Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:15

Дүйнө лидерлери Каддафини бийликтен баш тартууга чакырды


Козголоңчулпар Триполиде. 22-август, 2011-жыл.
Козголоңчулпар Триполиде. 22-август, 2011-жыл.

Ливияда козголоңчулардын Улуттук өткөөл кеңешинин төрагасы Мустафа Абдул Жалил Муаммар Каддафинин 42 жылга созулган бийлиги бүткөндүгүн жарыялады. Жарым жылдан бери ага каршы күрөшүп келген козголоңчулардын ырастоосунда, алар азыр борбор Триполинин басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөшүүдө.

Козголоңчулардын күтүлгөндөн тез алга жылуусунун артынан Каддафини бийликтен баш тартууга дүйнө лидерлери да үндөшкөн.

Козголоңчулардын борбор Триполиге өткөн түнү кирип келишкен куралдуу күчтөрүн Каддафинин 42 жылга созулган бийлиги бүтүп бара жатканына үмүттөнгөндөр кубаттоо менен тосуп алды.

Козголоңчулар Триполиге шаардын батыш тарабынан кирип, алар “Азапкердин аянты” деп атаган борбордук “Жашыл аянтын” ээлегенге чейин дем алыш күндөрү борборду көздөй тез жылышкан эле. Шаарга жакындаганда аларга анчалык каршылык көргөзүлгөн эмес.

Ливиядагы окуялардын өнүгүшүн комментарийлеп, АКШ президенти Барак Обама күрөш “бурулуш учурга” жеткенин, өлкө “тирандын чеңгээлинен” чыгып бара жатканын белгиледи. Британ премьер-министри Дэвид Камерон болсо дүйшөмбүдө Каддафинин режими урап бара жатканына, ал урушту эч шартсыз токтотуусу керектигин айтып, төмөнкүлөрдү кошумчалады:


-Улуттар уюмунда, Коопсуздук кеңешинде биз Ливиянын жаңы бийлигине алар муктаж укуктук, саясий, дипломатиялык, каржылык колдоо көргөзүү үчүн баштапкы чараларды көрөбүз. Биз жакынкы аралыкта Ливия элине таандык, тоңдурулган активдерди бошото алабыз. Мен полковник Каддафини кылган кылмыштары үчүн сот алдынан көргүм келет. Ал өз элине каршы оор кылмыштарды жасаган. Бирок Ливия көз карандысыз мамлекет, Каддафиге кандай мамиле туура болорун аныктоо - Ливиянын жаңы бийлигинин маселеси.

Каддафи кайда экени азырынча белгисиз. Жекшембиде мамлекетик теледен берилген аудиокайрылуусунда ал аягына чейин турууну убада кылып, жактоочуларын Триполиге келип, шаарды “сактоого” үндөгөн.

Эл аралык Кылмыш сотунун билдиргенине караганда, Каддафинин баласы Саиф ал-Ислам камалганы ырасталды.

Атасы менен бирге Саиф ал-Исламга да Эл аралык Кылмыш соту тарабынан адамзатка каршы кылмыш жасаган деген айып тагылган.

Каддафинин дагы бир уулу Мохаммед Каддафи болсо козголоңчулар аны үй камагына алганын өзү “ал-Жазира” телеканалына ырастаган.

Италиядан тышкы иштер министри Франко Фраттини Каддафинин доору бүткөнүнө токтолуп, ал Эл аралык Кылмыш сотуна өзү багынып берүүсү керектигин айтса, Евробиримдиктин азыркы төрагасы – Польша Каддафинин бийлиги бүтүшүн кубаттаарын белгиледи.

Ал эми козголоңчуларга абадан колдоо көргөзүп келген НАТО Ливия эли менен иштешүүнү сунуш кылды.

Альянстын башкатчысы Андерс Фог Расмуссен козглоңчулар түзгөн – Улуттук өткөөл кеңешти бийликтин салмактуу өтүшүн, ошондой эле келечектин элдешүүгө жана адам укуктарын урматтоого негизделишин камсыздоого чакырды:


- Азыр жаңы Ливияны, коркууга эмес эркиндикке, диктатурага эмес, демократияга, саналуу кишинин каалоосуна эмес, көпчүлүктүн мүдөөсүнө негизделген өлкөнү кура турган учур. Бул өткөөл мезгил тынч жана азыр болушу керек. Ливия эли тарабынан аныкталып, анын жетекчилиги менен жүргүзүлүшү абзел.

Ливиянын Улуттук өткөөл кеңешинин Лондондогу өкүлчүлүгүнүн башчысы Махмуд Накуа Лондондон кабарчылар менен маектешкенде козголоңчулар азыр Триполинин жана өлкөнүн 95%ын көзөмөлдөп жатат деп ырастады. Бирок алдыдагы күндөрү каршылык көргөзгөндөрдүн очоктору чыгышы күтүлөт. Махмуд Накуа кошумчалагандай, Улуттук өткөөл кеңеш бийлик вакуумуна жол бербейт, демократияны жана адам укуктарын урматтайт:

- Эч кандай бийлик вакууму болбойт. Улуттук кеңеш Беңгазиден Триполиге көчөт. Ливия элине, баардык шаарларда жашаган адамдарга кызмат кылуучу жаңы өткөөл өкмөт дайындалат. Биз демократиялык мамлекет курууну чыдамсыздык менен күтөбүз. Бизде Конституция болот. Биз өлкөнүн ар бир бурчунда, ишмердиктин түрдүү чөйрөлөрүндө эркиндикке ээ болобуз.

Бул аралыкта бүгүн Триполиде шаардын кээ бир аймактарында, анын ичинде Каддафинин резиденциясы жайгашкан борбордук бөлүгүндө атышуулар жүрүп жатканы тууралуу маалыматтар түшүүдө.

Тасмада: Козголоңчулар Триполи алынышын майрамдоодо

Козголоңчулар Триполини алышын белгилөөдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:34 0:00
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG