Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Оогандардын жасатын маскаралаган тасма иликтенүүдө


АКШ аскерлери өлгөн талип жоокерлеринин жасаттарына заара ушатып турганын көрсөткөн видеотасма (YouTube). "Ройтерс" агенттиги видеотасма чын экенин тастыктабайт.
АКШ аскерлери өлгөн талип жоокерлеринин жасаттарына заара ушатып турганын көрсөткөн видеотасма (YouTube). "Ройтерс" агенттиги видеотасма чын экенин тастыктабайт.

Бир нече интернет сайтта жарыяланган видеотасма Пентагонду беймаза кылды.

11-январда АКШнын Коргоо министрлиги тасмада көрсөтүлгөн окуя америкалык аскерлердин баалуулуктарына ылайык келбесин жана деңиз аскерлерине мүнөздүү эмес көрүнүш экенин белгилеп, андай пастыкты жектеди. Ошондой эле видеоматериалды ким тартканы, анын чын экени такталып жатканын билдирди.

Америкалык аскерлердин формасындагы англис тилинде америкалыктардын акценти менен сүйлөгөн төрт адамдын үч талип согушчандын жасатына заара кылып турганы тартылган видеотасма боюнча тергөө жүрүүдө.

Америкалык жоокер Кандагардагы полицияканада өзүн жардырган жанкечтинин денесин текшерүүдө. 11-январь 2011
Америкалык жоокер Кандагардагы полицияканада өзүн жардырган жанкечтинин денесин текшерүүдө. 11-январь 2011
АКШ куралдуу күчтөрү видеотасмага өтө кыжаалат экенин Пентагондун өкүлү Жон Кирби билдирди. “Бул инцидент кандай гана окуяда, кандай гана шартта жасалбасын, аны биз иликтеп чыгабыз. Анткени бул наадандык жана аскер адамына татыксыз нерсе”,-деди капитан.

Тасмада АКШнын деңиз аскери формасындагы төрт адам оогандарча кийинген үч жасатка заара ушатып жатат. Алар талип согушчандары болушу мүмкүн.

Кадрдан “Агайиндер, силер үчүн улуу күн келди” деген үн угулат. Америкалык акцент менен сүйлөгөн оператордун колунда да аскерий кол кап бар.

Видеотасма Вашингтон үчүн ыңгайсыз учурда жарыяланды. АКШ аскерлерин Ооган жеринен акырындап чыгарганга катар Карзайдын өкмөтүн талиптер менен элдештирүүгө аракеттенүүдө.

Ай башында талиптер эл аралык коомчулук менен сүйлөшүү үчүн Катарда саясий өкүлчүлүгүн ачканга макул болгон. Удаа эле АКШнын Гуантанамо түрмөсүндө отурган туткундарды алмашууну талап кылган.

Талиптердин өкүлү Забиулла Мужахид жасаттарды маскаралоону “жапайычылык” деп атады. Ошол эле учурда "видеотасма сүйлөшүүгө жана туткундарды алмашууга жолтоо болбосун" билдирди. Бирок Мужахид талиптер урушту токтотпойт деп эскерткенин "Ройтерс" агенттиги кабарлады.

Видеотасма көптөгөн оогандардын - талиптерге болгон начар мамилесине карабай - кыжырын келтирди.

- Биз америкалык жоокерлердин талип согушчандардын жасаттарына заара ушатуусун айыптабыз,-дейт Кандагардын тургуну Амманулла. - Тынчтык сүйлөшүүсүнө мунун зыяны тиет. АКШ сыягы Ооганстанда тынчтык болушун эч качан каалабайт. Бул окуя өлкөдөгү азап-кайгыны дагы көбөйтөт.

Кабылдык Феда Махмуд береги окуядан кийин анти-америкалык маанай дагы өсөт деген оюн айтты:

“Америкалык жоокерлер өлгөн мусулмандардын жасаттарына заара ушатып, кылмыш жасашты. Алар кылмыш кылгандан кийин, мындан ары биздин жерибизде калышын каалабайбыз. Жерибизде бөтөн аскерлердин болушун каалбайбыз. Алар чыгып кетүүгө тийиш”.

Кандагарлык Тауп Хан "бетпактардын кимдиги аныкталып, соттолуш керек" дейт:

“Биз бардык мусулмандар чет жерлик жоокерлердин талип аскерлеринин жасаттарына заара ушатканын жектейбиз. Бул исламга жана эл аралык коомчулуктун ролуна каршы багытталган иш. Биз Адам укугу боюнча комиссия бул зөөкүрлүктү иликтеп, кылмышкерлер камакка алынышын каалайбыз.”

Ооган өкмөтүн видеотасма "аябай тынчсыздандырганын" президент Хамид Карзайдын кеңсеси бейшемби күнү билдирди.

XS
SM
MD
LG