Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:05

Аялы зомбулукка айыптаган казак дипломаты боюнча териштирүү жүрүүдө


Карина Мамаш.
Карина Мамаш.

Казакстанда аялына зомбулук көрсөткөн деп шектелген дипломат кызматкер боюнча териштирүү жүрүп жатат. Бириккен Араб Эмирликтериндеги элчиликтин кеңешчиси Сакен Мамаш Казакстанга чукул чакыртылганын, укук тартибин коргоо органдары териштирүү жүргүзүп жатканын, ал кызматынан бошотуларын Тышкы иштер министрлиги 6-майда билдирди.

Өзүн Сакен Мамаштын жубайы Карина Мамаш деп тааныштырган келиндин видеосу «НеМолчи.kz» фондунун социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жарыяланган. Анда ал 10 жылдан бери күйөөсүнүн ур-токмогуна, сексуалдык, экономикалык, эмоционалыдык зомбулугуна кабылып келатканын айткан. Бул жолу да өзүн жана конокко барган эжесин ур-токмокко алганын айтып берген келин мамлекеттен жардам сурап, «Мен кооптуу абалдамын, балдарым да коркунучта» деп билдирген.

Келиндин бети-башы көк ала болгон сүрөттөрү жарыяланган.

Сакен Мамаш өзү же жактоочулары бул боюнча эч кандай маалымат бере элек.

Казакстанда бул күндөрү аялынын өлүмүнө айыпталып жаткан мурдагы министр Куандык Бишимбаевдин соту аяктоодо. Анын жубайы Салтанат Нукенованын өлүмү Казакстанды нес кылып, зордук-зомбулукка каршы жазаны катаалдатууну талап кылган акциялар башталган. Натыйжада аялды жана баланы кордогондордун жазасын катаалдаштыруу мыйзамы кабыл алынган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG