Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:29

"Чек арасыз дарыгерлер" Кундуздагы ооруканасын жапты


"Чек арасыз дарыгерлер" уюмунун Кундуздагы ооруканасы 3-октябрдагы авиачабуулдан кийин.
"Чек арасыз дарыгерлер" уюмунун Кундуздагы ооруканасы 3-октябрдагы авиачабуулдан кийин.

Ооган коопсуздук күчтөрү өлкө түндүгүндөгү Кундуз шаарынын көпчүлүк бөлүгүн талибдерден тазалаганы маалымдалды. Бир аптадан бери бүгүн биринчи жолу дүкөндөр ачылып, эл көчөгө чыга баштады.

Кундуз шаары али талибдерден толук тазаланып бүтө элек. Эрегишчилер 300 миң калктуу шаарды бир апта мурда басып алышып, үч күн бою кармап турушкан.

Ооган аскерлери бейшемби күнү контрчабуулга өтүп, стратегиялык жактан маанилүү калаанын негизги бөлүгүн АКШ аскер күчтөрдүн жардамы менен согушчандардан бошотту.

Ишемби күнү таңга маалкы авиажапырыкта "Чек арасыз дарыгерлер" уюму иштеткен Кундуздагы бирден бир оорукана толук иштен чыкканы кабарланды. Бомбалоо кезде соопкерчилик уюмунун 12 кызматкери жана 10 бейтап курман болушуп, башка дагы 40 адам оор жараат алган. Аба соккусу учурунда госпиталда 105 оорукчан жана алардын жакындары, ошондой эле соопкерчилик уюмунун 80ден ашуун кызматкери болушкан.

Ооган аскерлери талибдер менен салгышуу учурунда жарадар болгондорду Кундуз ооруканасына алып келишти. 3-октябрь 2015
Ооган аскерлери талибдер менен салгышуу учурунда жарадар болгондорду Кундуз ооруканасына алып келишти. 3-октябрь 2015

Ооруканага жасалган авиачабуулду "Чек арасыз дарыгерлер" уюмунун башкы директору Христофер Стоукс “согуш кылмышы” деп атап, окуя боюнча көз карандысыз эл аралык изилдөө жүргүзүлүшүн талап кылды.

Стоукстун айтышынча, бомбалардын бири ооруканага тийгени АКШ жана Ооган аскер жетекчилигине кабарлангандан кийин да бир сааттан ашык убакыт токтогон эмес.

Төрт жылдан бери соопкерчилик уюму иштетип жаткан оорукананын турган жайын Ооганстан аскерлери менен коалициялык күчтөр жакшы билчү. Ооган бийликтеринин оорукананын имаратын талибдер жабыт катары пайдаланган деген маалыматы негизсиз экенин Стоукс ырастады.

Ак үй 3-октябрда Кундуздагы ооруканага жасалган авиачабуулга АКШ аскерлеринин канчалык тиешеси бар экенин изилдей баштаганын билдирген. Андан мурдараак НАТО авиачабуулга талибдерге сокку урууну көздөгөн америкалык аскерлер жооптуу болушу мүмкүн экенин билдирген.

"Чек арасыз дарыгерлер" уюмунун ооруканасы Ооганстандын түндүк-чыгыш бөлүгүндө оор операциялар жасалчу жападан-жалгыз бейтапкана эле. ​

- Госпиталь пайдаланууга жарабайт. Абалы оор бардык бейтаптар башка жакка которулду жана ооруканада Чек арасыз дарыгерлер уюмунун кызматкерлери калбады”,-дейт соопкерчилик уюмунун өкүлү Кейт Стегман.

АКШ президенти Барак Обама Кундуздагы оорукананын бомбаланышын “трагедиялуу окуя” деп атап, адамдар набыт болгонуна “катуу кайгырганын” билдирди.

БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Зайд Раад Хусейн кандуу булоонду ачык жана толук иликтөөгө чакырып, авиачабуул “согуш кылмышы болуп калышы” ыктымал деди. БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун да авиачабуулду айыптап, калабаны калыс териштирүүгө үндөдү.

Кундуз провинциясынан качкан адамдар учак менен Бадахшан шаарына алып келинди. 4-октябрь 2015
Кундуз провинциясынан качкан адамдар учак менен Бадахшан шаарына алып келинди. 4-октябрь 2015

Кундуздуктардын айтуусунда, шаарда тамак-аш тартыш, абал оор. Жамал Хан деген тургундун Ройтерс агенттигине 4-октябрда айтышынча:

- Кундузда не доктурлар, не дары-дармек, не медициналык тейлөө жок. Шаарда адамдар өлтүрүлүүдө, бирок жардам берген же жасаттарды чогулткан эч ким жок. Кундуздун 4 миңдей тургуну үйлөрүн арга жоктон таштап кетишти.

Ооган парламентинин мүчөсү Фатима Азиз Кундуз шаарын талибдердин басып алуусу жана жергиликтүү элдин башына түшкөн кыйынчылыктар үчүн президент Ашраф Ганини жана анын өкмөтүн күнөөлөдү.

XS
SM
MD
LG