Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

Иорданиялык истребителди ким атып түшүрдү?


Интернетте тарап кеткен сүрөт
Интернетте тарап кеткен сүрөт

“Ислам мамлекети” тобунун согушчандары иорданиялык аскерий учактын кыйроосуна эч тиешеси жок деп билдирди АКШнын куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы.

24-декабрда Иорданиянын F-16 истребители Сириянын түндүк-чыгышындагы Ракка шаарына чукул жерде жоголуп, байланышка чыкпай калган. Бул аймак экстремисттердин ээлигинде жана алардын сайтында истребителдин туткунга алынган 26 жаштагы пилотунун сүрөтү жарыяланган.

АКШ куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын билдиргенине караганда, иорданиялык истребителди сириялык экстремисттер атып түшүргөнүн жокко чыгарган айныгыс далилдер бар. Бирок F-16 эмне себептен кыйроого учураганы айтылган жок.

Учактын пилоту экстремисттер көзөмөлдөгөн аймакка парашют менен түшкөн кезде туткунга алынышы ыктымал деп айтылууда.

25-декабрда Иорданиянын аскерий аба күчтөрү жана АКШнын Борбордук командачылыгы Сириянын түндүгүндө кыйраган учактын пилотун “Ислам мамлекети” радикал тобу туткунга алганын тастыкташты.

Учактын кыйрашына эмне себеп болгону азырынча белгисиз
Учактын кыйрашына эмне себеп болгону азырынча белгисиз

Бул маалыматты 26 жаштагы пилоттун жакындары да ырасташты. Муат Сафи Юсуф ал-Касисбенин атасы жихадчыларга кайрылып, уулуна мээрмандык кылып, коё берүүнү суранды.

АКШнын Борбордук командачылыгы өз билдирүүсүндө согушчандардын F-16 истребителинин кыйрашын “өз максатында пайдалануу аракетине” карап тура албасын да эскертти.

Иордан өкмөтүнүн өкүлү Мухаммед ал-Момани улуттук телеканалдан 24-декабрда көрсөтүлгөн интервьюда Сириядагы жихадчылардын колундагы учкучту бошотуу үчүн расмий Амман бардык аракеттерди жасарын айткан эле:

- Ушул тапта бизде маалымат аз. Пилоттун өз үйүнө жана ата-энесине эсен-аман кайтып келүүсү үчүн өкмөт бардык зарыл кадамдарды жасайт деп айта алам.

Учак кыйраган жер
Учак кыйраган жер

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун да жихадчылардан туткунга “эл аралык мыйзамдарга ылайык жана адамгерчиликтүү мамиле жасоону” өтүндү.

Бул тууралуу 24-декабрда Нью-Йоркто баш катчынын басма сөз өкүлү Стефан Дюжаррик билдирди жана Пан Ги Мунду Сирияны үч жылдан бери таш-талканга айлантып жаткан калаба, айрыкча, элдүү жайларга өрт жайылткан бомбаларды таштоо аябай тынчсыздандырганын кошумчалады:

- Баш катчы Сириядагы жагдайга жана уланып жаткан аскерий жаңжалга дыкат көз салууда. Ал өлкөдөгү зулумдуктарга, анын ичинде элдүү аймактарды өрткө каптатчу бомбаларды колдонууга аябай кыжаалат болууда. Баш катчы адамгерчиликке жана адам укуктары мыйзамдарына сыйбаган бу сыяктуу куралдарды жарандарга каршы ылгабай колдонууну кайрадан катуу айыптайт.

Иордания Сириядагы “Ислам мамлекети” тобуна каршы эл аралык коалицияга кирет жана анын аскердик учактары сентябрдан бери жихадчылардын өңүттөрүн бомбалоого катышууда. Буга дейре АКШ жетектеген коалициянын курамындагы Иордания, Бахрейн, Бириккен Араб Эмирлиги, Сауд Арабиянын авиакүчтөрү Сирияда жоготууга учураган эмес болчу. Бирок жихадчылар Ирактын жана Сириянын аскерий учактарын атып түшүргөн учур болгон.

Коалициянын үч айдан берки авиасоккусу маалында 1 миң 171 жихадчы жок кылынган. Алардын 1 миң 119у “Ислам мамлекети” тобунун жана “ал-Нусра фронтунун” желдеттери экенин Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөө уюму өз булактарына жана активисттерине таянып маалымдаган.

Жихадчылар батыш бөлүгүндө чоң аймакты басып алган Иракта да кырдаал тынч эмес. 25-декабрда Багдаддын ныптасындагы Мадайн шаарчасында жанкечти жардырган бомбадан бери дегенде 43 адам курман болду. 61 жоокер жараат алганы кабарланды. Жанкечти бомбаны маяна алуу үчүн кезекте турган өкмөттүк аскерлер жана суннит ыктыярчылардын арасына кирип жардырган.

“Сахва” же “Ойгонуу кеңеши” деген ат менен белгилүү суннилердин ыктыярдуу отряды 2007-2008-жылдары АКШ аскерлери менен чогуу Ирактагы “ал-Каидага” каршы согушкан. Алар азыр Ирактагы сунни экстремисттеринин “Ислам мамлекети” тобуна каршы өкмөттүк күчтөр менен бирге салгылашууда. Жанкечтинин бомба чабуулу үчүн жоопкерчиликти эч бир уюм өзүнө ала элек.

XS
SM
MD
LG