Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:20

Кремл Обаманын сөзүнө кандай тон кийгизди?


Былтыр толкундоолордон кийин бийликтен кеткен Украинанын президенти Виктор Янукович. Бийликтен четтегенден кийин Ростов-на-Донуда берген маалымат жыйынында. 11-март, 2014-жыл
Былтыр толкундоолордон кийин бийликтен кеткен Украинанын президенти Виктор Янукович. Бийликтен четтегенден кийин Ростов-на-Донуда берген маалымат жыйынында. 11-март, 2014-жыл

Кремл президент Барак Обаманын былтыр жыл башындагы Украинадагы кризисти чечүү боюнча эл аралык арачылык менен жетишилген келишим тууралуу сөзүн ал кездеги украин президенти Януковичке каршы Вашингтон катышкан “төңкөрүш” деп чечмеледи.

Барак Обаманын бийликти өткөрүүдө АКШ арачы болгон деген сөзү “төңкөрүшкө” Вашингтон катышканын тастыктайт деп билдирди Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Президент Барак Обама 1-февралда CNN телеканалынан көрсөтүлгөн интервьюда Украинадагы кырдаал жөнүндөгү пикирин ортого салды. "Киевдин ортолугундагы күнү-түнү уланган митингдер жана мурдагы президент Януковичтин качканы Путин үчүн күтүүсүз болгон. Ошон үчүн Орусия Крымды аннексиялап, Украинадагы кырдаалга кийлигишти деп ойлойм" деди АКШ президенти телеинтервьюда, саясий серепчи Фарид Закарианын суроосуна жооп берип жатып:

- Путин мырза Крым жана Украина боюнча чечимди анда кандайдыр чоң стратегиясы болгону үчүн эмес, Майдандагы протесттер ал үчүн күтүүсүз болгондуктан, ошондой эле Украинадагы бийликти өткөрүүдө биз арачы болгондон кийин Янукович качып кеткени үчүн кабыл алды...

Барак Обама
Барак Обама

Ошондон тарта Путиндин импровизациясы эл аралык мыйзамдарды, Украинанын бүтүндүгүн жана эгемендигин орой бузуу менен коштолуп, Орусиянын дипломатиялык жактан камоого алынуусуна алып барды деп кошумчалаган болчу Обама.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 2-февралда Бээжиндеги маалымат жыйынында сүйлөп, президент Обаманын жогорудагы сөзү Януковичти бийликтен кулатууга башынан эле АКШ аралашканын ырастайт деди:

- Эгер кимдир бирөөгө АКШнын башынан эле антиөкмөттүк, антимамлекеттик төңкөрүшкө түздөн-түз аралашканы тууралуу далил керек болсо, ал айтылды. Муну президент Обама бейтарап түрдө “бийликти өткөрүү” деп атады.

Сергей Лавров
Сергей Лавров

Лавров, бирок Барак Обаманын сөзү анын алдагы тейдеги бүтүмүн кандайча тастыктаганын кеңири чечмелеген жок.

Темага Кремлдин жетегиндеги медиа булактар да үн кошту. "РИА-Новости" агенттиги жаңылыгын “Обама Кошмо Штаттар Украинадагы бийлик алмашууга көмөктөшкөнүн жарыя кылды” деп атаса, англис тилдүү “Спутник” агенттиги “Обама 2014-жылкы Украинадагы төңкөрүштөгү АКШнын ролун мойнуна алды” деп жазды.

Дегеле Орусия Батышты Януковичти бийликтен коңторууну каржылады деп үзбөй айыптап келет. АКШ, Евробиримдик, НАТО жана украин өкмөтү да Москваны орусиячыл жикчилдерди аскер жана каруу жарактан колдогонун айтып, сындап жүрөт.

Майдандагы демонастранттар. Киев, 8-декабрь, 2013-жыл
Майдандагы демонастранттар. Киев, 8-декабрь, 2013-жыл

Ак үйдүн мартабалуу кызматкери “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна түшүндүргөнгө караганда, Барак Обама CNN телеканалына берген интервьюда “төңкөрүш” эмес, Украинадагы саясий кризисти жөндөө үчүн бийликти 2014-жылы 21-февралда жетишилген келишимге ылайык, кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүү аркылуу алмаштыруу жөнүндө айткан. Мындай келишимди Янукович жана украин оппозициясынын өкүлдөрү Германия, Франция, Польшанын тышкы иштер министрлеринин арачылыгы астында түзүшкөн. Андан беш күндөн кийин Янукович Киевди таштап качкан.

Кошмо Штаттар расмий колдогон береги келишим боюнча Украинада улуттук биримдик өкмөтү түзүлүп, 2014-жылы декабрда президенттик шайлоо өткөрүлмөк жана мурдагы Конституция калыбына келтирилип, президенттин бийлик укугу чектелүүгө тийиш эле. Келишим ошентип Украина элинин демократия куруу, Евробиримдикке интеграциялануу жана экономиканын ырааттуу өсүүсүнө жетишүү мүдөөсүн чагылдырган. Андай мүдөөнү, Ак үйдүн мартабасы бийик кызматкери айткандай, АКШдан башка да Орусия жана Европа өкмөттөрүнүн өкүлдөрү жактырышкан.

XS
SM
MD
LG