Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Кремлдин саясаты өнөр адамдарын жер каратты


Опера ырчысы Анна Нетребко менен дирижер Валерий Гергиев.
Опера ырчысы Анна Нетребко менен дирижер Валерий Гергиев.

Чайковскийдин операсы коюлган Нью-Йорктогу сахнага Путиндин украин саясатына нааразы болгон киши кирип келип, майрамдык маанайга көлөкө түшүрдү. Окуя орусиялык атактуу дирижер, маркум Болот Миңжылкиевдин кесиптеши жана жакын досу Валерий Гергиевдин концертинде орун алды.

Нью-Йорктогу атактуу Метрополитен Опера театрында Чайковскийдин "Иолантасы" жаңы эле ырдалып бүтүп, сахнага артисттер коштошкону чыгышты.

Адатта мындай көз ирмемде көрүүчүлөр узакка кол чаап, ырчыларды сахнага улам чакырып, ызаат көрсөтүшөт. Бул ирет, 29-январда концерттен кийин элге жүгүнүп жаткан шайырлардын алдында күтүлбөгөн жерден кара костюмчан киши чыга келди.

Ал убакытты созбостон колундагы туурасы жарым, узундугу эки метр кагаз жарнаманы адегенде көрүүчүлөргө, андан кийин шайырларга каратып бир аз тургандан кийин сахнадан чыгып кетти.

Көрүүчүлөрдүн бир даары уу-дуу этип нааразы болсо, башкалары күтүлбөгөн конокту коштоп кол чабышты.

Этегинде украин байрагы тартылган жарнамада сахнада турган башкы ырчы, орусиялык атактуу опера периси Анна Нетребко, дирижер Валерий Гергиев жана Гитлердин муруту тагылган орус президентинин сүрөтү тартылып, ортосунда «Булар Путиндин Украинага каршы согушунун активдүү колдоочулары» деген жазуу бар экен.

Дирижер Валерий Гергиев убагында Санкт-Петербургдагы Мариинский театрында кыргыздын көрүнүктүү ырчысы, маркум Болот Миңжылкиевдин кесиптеши болгондугу маалым.

Метрополитендин сахнасын бир саамга дүрбөткөн киши теги орусиялык, биостатистика илимдеринин доктору Роман Торговицкий болуп чыкты. Аны полиция кармап кетип, 24 сааттан кийин кое берген. Ага коюлган «иш-чарага кийлигишүү» айыбы шарттуу түрдө күчүн жоготту.

Дирижер Гергиевге былтыр орус президенти Путин Орусиянын Эмгек баатыры төш белгисин таккан. 1-май, 2014-жыл.
Дирижер Гергиевге былтыр орус президенти Путин Орусиянын Эмгек баатыры төш белгисин таккан. 1-май, 2014-жыл.

38 жаштагы Торговицкий Анна Нетребкону жана Валерий Гергиевди эки жүздүүлөр деп эсептейт. Экөө тең Путиндин Украина жана Крым боюнча саясатын колдогон катка кол коюшканы маалым. Анна Нетребко Украинанын чыгышындагы жикчилдер көзөмөлдөп турган Донецк облусунун Опера жана балет театры үчүн деп жикчил Олег Царевго бир миллион рубль берген.

"Азаттык" менен маегинде Торговицкий орусиялык шайырларды эмне үчүн бутага алгандыгын мындайча түшүндүрдү:

- Кайсы бир деңгээлде опера - бул адамдын ички сезимдерин, боорукерликти даңазалайт. Сахнада ушуну ырдап, бирок өз жашоосунда адамдын сезимдерине жана анын тарткан азабына көңүл бурбоо эки жүздүүлүк.

Ал Гергиев менен Нетребконун ишмердүүлүгүнө карата Орусия Крымга басып киргендегидей мыйзамды көзгө илбөөчүлүктү колдонгонун кошумчалады:

Опера ырчысы Анна Нетребкого каршы Нью-Йоркто өткөн акция.
Опера ырчысы Анна Нетребкого каршы Нью-Йоркто өткөн акция.

- Алар өздөрү Орусиянын билгенин кылган, эл аралык мыйзамды сыйлабаган саясатын кош колдоп колдошот. Ошондуктан алардын концертинде мен да тартипти көзгө илбей, эмне дешээр экен дедим.

Торговицкий буга чейин да Путиндин колдоочусуна каш кайрыган жери бар. Өткөн май айында Бостон шаарынын бул тургуну Гарвард университетинин Сандерс театрынын сахнасына кирип барып, Путинди колдогон катка кол койгон дагы бир таанымал орус скрипкачы Владимир Спиваковдун концертин үзгүлтүккө учурата жаздаган эле.

Ал Спиваковго жакын келип, сүйлөп жатканда, полициячы сахнадан көтөрүп чыгып кеткен. Кийин ага коюлган тентектик кинеси күчүн жоготкон, бирок Гарвард окумуштууга университеттин аймагына кирүүгө тыюу салган.

Торговицкий сентябрь айында да орусиялык "Пусси-Райот" панк-рок тобунун Гарварддын Саясат университетиндеги чогулушунда көп сүйлөп туруп алган. Кийин аны полиция кармап кеткен. "Пусси-Райоттун" кыздары болушуп жатып, эртеси камактан чыгарылган болчу.

Кошмо Штаттарына Москвадан 17 жашында келген Торговицкий украиначыл иш-чараларга кокусунан аралашып калган. 2013-жылы Киевде нааразылык акциялары башталганда, Санкт-Петербургда жүргөн Торговицкий Украинага барып, кары-жашы дебей өзгөрүү үчүн ак эткенден так эткендерди көрүп, таң берет. АКШга кайтканда «Украинанын жарадар жоокери» деген уюм түзөт. Ал уюмдун максаты - украиндерди согушка байланышкан психологиялык травма менен күрөшүүгө машыктыруу.

Торговицкий "Дагы «сахна жылдызы» болгуң келеби?" деген тамаша-чыны аралаш суроого терс жооп берди. Көрсө, нааразылык билдирүүнүн бул түрүн даярдоого көп убакыт кеткени аз келгенсип, анын айынан америкалык түрмөгө отурган анча жакпай калган экен. Бирок ал зарылчылык болсо, балким дагы сахнага чыгып калышы ажеп эмес экенин жашырган жок.

XS
SM
MD
LG