Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:20

Орусия Крымдагы аскерий аракетин күчөтүүдө


Украина -- Орусиячыл аскерлер Крымга кеткен жолдогу Чонгар бекетинде унааларды текшерүүдө. 9-март, 2014.
Украина -- Орусиячыл аскерлер Крымга кеткен жолдогу Чонгар бекетинде унааларды текшерүүдө. 9-март, 2014.

Орусиянын куралдуу күчтөрү ушу тапта Крым автоном республикасындагы он бир чек ара өткөөлүн көзөмөлгө алды.

Жекшембиде Украинанын ар кайсы жерлеринде өлкөнүн жаңы бийлигин жана Орусияны колдогон акциялар өттү. Донецкте миңдеген орусиячыл демонстранттар администрация имаратына жүрүш жасап, Украинанын туусун Орусияныкына алмаштырып коюшту. Каршылаш тараптын акциясына президенттикке талапкер Виталий Кличко катышмак, бирок орусиячылдар чабуул коюшу мүмкүн деген чочулоодон улам, ал болбой калды.

Донецктин жанындагы Луганск шаарында Москваны колдогондор облустук бийликтин имаратын ээлеп алып, губернатордун кызматтан кетишин талап кылышты. Крымдын борбору Симферополдо миңдеген демонстрант Орусияга кошулууну жактап чыгышты. Ал эми ага каршы болгондордун жүршүнө 500дөй киши катышты.

Шаршембиде Вашингтондо АКШ президенти Барак Обама колдоо көргөзүү иретинде Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк менен жолугушмакчы.
Ак үйдүн маалыматына караганда, алар Орусиянын Крымга басып киришине байланыштуу келип чыккан кризисти Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн урматтоо менен жөнгө салуунун дипломатиялык жолдорун талкуулашат. Андан тышкары Киевге финансылык жардам берүү маселеси да козголмокчу.

Премьер-министр Арсений Яценюк жекшембиде борбор калаадагы демонстрациянын катышуучуларына кайрылып, Украина бир да карыш жерин бербейт деди:

- Бул – биздин жерибиз. Бул жер үчүн аталарыбыз, чоң аталарыбыз канын төгүшкөн. Украин жеринин бир да укумун бербейбиз. Орусия жана Орусия президенти Владимир Путин муну билип койсун!

Ал тапта Путин Германиянын канцлери Ангела Меркель жана Британиянын премьер-министри Дэвид Камерон менен телефондон байланышып, Крымдын орусиячыл бийликтеринин 16-мартта Орусияга кошулуу референдумун өткөрүү демилгесин колдоду. Кремлдин билдирүүсүнө ылайык, президент бул чечим эл аралык мыйзамдарды бузбайт деп белгиледи.

Орусиянын РИА Новости агенттиги Крымдын орусиячыл премьер-министри Сергей Аксеновдун "жарым арал Орусиянын бир бөлүгү болуп калса, элге Украин же орус паспортун тандап алуу укугу берилет" деген сөздөрүн келтирет. Аксенов жергиликтүү жашоочулардын орус жана крым татарларынын тилдеринде сүйлөшүн кубаттаарын да билдирген.

Өткөн жылдын этегинде түрмөдөн чыккан орусиялык мурдагы оллигарх Михаил Ходорковский Киевдин Эгемендик аянтында чогулгандарга кайрылып, орусиялыктар өкмөттүн Крымга кирип баруусун колдошпойт деди:

- Таптакыр башка Орусия бар экенин айткым келет. Камакка алууларга, бир нече жыл абакка отуруу коркунучуна карабай Москвада согушка каршы акцияга чыккан адамдар бар. Өз эркиндигине караганда Орусия менен Украинанын достугун жогору койгон адамдар бар.

Ходорковский Киевде Кремлдин саясатын сындады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:24 0:00


Орусия болсо жарым аралдагы аскерий аракеттерин күч алдырууда.
Украинанын чек ара кызматы маалымдаганына караганда, орусиялык аскерлер жекшемби күнү эртең менен Украинанын чыгыш Крмыдагы чек ара пунктун ээлеп алышты. Ушуну менен орустар автономиядагы 11 чек ара өткөөлүн көзөмөлдөшүүдө.

Бир нече күн мурун Крымда Украин телекомпанияларынын сигналдары өчүрүлүп, ал жыштыктарда эми Орусия 24 жана аскердик "Звезда" каналдары обого чыгууда.

Бул жөнүндө Крымдын өзүн өзү жарыялаган орусиячыл бийлиги эч кандай комментарий жасаша элек.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму чектен чыккан цензура, маалымат каражаттарын жабуу, журналисттерди коркутуп-үркүтүүлөрдү токтотууга үндөдү.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG