Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:41

Тандоо укугу Батыштан колдоо тапты


Поп аялдардын коргоо кошуунун түзгөн активисттерди алкоодо. Киевдин Төбөлсүздүк майданындагы чатырлардын биринин ичи. 10-февраль 2014.
Поп аялдардын коргоо кошуунун түзгөн активисттерди алкоодо. Киевдин Төбөлсүздүк майданындагы чатырлардын биринин ичи. 10-февраль 2014.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы 10-февралда көпчүлүк добуш менен Украина элинин демократияга жана Европа Биримдигине умтулуу дымагын колдоду.

Ушул эле күнү Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Украинада жаңы өкмөттү түзүүгө жана Конституцияны реформалоого чакырды.

Өкүлдөр палатасы 10-февралда бекиткен резолюция “Украина элинин демократиялык жана европалык дымагын колдоо жана анын өз болочогун опузаланып-коркутулбай эркин тандап алуусу жөнүндө” деп аталат. Нью-Йорктук демократ Эллиот Энгел сунуш кылган мыйзам долбоорун 381 конгрессмен колдоп, эки добуш каршы берилди.

Конгресстин Өкүлдөр палатасы кабыл алган бул резолюция украин жетекчилигин Киевде жана башка шаарларда демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылышып, нааразылык акцияларын өткөрүп жаткан букаралардын укуктарын урматтоого чакырат. Ошондой эле резолюцияда Вашингтон пикетчилерге күч колдонууга тиешелүү чиновниктерге каршы санкция киргизүүнүн жолун карап көрүш керек экени айтылат.

Ырчы Руслана митингчилерге ырдап берүүдө.
Ырчы Руслана митингчилерге ырдап берүүдө.
Украин президенти Виктор Янукович ноябрда Евробиримдик менен Ассоциациялык мүчөлүк жөнүндөгү келишимге кол койбосун жарыя кылып, Орусияга ык алгандан баштап, Киевде антиөкмөттүк митинг-пикеттер тынбай жүрүүдө.

Дүйшөмбү күнү Брюсселде өткөн жыйында Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери да Украинага байланыштуу кайрылуу жасады. Кайрылуу Украинада жаңы өкмөттү түзүүгө жана Конституцияны реформалоого чакырат. Саясий реформа өлкөдө эркин жана калыс президенттик шайлоо өткөргөнгө шарт түзүшү абзел.

Министрлердин билдирүүсүндө, ошондой эле, Евробиримдик Украина менен Ассоциациялык келишимге кол коюуга кызыкдар экени тастыкталып, бирок келишим “Евробиримдик-Украина арасындагы мамиленин түпкү максаты эмес экени” эскертилет. Анткен менен, Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон “Украинага Биримдикке кирүү келечекте сунуш кылынабы?” деген суроону жоопсуз калтырды. “Менимче, кайда болбосун келечекке ишенген ар бир адам Украина менен мамиледе бул жасалыш керек экенин танбайт. Бул сөздөр алардын айтканы. Бул ушуну менен бүтпөйт, болочокто дагы көп нерселер болушу мүмкүн”, - деди Эштон айым кабарчылардын суроосуна.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Брюсселдеги жыйынында эгер Украина өкмөтү саясий-экономикалык реформаны ыкчамдатса, 27 мүчөлүү уюм Украинага финансылык жардам бергенге даяр экенин да жарыя кылышты. Алар евромайданчыларга каршы күч колдонууга жооптуу расмий адамдарга визалык чектөө киргизүү жана банктардагы эсептерин камакка алуу сунушун колдошкон жок.

Еврокеңештин Адам укуктары боюнча комиссары Нилс Муйжниекс болсо Украинадагы антиөкмөттүк протесчилерге чектен ашыкча күч колдонууга тиешеси бар бийлик адамдарын жоопко тартууга чакырды. Ал 10-февралда жасаган билдирүүсүндө протестчилерди тартипке салуу үчүн аларды башка-көзгө токмоктоонун, тишин уруп сындыруунун, желим октор менен аткылоонун кереги жок экени»баса көрсөтүлөт. Билдирүүдө Евромайдандын активисттерин уурдоолорго жана демонстранттарга каршы жөнөкөй жарандарды тукурууга болгон тынчсыздануусу да айтылат.

XS
SM
MD
LG