Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:25

Чыгыш Украинага гумжардам жете элек


Украина менен Орусиянын чек арасында турган гуманитардык жүктү тарткан кербен. 14-август.
Украина менен Орусиянын чек арасында турган гуманитардык жүктү тарткан кербен. 14-август.

Берлинде украин кризисин жөндөө боюнча Украина, Орусия, Германия жана Франциянын тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүсү аяктады.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва жөнөткөн гуманитардык жардамды Чыгыш Украинага өткөрүү боюнча мунаса жетилгенин билдирди. Германиянын тышкы иштер министри Франк Вальтер Штайнмайердин айтымында, сүйлөшүү “татаал” болду, бирок ал тараптар “айрым прогресске” жетишти деген ишенимде. Расмий Киевдин билдиришинче, 18-августта Чыгыш Украинадагы жикчилдер качкындар түшкөн автобусту аткылап, көптөгөн адамдар набыт болду.

Төрт айдан бери уруш жүрүп жаткан Луганск жана Донецктин калкына Орусия жөнөткөн гуманитардык жардам Украинанын чек арасынан өтө элек. НАТО жана расмий Киев Москва гуманитардык жардамга шылтап, Украинага аскер киргизгенге аракет кылат деп кооптонот.

18-августка караган түнү Берлинде өткөн сүйлөшүү учурунда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун билдиришинче, гумжардамды Чыгыш Украинага өткөрүүгө жол ачылат. Муну Лавров оң жылыш деп, бирок ок атышууларды токтотуу жана орусиячыл жикчилдер менен саясий сүйлөшүүлөрдү баштоо боюнча маселе ордунан козголбой турганын айтты:

- Биз айрым бир прогресске жетиштик. Бирок элдешүү жана саясий жараян боюнча кандайдыр бир натыйжа бар деп айта албайм.

Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер беш сааттык сүйлөшүү өтө оор болгону менен, айрым жылыштар бар деп ишенем деди кабарчыларга Берлиндеги кездешүүдөн соң:

- Сүйлөшүү татаал болду, бирок биз кээ бир пункттар боюнча прогресске жетиштик деген үмүттөмүн. Биз өз байтактарыбызга барып, өкмөт башчыларга маалымат берели деп макулдаштык. Шейшемби күнү сүйлөшүүнү качан улантарыбызды макулдашууга тийишпиз.

Штайнмайер төрт тараптуу сүйлөшүүнүн максаты - жикчилдерди куралын таштатып, өлүм-житимди токтотуу жана Орусия-Украина арасында чек ара көзөмөлүн жакшыртуу экенин баса белгиледи.

Киев бул тушта Орусияны жикчилдерге каруу-жарак жиберүүдө деп күнөөлөдү. Украинанын Коопсуздук жана коргоо кеңешинин басма сөз өкүлү Андрей Лысенко курамында үч “Град” системасы бар аскердик кербен Украинанын аймагына кирип, Луганск облусунун Нижний Нагольчик кыштагын карай баратканын маалымдады.

Чыгыш Украинада кандуу-булоон уланууда. Украин бийликтери 18-августта Луганск облусунда (Хрящеватое жана Новосветловка кыштактары ортосундагы жолдо) качкындар түшкөн автобусту жикчилдер “Град” системасынан жана минометтордон аткылаганын маалымдады. Андрей Лысенконун айтымында, чабуулдан көп адам, ошондой эле аялдар менен балдар да өлдү.

- Бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 9дан 40 мүнөт өткөндө террорчулар кандуу кылмыш жасашты. Алар Лугансктын жанында Хрящеватое жана Новосветловка кыштактары ортосундагы жолдо Орусия Федерациясы берген "Град" системасынан жана минометтордон аскердик аракеттер жүрүп жаткан аймактан качмак болгон жарандарды аткылашты. Көп адамдар өлдү, арасында аялдар жана балдар да бар. Набыт болгондордун саны такталууда.

Жикчилдердин "Донецк элдик республикасынын" жетекчилеринин бири Андрей Пургин көтөрүлүшчүлөрдө “Град” куралы жок экенин билдирди.

16-августта жикчилдер жарыялаган "Донецк элдик республикасынын" лидери Александр Захарченко козголоңчуларга Орусиядан 150дөй аскердик машине жана машыгуудан өткөн 1200 согушчан кошуларын билдирген. Бул кабарды Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков калпка чыгарган.

XS
SM
MD
LG