Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

Обама мигранттардын легалдашуусуна жол ачты


АКШда мыйзамсыз мигранттардын саны 12 миллионго чейин деп айтылып жүрөт.
АКШда мыйзамсыз мигранттардын саны 12 миллионго чейин деп айтылып жүрөт.

АКШда президент Барак Обама иммиграция боюнча жардыкка кол койду. Өлкөнүн иммиграциялык системасын Конгресстин жактыруусуз эле өзгөртүүчү чаралар беш миллионго жакын мыйзамсыз мигранттын легалдашып, АКШдан утурумдук башпаанек алышына жол ачат. Бирок оппозициядагы жана Конгрессти көзөмөлдөгөн республикачылар президенттин жардыгын сынга алып, аны сотко беришерин билдирүүдө.

Жардыкка жума күнү кол коердон бир күн мурда АКШ президенти Ак үйдөн жасаган телекайрылуусунда иммиграция боюнча планын миллиондогон мигранттарды издеп таап, депортациялаганга караганда кыйла “адилеттүү” чара катары сыпаттады:

- Бул иштебей калган системаны артка таштаган реалдуу мунапыс. Массалык мунапыс адилетсиздик болуп калмак. Массалык депортация мүмкүн эмес жана биздин өлкөнүн маңызына каршы келет. Мен сунуш кылып жаткандар жоопкерчилик, акылга сыярлык, калыс чара. Эгер сиз критерийлерге жооп берсеңиз, көмүскөдөн чыгып, мыйзам алдында ак боло аласыз. Эгер сиз кылмышкер болсоңуз - депортациялайбыз. Эгер сиз Кошмо Штаттарга мыйзамсыз кирүүнү көздөп жатсаңыз, кармалып, артка кайтарылуу мүмкүнчүлүгүңүз жогорулады.

АКШга келген мыйзамсыз мигранттар. Аризона, 29-май, 2014-жыл.
АКШга келген мыйзамсыз мигранттар. Аризона, 29-май, 2014-жыл.

Обама акыркы 200 жылдан бери АКШнын башкалардан артыкчылыгы четтен келгендерге ачыктыгы экенин, бул ишкерлик духту көтөрүп, аны жаш жана демдүү өлкөгө айлантканын эске салып, республикачылар үстөмдүк кылган Конгрессти иммиграция боюнча реформа мыйзамдарын четке какканы үчүн сынга алды:

- Мен көрүп жаткан чаралар мыйзамдуу гана эмес, акыркы жарым кылымдан бери республикачыл, демократ президенттердин ар бири жасаган ишке окшош. Менин иммиграциялык системаны жакшыртуучу ыйгарым укугуман жана Конгресс алсыз болгон жердеги аракеттеримдин тууралыгынан күмөн санаган Конгресс мүчөлөрүнө бир гана жообум бар: анда мыйзамды кабыл алгыла.

АКШда мыйзамсыз мигранттардын саны 12 миллионго чейин деп айтылып жүрөт. Алардын көбү коңшу Латын Америка өлкөлөрүнөн. Обаманын айтымында, акыркы алты жылда АКШдан депортациялагандарынын саны 80% көбөйгөн.

Эми президент жарыялаган чаралар, эсептерге караганда, 4,1 миллиондон 5 миллионго чейинки сандагы мыйзамсыз мигрантты депортациядан сактап, алардын убактылуу башпаанек алышына жол ачышы керек.

Обаманын планына ылайык, АКШ менен Мексиканын чек арасын кайтаруу да күчөтүлөт.
Обаманын планына ылайык, АКШ менен Мексиканын чек арасын кайтаруу да күчөтүлөт.

Мындай мүмкүнчүлүк ириде Кошмо Штаттарда беш жылдан көп жашаган, балдары америкалык жаран же жашоого уруксаты бар, укук коргоо органдарынын текшерүүсүнөн өткөн, салык төлөөгө даяр мигранттарга берилет. Бирок Обама белгилегендей, жашоого убактылуу укук алуу акыр-аягында Америка жараны болууга алып барат дегенди билдирбейт.

Ноябрдагы өткөөл шайлоодон кийин эми Конгресстин эки палатасын тең көзөмөлдөөчү республикачылар Обаманын планын дароо эле сынга алышты. Атүгүл алар президент жардыгын сотко берүүнү убада кылышууда.

Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Жон Бейнер америкалыктарга жасаган видео кайрылуусунда буларды айтты:

- Биздин бузулган иммиграциялык системаны оңдоо үчүн бирге иштөөнүн ордуна президент жекече аракеттенүүдө. Президент ал падыша же император эместигин айтты, бирок жасагандары аларга окшошуп жатат. Ал муну Американын эли чогуу иштөөбүздөн башканы каалабай турган кезде жасоодо.

Обаманын кайрылуусун көрүп жаткан Кристиан Рамирез
Обаманын кайрылуусун көрүп жаткан Кристиан Рамирез

Жон Бейнердин пикиринде, Обаманын чаралары адамдарды АКШга мыйзамсыз келүүгө шыктандырат, чек араларда гуманитардык кризис жаратат.

Конгресстеги республикачылардын айрымдары эгер Обама иммиграция боюнча жардыгын артка албаса, президент кызматка сунуштагандарды, атүгүл бюджетти да бекитпей тургандыктарын айтышууда.

Талдоочулардын баамында, иммиграция реформасы боюнча талаш 2016-жылдагы президенттик шайлоого чейин жетиши мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG