талабы, программасы болбогону. Реформа боюнча белгилүү бир саясатка токтой албаганы да кыймылдын күнү бүтүшүн шарттаган болушу мүмкүн.

Майкл Линд белгилегендей, кыймыл активисттери бүткүл өлкө боюнча чачырап кеткендиктен реалдуу өзгөрүүлөргө таасир тийгизгидей мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жиберди. Линддин пикиринде, саясий элитага таасир бериш үчүн алар Мартин Лютер Кинг 1963-жылы Вашингтондо Жумуш жана Эркиндик үчүн 250 миң адамды жыйнагандай массалык жүрүш уюштуруусу керек болчу. “Уолл стритти ээле” кыймылы башынан эле уюштуруу жагынан аксаган.

Кыймылдын соңку акцияларынын бири. Түндүк Каролина, 4-сентябрь, 2012-жыл.
Кыймылдын соңку акцияларынын бири. Түндүк Каролина, 4-сентябрь, 2012-жыл.
Бирок кыймыл көтөргөн маселелердин актуалдуулугу жоголгон жок деп санагандар да бар.

Вашингтондогу Жоржтаун университетинин тарых боюнча профессору, “Америкалык кыялкечтер: Солчул өлкөнү кантип өзгөрттү” деген китептин автору Майкл Кейзиндин көз карашында, нааразылык билдирүү - өзгөрүүнү көздөй алгачкы кадам. Ал эми реалдуу өзгөрүү алып келүү үчүн ишке жарамдуу кыймылды кантип түзгөндү түшүнгөн адамдар зарыл:

- Бул өзүнө уюштуруучуларды, тактика жана стратегия жөнүндө айта билген, басма сөз, саясатчылар менен иштеше билген, чындап узак мөөнөткө иштөөгө бел байлаган, уюштуруучулук тажрыйбасы бар адамдарды камтыйт. “Уолл Стритти ээле” кыймылынын негизги көйгөйү - менимче, ал нааразылык билдирүү баскычында дурус чыкканы менен уюшулган жана бекем кыймыл куруу жагынан өзүн көргөзө албаганы.

Профессор Кейзин кыймыл сындаган экономикалык теңсиздик азыр бүткүл дүйнөдө актуалдуу маселе, коомчулуктун көңүл сыртында калганы менен кыймыл али жандуу экендигин, активисттер экономикалык адилетсиздикке каршы күрөштү жашаган жерлеринде, жергиликтүү деңгээлде улантып жатышкандыктарын кошумчалайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG