Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:18

Видео оюндардагы "согуш кылмышы"


"Кызыл чырым" тынчсызданып жаткан оюндардын бири ушул "Парзыңды аткар" деген оюн.
"Кызыл чырым" тынчсызданып жаткан оюндардын бири ушул "Парзыңды аткар" деген оюн.

Согуш, атышуулар бар видео оюндар барган сайын жаңыланып, кудум чыныгы согуштагыга окшош жасала баштады.

“Кызыл чырым” эл аралык комитети эми аларды чыныгы согуш жөнүндөгү мыйзамдардын алкагында кароого, аны менен аларды мурдагыдан да реалдуураак кароого үндөп жатат. Бул эмнени билдирет?

Компьютердеги согуш оюндарына келгенде реалдуулук деле сатылат.

Азыр адамдарды атып өлтүрүү менен байланышкан видео оюндардын эң эле дүйнөдө кеңири таралгандарында сценарий кадимки чыныгы согуш майданындагыдай түзүлүп, ага виртуалдуу оюнчулар катышат.

Алардагы атышуу, кан, өлүм, жардыруулар баары жалган болгону менен, оюнчулар акыр аягында жеңиш үчүн мүмкүн болушунча көбүрөөк душманды өлтүрүп, айылдарды аткылап, жайкын тургундарды кырып, чыныгы жашоодо “согуш кылмышы” деп таанылышы керек болгон аракеттерге барышат.

“Кызыл чырым” эл аралык комитети дал ушул видео оюндардагы “оор кылмыштар үчүн жазасыз калса болот экен” деген сезим чыныгы согуш майданындагы аракеттерге таасир этиши мүмкүн деп билдирүүдө.

Уюмдун адистери айтышканына караганда, бул оюндардагы “адамдарды кыйноо, соттун чечими жок эле туш келди атуу деген сыяктуу тыюу салынган аракеттер нормалдуу эле нерсе турбайбы деген ой калтырышы мүмкүн”.



Азыр эми “Кызыл чырым” дүйнөдө согуштук видео оюндарды чыгарып жаткан ишканаларды Эл аралык Гуманитардык мыйзамга кошулууга үндөп жатат.

Комитеттин расмий өкүлү Франсуа Сенешонун айтымында, бул өтө манилүү нерсе. Анткени азыр дүйнөдөгү 600 миллиондой видео-оюнчунун катарында азыркы жана келечектеги реалдуу аскерлер да бар.

“Армиядагы аскерлер эс алышканда ошол видео оюндарды ойношоорун билебиз. Демек биз согуш майданынан сырттагы жөнөкөй жарандар жөнүндө эле айтып жаткан жокпуз, - дейт ал. - Ушул оюндар аркылуу биз келечектеги аскерлерге, мыйзам чыгаруучуларга, чечим чыгарчу адамдарга жана согуш майданындагыларга кайрылгыбыз келет”.

“Кызыл чырымдын” расмий өкүлү Бернард Барретт дүйнөдөгү эң ири гуманитардык уюм оюн чыгарган ишканаларды өздөрүнүн продукциясына цензура киргизүүгө түртүп жатпаганын, болгону “бул оюндар конфликттердеги тартип-эрежелерди урматташын, ошон үчүн оюн учурунда кылмыш жасагандарды жазалоонун формасын да киргизсе болооруна ишарат кылганын” билдирди.

Эгерде ошондой талапты карманышса, анда миллиондогон оюнчулар согуштун эрежелерин билип, “эртеңки аскерлер эл аралык гуманитардык мыйзам жөнүндө тереңирээк түшүнүк алышмак”.

Виртуалдык дүйнөдөгү адамдардын аракети чыныгы турмушта алардын жүрүм-турумуна кандай таасир этиши мүмкүндүгү далай илимий изилдөөлөрдүн темасына айланган. Жакын арада бул маселе АКШнын Конгрессинде да талкууланмай болуп турат.

"Аскерий машыгууларга пайдалуу"

Марек Спанел – Прагадагы Bohemia Interactive деген видео компаниянын башчысы. Алардын, маселен, согуш учурун көрсөткөн “Arma” деген оюну ушунчалык реалдуу көрүнгөндүктөн азыр аны өкмөт аскерлерди машыктырыш үчүн да колдонот.

“Бул оюндар азыр АКШда, Австралияда, Британияда, иши кылып, көптөгөн НАТО өлкөлөрүндө колдонулат. Анткени аскерлерди машыктырууда анын натыйжалуулугун таанышты”, - дейт ал.

“Кызыл чырым” комитетинин видео компанияларга кайрылуусун ошол ишканалардын көпчүлүгү кызыгуу менен эле кабыл алышкан өңдүү. Прагадагы жогоруда аты аталган компаниянын көркөм директору Иван Бухта: “Алгач бизге “Кызыл чырымдан” кайрылышканда менин биринчи эле реакциям сүйүнгөм, - дейт. - Биз оюндарга жаңы нерсени кошот экенбиз деп кубангам”.

Азырынча эл аралык гуманитардык уюмдун сунушу канчалык колдоо алаары белгисиз. Бирок виртуалдуу дүйнөдө согуш оюндарын ойноп жаткандар азырынча анын зарылдыгынан шек санап жатышкандай.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG