Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

АКШ-Орусия: Украинанын тагдыры талкууда


Орусия жана коңшулары
Орусия жана коңшулары

29-мартта АКШнын Мамкатчысы Жон Керри жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун кезектеги сүйлөшүүсү болду. Эки министр Украинадагы кризисти жөндөөнүн жолун талкуулашты.

Керри Парижде болгон төрт сааттык сүйлөшүү ачык-айкын өткөнүн жана Лавров Украинадагы кризисти дипломаттык жол менен жөндөө туура болоруна макул экенин билдирди.

Жон Керри буга чейинки сүйлөшүүлөрдө Сергей Лавровду Украинадагы кризисти жөндөө боюнча Ак үйдүн сунушу менен тааныштырган. The Wall Street Journal Europe гезитинин америкалык расмий булакка шилтеп жазышынча, ал сунушта Украинанын экономикасын стабилдештирүү, региондордун саясий укугун чоңойтуу жана орусиячыл, ошондой эле улутчул куралдуу топторду жоюу каралган.

Керри 30-марттагы сүйлөшүүдөн кийин билдиргенге караганда, АКШ айтылган маселелерди украиндерди катыштырбай чечүү мүмкүн эмес деп эсептейт:

- Кошмо Штаттар Украина менен бул жараяндын ар бир кадамын масилеттешүүдө жана биз Украинанын мыйзамдуу өкмөтү катышпаган сүйлөшүүгө макул эмеспиз. Бул принцип айкын: Украина жөнүндө Украинасыз чечим жок.

Крымдагы Орусиянын аскердик кемеси
Крымдагы Орусиянын аскердик кемеси
АКШ Мамкатчысы сүйлөшүүдө Украинанын чыгыш чек арасына Орусиянын ашыкча көп аскер топтогону Вашингтонду “катуу тынчсыздандырып” жатканын Сергей Лавровго айтканын да билдирди:

- Украинадагы ар кандай реалдуу прогресс ушу тапта Украинанын чек арасында жайгашкан орусиялык чоң күчтөр алынып кеткенде гана болот. Бүгүн түнү тышкы иштер министри менен болгон кездешүүдө бул күчтөр бизди аябай тынчсыздандырганын айттым. Бул күчтөр Украинада коркуу жана чочулоо маанайын жаратат деп эсептейбиз.

Керринин айтымында, ал Лавровго Крымды кошуп алуу мыйзамсыз болгонун кайра эскерткен.

СNN телеканалынын АКШлык расмий адамдарга таянып маалымдашынча, Орусия Украина менен чек арага кеминде 40 миң аскер жайгаштырган. Украин тарап болсо өлкөнүн чыгыш чек арасында Орусиянын 88 миң аскери турганын айтууда. Москва аскерлер машыгууга катышууда, аларды Украинага киргизүү планы жок деп өткөн жуманын башында билдирген.

Крымдын Конституциясы.
Крымдын Конституциясы.
Париждеги сүйлөшүүдөн кийин Сергей Лавров кабарчылар менен өзүнчө кездешти. Анын айтымында, Украина унитардык мамлекет катары жашап кете албайт. Ошондуктан, федералдык түзүлүшкө өтүп, региондордун бийлик укугун кеңейтүү керек. Бул региондорго экономикалык өнүгүү моделин, колдонуучу тилди жана динди тандап алганга мүмкүндүк берет экен. Бул иштерде эки жак Украин өкмөтү менен чогуу иштешели деп макулдашканын билдирди:

- Биз Украина өкмөтү жана украин эли менен улуттук азчылыктар менен тилдердин укуктары, куралчан топторду жана бузукуларды куралсыздандыруу, конституциялык реформаны жүзөгө ашыруу жана объективдүү эл аралык көзөмөл астында эркин, калыс шайлоо өткөрүү сыяктуу маанилүү милдеттенмелерди жүзөгө ашыруу үчүн кеңири мазмунда иштешели деп макулдаштык.

Керри менен Лавровдун жолугушуусу НАТОнун тышкы иштер министрлеринин 1-2-апрелде Брюсселде болчу саммити алдында өттү. Бул саммитте Украинадагы кырдаал жана Орусиянын соңку кадамдары талкууланат деп жоромолдонууда.

НАТОнун Европадагы Бирдиктүү күчтөрүнүн командачысы, америкалык генерал Филип Бридлавдын сөзүнө караганда, жыйында Түндүк Атлантика альянсы тарабынан Чыгыш Европадагы союздаштарынын коопсуздугуна кошумча кепилдик берүү жагы да талкууланат.

Ишемби күнү Крым татарларынын лидерлери өз автономиясын түзүү ниетин билдирди. Бул маселе Брюсселде каралабы же жоку белгисиз.

XS
SM
MD
LG