Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:42

Тынчтык үчүн "тыңчылыкка" айыпталды


Светлана Давыдова үй-бүлөсү менен.
Светлана Давыдова үй-бүлөсү менен.

Орусияда “мамлекетке чыккынчылык кылды” деген айып менен камалган Светлана Давыдованы боштондукка чыгаруу үчүн кол топтоо жүрүп жатат. Жети баланын энеси Давыдованы Федералдык коопсуздук кызматы 21-январда камакка алган.

Смоленск облусундагы Вязма шаарында жашаган Светлана Давыдова Украинанын Москвадагы элчилигине телефон чалып, орус аскерлери Донецкке жөнөтүлгөнү тууралуу кабар берген деп шектелүүдө.

36 жаштагы аялга каршы “мамлекетке чыккынчылык кылды” деген айып тагылууда. Анын күйөөсү Анатолий Горловдун айтымында, Светлана коомдук транспортто жергиликтүү аскер кызматкеринин телефон аркылуу сүйлөшүп жатканын угуп калган. Анда аскер адамы жакында Москвага командировкага барарын, андан ары жөнөкөй жаран катары башка өлкөгө жөнөтүлөрүн маектешине айтып берген. Давыдова мындан кийин үйүнүн жанындагы аскер бөлүгү бош калганын көргөн. Жети баланын энеси жоокерлер жикчилдерге көмөктөшүү үчүн жөнөтүлдү деп шектенип, Москвадагы украин элчилигине телефон чалган:

- Ал Украина чыгышында азыраак адамдын өмүрү кыйылсын десе керек. Анын үстүнө "Орусия Украинага аскер жөнөткөн жок" деп айтылып жатпадыбы беле. Ошондуктан, анда кимдир бирөөгө “зыян келтирейин” деген ой болгон эмес жана кимдир бирөөнүн тапшырмасын аткарган эмес.

Светлана Давыдованы 21-январда эртең менен Федералдык коопсуздук кызматынын офицерлери кармап, Москвага алып кеткен. Аялдын эки айлык эмчектеги баласына дагы карашкан эмес. Учурда ал Лефортоводогу тергөө абагында кармалууда. Камалгандан бери жакындары менен жолуга элек. Давыдованын күйөөсү Анатолий Горлов эмне себептен окуядан он айга жакын убакыт өткөн соң жубайын кармашканын түшүнбөй айран-таң:

- Жубайымды эмнеге камаганын билбей жатам. Муну учурда териштирүү керек. Бирок бул система аягына чейин барып, башкаларды коркутуу үчүн аракеттенип жатабы деп чочулап турам.

30-январда Анатолий балдарын энесине жана балдызына таштап, жубайына адвокат жалдоо үчүн Москвага келген. Бирок Горлов үйдөн кетери менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү келип, "балдарды кароосуз калтырды" деп айыпташкан. Мындан улам ал үйүнө кайтууга аргасыз болду.

Светлана Давыдованы боштондукка чыгаруу талабы менен интернетте кол топтоо жүрүп жатат. Орусиянын “Новая Газета” гезитинин сайтындагы президент Путинге жолдонгон кайрылууга 30 миңге жакын адам кол койду. Активисттер Давыдованын окуясын өткөн кылымдын 30-жылдарындагы сталиндик бийликтин репрессиясына окшоштурууда.

Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков интернетте кол топтогон активисттердин кайрылуусу карала тургандыгын "Коммерсант" басылмасына билдирди.

Дүйшөмбүдө питердик белгилүү адвокат Иван Павлов Давыдованын укугун коргой турганы белгилүү болду. Ал камактагы Светлана менен жолугуп чыгып, “Дождь” телеканалына аялдын абалы тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

- Светлананын абалы жакшы. Ал өзүн колдоп жаткандарга ыраазычылык билдирип, салам айтты. Аны менен бүгүн биринчи жолу жолуктум. Буга чейин эле ал тергөө тарабынан сунуш кылынган адвокатынан баш тартуу тууралуу арыз жазыптыр. Мурдагы адвокатка бир катар дооматтары бар экен. Анткени ал камакка алуу чечими боюнча доо арыз жолдойм деп убада берип, бирок кандайдыр бир себептерден улам аны жасабаптыр. Светлана ошондой эле мурда берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартты.

Буга чейин орус маалымат булактары Светлана Давыдова бардык күнөөнү моюнуна алганын жазып чыгышкан эле. Эгер ал күнөөлүү деп табылса, 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Cветлана Давыдованын иши (орус тилинде)
Светлана Давыдованын иши
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:01 0:00

Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдер ортосунда уруш былтыр жаздан тарта уланууда. Украина жана Батыш Орусияны жикчилдерге көмөктөшүп, курал-жарак жана аскер жөнөтүп жатат деп айыптап келет. Бирок Кремл муну четке кагууда. Куралдуу уруштарда беш миңден ашуун киши набыт болгону расмий айтылды.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG