Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:22

Кытай, Орусия ветого таянып, Батыштын жолун бууду


Хомс шаарында бийликке каршы демонстрация, 4-октябр, 2011-жыл
Хомс шаарында бийликке каршы демонстрация, 4-октябр, 2011-жыл

Кытай жана Орусия Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Сирияны айыптоочу резолюциясына каршы чыгып, өткөрбөй коюшту.

Европа өлкөлөрү киргизген резолюция эгер Сириянын коопсуздук күчтөрү тынч өкмөткө каршы демонстрациянын катышуучуларына каршы күч колдонууну токтотпосо, өлкө жетекчилигине санкция колдонууну сунуш кылган.

Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү Орусия менен Кытайдын вето укугун колдонуусу Кошмо Штаттарды катуу нааразы кылды.

Долбоор үч жолу түзөтүлсө да, ветого кабылды

Өтпөй калган резолюция долбоорун Франция, Британия, Германия жана Португалия даярдаган эле.

Долбоорду өткөрүү үчүн ал үч ирет түзөтүлүп, эгер өкмөткө каршы демонстрациянын катышуучуларын куралдуу куугунтук токтотулбаса, президент Башар Ассадга каршы “максаттуу чара колдонуу” сунуш кылынган.
АКШ элчиси Сюзан Райс Коопсуздук кеңешинде резолюция колго салынгандан кийин сүйлөп жатат. Нью-Йорк, 4-октябрь, 2011-жыл
Шаршемби күнкү колго салууда береги резолюцияны Коопсуздук кеңешинин тогуз мүчөсү жактады. Ливан, Түштүк Африка, Бразилия жана Индия калыс болду. Вето укугуна ээ Кытай жана Орусия каршы чыкты.

АКШ элчиси Сюзан Райс добуш берүүнүн жыйынтыгына Вашингтон нааразы экенин билдирди:

- Кеңештин бул зарурат моралдык ишти жана региондогу тынчтык менен стабилдүүлүккө коркунучу өсүп бараткан маанилүү маселени өткөрбөй койгону Кошмо Штаттарды кыжалатка салды. Кеңештин бир нече мүчөсү Ассаддын зулумдугунан бейкүнөө жарандардын өмүрүн коргоочу текстти жумшартуу жана жеңилдетүүгө жумалап аракет жасашты.

Коопсуздук кеңешинде резолюция колго салынгандан кийин жарыш сөзгө Сириянын элчиси Башар Жафари чыкканда, Сюзан Райс менен Британиянын БУУдагы элчиси Марк Лайалл Грант нааразылык көрсөтүп залдан чыгып кетишти.

Улуттар Уюмунун эсебинче, ушул жылдын март айында Башар Ассаддын башкаруусуна каршы эл козголгондон бери Сирияда 2700дөн ашуун адамдын каны төгүлдү.

Ассадын өкмөтү баш аламандыктарды куралдуу топтор уюштурууда, оппозиция менен сүйлөшүү жүргүзүлүүдө жана чоң масштабдагы реформага даярдык көрүлүүдө деп актанууда.
Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чукин (солдо) жана Кытайдын БУУдагы элчиси Ли Баодун (оңдо) Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны алдында. Нью-Йорк, 9-июнь, 2010

Орусия элчиси Виталий Чуркиндин айтуусунда, Сириянын жетекчилигин санкция киргизилет деп коркутууга Москва макул эмес.

- Бүгүн кабыл алынбай калган долбоор өтө бөлөкчө конфронтация философиясына негизделген болчу. Биз анын Дамаскини бир тараптуу айыптоого басым жасаганына макул боло албадык. Сирия өкмөтүн санкция колдонулат деп кесе айтып коркутууга ынанып болбойт. Мындай мамиле кризисти жалпы улуттук диалог аркылуу тынч чечүүгө каршы келет.

Кытайдын БУУдагы элчиси Ли Баодун билдиргенине караганда, Бээжин “Сириянын ички ишине кийлгишүү” идеясына каршы болгон. Санкция менен коркутуу, Ли мырзанын айтымында, “кырдаалды татаалдантып жибериши ыктымал”.

Москва менен Бээжиндин ырасташынча, НАТО ливиялык жарандарды коргоодо аскер колдонууга уруксат берген Коопсуздук кеңешинин чечимин Муаммар Каддафини бийликтен кулатуу үчүн пайдаланып, натуура кылган. Ошон үчүн алар сунуш кылынган резолюция кабыл алынса, Ливиядагыдай кырдаалга жол ачышы мүмкүн деп боолгошот.

Ал эми АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Сюзан Райс Орусия менен Кытай Сирияга курал сатуу үчүн “арзан көз бойомочулукка барып жатат” деди:
Кеңештин бул зарурат моралдык ишти жана региондогу тынчтык менен стабилдүүлүккө коркунучу өсүп бараткан маанилүү маселени өткөрбөй койгону Кошмо Штаттарды кыжалатка салды.

- Кээ бирөөлөр Коопсуздук кеңешинин Сириядагы болуп жаткан окуяларга катаал мамиле жасоосу аскерий кийлигишүүгө жол ачат дешет. Келгиле тактап алалы: сөз аскерий интервенция, Ливия варианты жөнүндө жүрүп жаткан жок. Бул Сирия элин колдогондон көрө, Сириядагы режимге курал-жарак сатканды артык көргөндөрдүн баага татыбаган амалы болду.

Ал эми Франциянын элчиси Жерар Аро Кытай менен Орусиянын сунушталган резолюция добооруна вето колдонуусу, алардын “Сирияда согушуп жаткан элдин мыйзамдуу кызыкчылыктарын урматтабаганын көрсөтөт” деди:

- Ассад колго салуунун жыйынтыгын демонстранттарга каршы зобун-зордукту күчөтүү үчүн пайдаланбайт деген үмүттөбүз. Бул вето жол бүттү дегенди билдирбейт. Эгер күч колдонуулар дагы күчөгөнүн байкасак, биз маселени Коопсуздук кеңешине кайра койобуз. Биз аны жөн калтырбайбыз.

2008-жылдан бери Кытай жана Орусия биринчи жолу вето укугун чогуу колдонду. Үч жыл мурда алар БУУнун Коопсузудки кеңешинде Зимбабвеге каршы санкция колдонууну колдобой койгон.

Айрым серепчилердин айтымында, Кытай жана Орусиянын ветосу Евробиримдик менен АКШнын Сириядагы саясий кризисти эл аралык коомчулуктук күчү менен басуу аракетине урулган катуу сокку болду.

XS
SM
MD
LG