Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Украин күчтөрү Луганскта полиция бекетин ээлешти


Украин армиясы орусиячыл сепаратисттер менен атышууда. Луганск.
Украин армиясы орусиячыл сепаратисттер менен атышууда. Луганск.

Украинада өкмөттүк күчтөр Луганск шаарындагы полиция бекетин ээлешти. Азыр украин күчтөрүнүн курчоосунда турган бул шаар быйыл апрель айынан тарта орусиячыл жикчилдердин көзөмөлүндө болчу.

Украин бийликтери Орусияны өлкөгө акыркы 24 саат ичинде аскерий курал-жаракты, ракета атуучу жабдууларды жаңыдан жөнөткөнү үчүн айыптады.

Украинанын өкмөттүк күчтөрү болсо Орусия менен чектеш Луганск шаарынан полиция бекеттеринин бирин ээлешти.

Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин расмий өкүлү Андрей Лысенко мындай дейт:

- Кечээ Лугансктын Велика Верхунка районундагы айыгышкан уруштардан кийин антитеррордук күчтөр Жовнетвий районунун полиция бекетине көзөмөл орнотушуп, ал жерге Украинанын желегин илишти. Донецк облусундагы Ждановка шаарчасы да ушундай эле жол менен бошотулуп, биздин көзөмөлгө өтүп, украин желеги көтөрүлдү.

Кремл болсо украин тараптын Орусия Украинадагы жикчилдерге курал-жарактын жаңы партиясын жөнөттү деген ырастоолорду четке какты.

Мунун алдында өзүн "Донецк элдик республикасынын премьер-министри" жарыялаган Александр Захарченко алар Орусиядан машыгуудан өткөн 1200дөй согушкерди, брондуу техникаларды, анын ичинде танкттарды алышканын жашырган эмес:

- Соңку кездери төмөнкү корду жыйнай алдык. Аскерий техникадан 150 даананы. Анын ичинде 30 танк, калганы брондуу техника. Өздүк курамыбыздан 1200 адам акыркы төрт айдан бери Орусия федерациясында машыгуудан өттү. Алар бизге керектүү учурда жетип келишти.

Украин бийликтеринин айтымында, кечээ согушкерлер Луганск облусунун аба мейкиндигинин үстүнөн украиндердин бир аскерий учагын атып түшүргөн. Бирок учкучту украин аскерлери аман-эсен куткарууга жетишти.

Бул аралыкта Орусия гуманитардык жүк алып келди деген унаалардын басымдуу бөлүгү али Украинага кире албай турат. Эки өлкөнүн чек ара жана бажы кызматтары ал гуманитардык кербендеги унаалардын алгачкы тобун чогуу инспекциялоону гана макулдашты. Чек арада жүргөн орусиялык журналисттердин бири Наталья Телегина мындай деди:

- 280 унаанын ичинен 16 машина, техникалык камсыздоо тобунан дагы эки унаа, Донецктеги чек ара бекетинен украин тарапка өткөн алгачкы топту түздү. Бул 8 унаа чек аранын украин тарабында, Донецктин коомдук транспорттук компаниясына караштуу жайда турат. Менимче, текшерүү жараяны көпкө созулчудай.

Орус тарап Украинанын түштүк-чыгышы үчүн гуманитардык жардам алып келдик дегени менен украин бийликтери жүктүн арасында жикчилдер үчүн курал-жарак да барбы деп шек санашууда.

Гумжардамды украин тарапка өткөрүүдө Кызыл Чырым эл аралык комитети ортомчу болору айтылган.

Кызыл чырым жүк алардын эгидасы астында кириш үчүн Чыгыш Украинада каршылашкан тараптардан коопсуздук кепилдиги талап кылынарын, бирок аны ала албай жатканын айтууда.

Донецктеги атышуу (17.08.2014)
Донецктеги атышуу
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:27 0:00

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG