Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Порошенко: Реформалар Европага жол ачат


Украина президенти Петро Порошенко.
Украина президенти Петро Порошенко.

Украинанын президенти Петро Порошенко реформалардын кеңири долбоорун сунуш кылып, алар алты жыл ичинде өлкөнүн Евробиримдикке кошулуусуна жол ачат деп билдирди.

Ошол эле күнү Орусия менен чек араларды убактылуу жабууга даярдык көрүү буйругу берилди.

25-сентябрдагы пресс-конференцияда президент орусиячыл жикчилдер менен тынчтык макулдашуусу чыгыш облустарында беш айдан бери уланып келаткан кризистин “эң кооптуу” баскычы артта калганын туюндураарын белгиледи:

- Бүгүн узак жумалар, узак айларда биринчи жолу бир да киши окко учкан жок, бир да киши жарадар болбоду. Акыр-аягында ок атышпоо келишими иштей баштады.

“Стратегия-2020” деген долбоорго социалдык жана экономика тармактарын реформалоо боюнча 60 программа камтылган.

Порошенко коррупцияны ооздуктоо, борбордоштурулган бийлик структураларын, салык системасын, коопсуздук жана укук коргоо органдарын реформалоо, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына карай багыт алууга өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

Президент улуттук валюта – гривнаны күчтөндүрүү үчүн Эл аралык валюта фонду менен Батышты финансылык жардам берүүгө үндөдү. Жыл башынан бери гривна долларга карата 40 процентке арзандады.

27-июнда Украинанын мамлекет башчысы Европа Биримдиги менен Ассоциациялык келишимдин соода жана экономикалык алакалар боюнча беренелерине кол койгон. Анда Эркин соода аймагын түзүү жана тыгыз экономикалык интеграция каралган. Жогорку Рада документти 16-сентябрда ратификациялаган.

Бирок келишим рыногуна терс таасир тийгизет деген Орусияны тынчытуу үчүн соода бөлүгүн ишке киргизүү 2016-жылдын январына жылдырылды. Порошенконун айтымында, реформалар жүргүзүлбөсө, Украина “Орусия менен бетме-бет жалгыз калат”.

- Реформалар гана украин элинин, коомдун активдүү бөлүгүнө айланган жарандардын мүдөөлөрүнө жооп берет. Реформалар гана эл аралык потенциалдуу инвесторлорго жол ачмакчы.

Ушул эле күнү Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Киев Европа Биримдигине Москва менен проблемаларын чечип алгандан кийин гана кире алат деп билдирди.

Мунун алдында Порошенко Орусия менен чек араны убактылуу жабуу буйругун берди.

Мамлекет башчынын веб-сайтында жарык көргөн токтомго ылайык, өкмөткө Орусия Федерациясы менен чек арадагы машине, кеме жана жөө жүргүнчүлөр өткөөлдөрүн убактылуу жабуу маселесин кароо тапшырылды.

Коопсуздук органдарынын расмий өкүлү билдиргенине караганда, чыгыштагы жикчилдерге курал-жарак ташууга бөгөт коюуну көздөгөн бул чара жакынкы күндөрү ишке кирмекчи.

Ошондой эле бейшембиде парламенттин спикери Александр Турчинов депутаттар 16-сентябрда жактырган люстрация боюнча жобого кол койду.

Мыйзамга ылайык, орусиячыл жикчилдер жана Орусиянын атайын органдары менен кызматташкан кишилерди аныктоо үчүн 1 миллионго жакын мамлекеттик кызматкер, анын ичинде өкмөт мүчөлөрү текшерүүдөн өткөрүлөт.

Кирешенин жана байлыгынын булагын түшүндүрө албаган аткаминерлерге 5 жылдан 10 жылга чейин мамлекеттик кызматты ээлөөгө тыюу салынат.

Ал эми Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк шаршембиде Киев Крымды жана бардык башка аймактарын кайтарып алмайынча, Орусияга каршы санкцияларды албоого үндөгөн.

БУУнун Башкы Ассамблеясындагы кайрылуусунда премьер Москвадан Украинанын чыгышынан аскерлерин чыгарууну, “Орусиянын жетектөөсүндөгү террорчуларды” курал менен камсыздоону жана “чыныгы тынчтык сүйлөшүүлөрүн” баштоону талап кылды.

Москва Украинага куралдуу күчтөрүн жибергенин танып келет.

XS
SM
MD
LG