Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

Кундуздагы канды булоон үч тараптуу иликтенүүдө


Оогандар Кундузда талиптер менен болгон салгылашта жарадар болгондорго кан чогултушууда. Кабул, 5-октябрь 2015
Оогандар Кундузда талиптер менен болгон салгылашта жарадар болгондорго кан чогултушууда. Кабул, 5-октябрь 2015

Ооганстандын Кундуз шаарындагы оорукананы бомбалоону АКШ, НАТО жана Ооган бийликтери иликтешүүдө. "Чек арасыз дарыгерлер" уюмунун Кундуздагы ооруканасына 3-октябрда урулган авиасоккудан 22 адам набыт болгон.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун башта окуяны бейтарап иликтөөгө чакырган. Бирок дүйшөмбү күнү баш катчынын өкүлү Стефан Дюжаррик оболу башка иликтөөлөр бүткөрүлүшү зарыл экенин билдирди.

Дипломаттык булактар Кундуздагы оорукананы бомбалоону АКШ жана НАТО калыс иликтешет деп ишенишет. Алардын айтымында, жөн-жай эл такай бомбалоого алынып, согуш кылмышы жасалган болсо, иликтөөнү Улуттар Уюму жүргүзмөк.

3-октябрь күнү Кундузду талип согушчандарынан бошотуу маалында шаардагы "Чек арасыз дарыгерлер" уюмунун ооруканасын АКШнын учактары бомбалаганда дарыгерлер жана бейтаптар болуп 22 адам өлгөн.

Ооганстандагы америкалык жана эл аралык күчтөрдүн командачысы генерал Жон Кэмпбеллдин 5-октябрда Пентагондо маалымдашынча, баштапкы тергөө ооруканага авиасокку Ооган аскерлеринин өтүнүчүнө ылайык урулганын көрсөткөн. Ооган бийликтери билдиргенге караганда, оорукананын аймагында жашынып алган 10-15 чакты согушчан ооган аскерлерине ал жактан ок ачкан.

- 3-октябрда Ооган күчтөрү душмандын өңүтүнөн аткыланып жатканын айтып, америкалык күчтөрдөн абадан колдоо берүүнү сураганын аныктадык. Талиптердин коркунучун жок кылууга багытталган авиасокку учурунда кокус бир нече жаран апаат болду. Бул америкалык күчтөргө коркунуч жаралып, алар абадан сокку урууну сураган деген баштапкы кабарды жокко чыгарат.

Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест болсо Кундуздагы апаатты үч башка топ иликтеп жатканын билдирди.

- Үч башка иликтөө жүрүүдө. Биринчи иликтөөнү расмий түрдө АКШ Коргоо министрлиги өткөрүүдө... Аны НАТО да иликтейт. Үчүнчү иликтөөнү АКШнын аскер адамдары Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери менен чогуу өткөрөт. Ар бир иликтөө трагедия кандай болгону жөнүндө мүмкүн болушунча так маалымат алууга багытталат.

АКШнын коргоо министри Эштон Картер да коогалуу окуя кеңири жана ачык-айкын иликтенет деп убада кылды. Ал америкалык аскерлерге Кундуздун элине түрдүү медициналык жардам көрсөткүлө деген буйрук берилгенин да кошумчалады.

Бирок "Чек арасыз дарыгерлер" уюму адеп жасаган билдирүүсүндө оорукананын аймагында эч кандай согушчан болбогонун айтып, төрт жылдан бери иштеп жаткан госпиталга абадан сокку урууну согуш кылмышы деп мүнөздөп, бейтарап жана ачык-айкын иликтөө жүргүзүүнү талап кылган. Ошондой эле өз кызматкерлерин Кундуздан чыгарып кетти жана оорукананы жапты.

Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын өкүлү Равина Шамдасани "Рейтерс" агенттигине кечээ Женевада берген интервьюда Кундуздагы канды булоонду сындады.

- Биз Кундуздагы госпиталга каршы чабуулду түз айыптайбыз. Сиздер билгендей, бул катаал аймактагы элдин муктаждыгын тейлеген жалгыз оорукана эле. Медициналык жайга жасалган чабуул согуш кылмышы болушу ыктымал.

Бирок дүйшөмбү күнү Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мундун өкүлү Стефан Дюжаррик мартабалуу эл аралык уюмдун жетекчисинин атынан жасаган билдирүүдө жаңы кадамга баргандан мурда башка иликтөөлөр бүткөрүлүшү зарыл деди. Пан Ги Мун мурда Кундузда болгон калайманды бейтарап иликтөөгө чакырган болчу.

XS
SM
MD
LG