Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:23

Сырдуу гумжардам шектенүүнү күчөттү


Орусия Украинага гумжардам жиберди
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:58 0:00

Орусия Украинага гумжардам жиберди.

Москванын “гуманитардык жүгүн” жүктөгөн 300дөй оор машине Украинаны көздөй жолго чыккандан кийин Орусиянын, Батыштын жана Украинанын кайчы билдирүүлөрү удаалаш тарады.

Украинанын чыгышын көздөй сапар алган жүк жүктөгөн машинелерге байланыштуу түкшүмөлдөр болсо арбыды.

11-августта Москва Украинага “гуманитардык жардам” жиберүүгө ниеттенип турганын билдиргенден кийин Киев, Брюссел, Вашингтон ортосунда телефон сүйлөшүүлөр жанданган. Орустардын жүк жүктөгөн 280 машинесин куралдуу кароол коштоп жолго чыккандан кийин жардамды берчү жана алчу тараптар, Батыш лидерлери менен Эл аралык Кызыл чырым комитети биринен сала бири билдирүүлөрдү таратты.

Макулдашуунун “сыры”

Президент Владимир Путиндин расмий интернет сайтында гуманитардык жардам жеткирүү боюнча Кызыл Чырым комитети менен макулдашылгандыгы айтылса, тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина жардамды алууга “макул болгондугун” айткан.

АКШнын президенти Барак Обама менен телефондон сүйлөшкөн Украинанын президенти Петро Порошенконун интернет сайтына Киев эл аралык гуманитардык миссияга макулдук берген эмес деп чыкты.

Украин президентинин демилгесинен кийин башталып, Европа Биримдиги, Германия жана Орусия аралашкан гуманитардык миссияны Кызыл Чырым жетектөөгө тийиш эле.

Эл аралык уюм болсо “бардык тараптар Кызым Чырым комитетинин эч жакка тартпай, калыс жана көз карандысыз принциптердин негизинде гуманитардык жардамды өз дарегине жеткирүүсүнө макулдашкан” деп билдирди. Ошондой эле орусиялык гуманитардык көмөк Кызыл Чырымдын жетеги менен уюштурулушу керектиги баса белгиленет.

Орусиянын машинелери эки өлкөнүн чек арасына чукулдаган сайын жогорудагы сүйлөшүүлөр кагазда калып, иш жүзүндө координация жоктугу көрүнө баштады.

Кызыл Чырым комитетинин өкүлү “эмне жүктөлгөнүн билбейбиз. Жардамды жеткирүүдөн мурда эмне бараткандыгын тактоону күтүп жатабыз” деп гуманитардык жардам аларга тиешелүү эместигин “Азаттыкка” айтты. Эл аралык уюмдун маалымат катчысы Эван Ватсон “Кызыл чырымдын жүгү эмес, андыктан анда канча көлөмдө эмне бардыгы тууралуу маалыматыбыз жок”,- деп Москва машинелер жолго чыккыча эч кабар бербегенин кошумчалады.

Орусиянын кийлигишүүсүнөн чочулоо

300гө жакын машиненин сапары уланган сайын Орусия Украинага кийлигишүүсүн күчөтөт деген чочулоо жаралды. Учурда 20 миң орус аскерлери Украинанын чек арасында турса, Москва эми “гуманитардык жардамды” шылтоолоп Украинадагы масштабын дагы кеңейтет деген божомолдор айтыла баштады.

Буга чейин НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен “гуманитардык жардамга жамынып”, Москванын Украинадагы кырдаалга аскердик жактан кийлигишүү мүмкүнчүлүгү өтө жогору деп билдирген.

Европа Биримдиги баштаган Батыштын, ага удаа чыккан Вашингтондун билдирүүлөрүндө кандай гана гуманитардык жардам болбосун Кызыл чырым комитетинин жетегинде ишке ашырылат деп эскертилет.

Сырдуу ак машинелер

12-августта таң эртелеп Орусиянын маалымат каражаттарында “гуманитардык миссия” менен жолго чыккан машинелердин сүрөтү пайда болгондон кийин ар тараптан кооптонуулар күчөдү.

2 миң тонна тамак-аш, медициналык каражаттар, төшөнчү жана электр генераторлорду жүктөп, Москванын чекесинен сапарга чыккан 280 машине 13-августтун таңында Луганскка жетери кабарланган.

Орус медиасы машинелер Орусиянын Чукул кырдаалдар министрлигинен жүк жүктөп чыкты деп кабарласа, ал ортодо блоггерлер жашыл түстүү аскерий машинелерди ак сыр менен сырдай салышканын таап жазып ийишти.

10-августта интернеттеги YouTube порталына чыккан видеодо кудум ошондой машинелерди орус аскерлери курчап турганы, алардын айрымдары жашыл болсо, айрымдарынын ак сыры толук кургай электиги даана көрүнөт. Kyiv Post гезити машине сырдап жаткан аскерлер сүрөттөрүн интернетке коюп, ал тургай эмне иш кылып жатышканын баяндап бергенин жазып чыкты.

Гумжардам кимге тиет?

Автокербендеги жүктүн ээлери гуманитардык жардам апрель айынан бери орусиячыл сепаратисттердин көзөмөлүндө турган Луганск облусуна багышталганын билдирет. Куралдуу сепаратисттер менен украин армиясынын кармашы башталгандан бери Украинанын түштүк-чыгыш тарабы, андагы эң чоң шаар Луганскта кадимки жашоо токтогон. Кызыл Чырым комитети миңдеген тургундар суусу, жарыгы жок күн өткөрүп, ооруса догдурга бара албай калганын билдирет.

Москванын сепаратисттерди курал-жарак менен камсыздап, колдоо көрсөткөнү айдан ачык болуп калгандан кийин расмий Киев орустардын гуманитардык жардамы жакшы ниет менен баратса дагы чек арадан өткөрө коёру күмөн.

Президент Порошенконун администрация башчысы Валерий Чалый маалымат каражаттарына Киев орустардын машинелерин Украинанын аймагына киргизбей турганын айтты.

Украинанын аскерий жетекчилигинин маалымат катчысы Лугансктагы калктын керектөөсүн тактап чыгуу үчүн Кызыл Чырым уюмуна бир апта зарылдыгын эскертти.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги болсо Киевдин сөзүн кулак сыртынан кетирип, гуманитардык жардам ташыган машинелер Украинанын аймагына “Кызыл Чырым комитетинин көмөгү менен Белгород - Харьков чек ара постунан өтөөрүн” билдирет.

Ага чейин Орусиянын Чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы машинелер Украинанын аймагына кирбейт деп айтып жиберген.

Гленн Кейтс
Эркин Европа/Азаттык радиосу

XS
SM
MD
LG