Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:18

Жалал-Абадда жер көчкү коркунучунан улам 10 үй-бүлө көчүрүлдү


ӨКМ тараткан сүрөт. Жарандарды коопсуз жайга көчүрүү учуру. 7-май, 2024-жыл.
ӨКМ тараткан сүрөт. Жарандарды коопсуз жайга көчүрүү учуру. 7-май, 2024-жыл.

Аксы районуна караштуу Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн Жүзүмжан айылында эски көчкү түшө баштаганына байланыштуу 10 үй-бүлө убактылуу коопсуз жайга көчүрүлүп жатат.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) бүгүн, 7-майда кабарлады. Жарандарды көчүрүү ишине райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тартылып, министрликтин аймактагы жетекчилиги, Мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери, Жарандык коргоо кызматтары тартылып, кырдаалды жеринен көзөмөлгө алышууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө кооптуу аймактарда 3900гө жакын адам жашайт. Алардын миңден ашууну Жалал-Абад облусунун аймагында турат.


Кыргызстанда жыл башынан бери 115 жаратылыш кырсыгы катталып, алдын ала эсептөөлөргө ылайык, анын чыгымы 68,6 млн сомду түзгөнүн 6-майда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирген.

Анын айтымында, кырсыктын басымдуу бөлүгү - сел жана суу каптоолор. 2023-жылы тогуз өзгөчө кырдаал жана 109 табигый кырсык, сел, суу каптоо катталып, чыгым 40 млн сомдон ашкан.

Апрелдин акыркы аптасында нөшөрдөн улам Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын облустарынын жана Ош шаарынын аймактарында миңден ашык үйдү суу басып, бир катар автоунаа жолдору жабылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG