Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

НАТО мүчөлөрү Украина маселесин талкуулоодо


Саммит алдында украин президенти Петро Порошенко британ премьер-министри Дэвид Кэмеронду, АКШ президенти Барак Обаманы жана НАТОго мүчө өлкөлөрдүн башчыларын Украинадагы абал менен тааныштырды.
Саммит алдында украин президенти Петро Порошенко британ премьер-министри Дэвид Кэмеронду, АКШ президенти Барак Обаманы жана НАТОго мүчө өлкөлөрдүн башчыларын Украинадагы абал менен тааныштырды.

Уэльсте НАТОнун эки күндүк саммити уланып жатат. Анда негизги көңүл Украинадагы кризиске жана Түндүк альянстын чыгыш чек арасын бекемдөөгө бурулууда.

Уэльстин Ньюпорт шаарына чогулган АКШ президенти жана НАТОго мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Украинанын чыгышындагы жаңжалга шыкак берип жатканы үчүн Орусияны айыптап, эгер Кремл бул кризис боюнча өз багытын өзгөртпөсө, Батыш Москвага басымды күчөтөрүн эскертишти.

Жыйындын алдында Британ премьер-министри Девид Кэмерон:

- Биз альянсын тарыхында радикалдык өзгөрүүлөр болуп жатканда чогулуп отурабыз. Дүйнө өтө коркунучтуу абалга туш болгондуктан, НАТОнун орду мурдагыдай эле маанилүү. Орусия аскерлери Украинага мыйзамсыз аскер киргизди, Ирак жана Сирияда исламчыл радикал топтордун коркунучу жаңы формага өттү.

НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен саммиттин алкагында Украина менен НАТОнун мамилесин тереңдетүү боюнча конкреттүү кадамдарды камтыган декларация кабыл алынарын кошумчалады.

Саммит башталышында Украина президенти Петро Порошенко сөз сүйлөдү. Ал 5-сентябрда Минскте өтчү жолугушуу алкагында украин өкмөт өкүлдөрү менен орусиячыл жикчилдердин ортосунда сүйлөшүү башталса, расмий Киев атышууну токтотоорун билдирди.

- Алдын ала маалым болгондой, жергиликтүү убакыт боюнча саат күндүзгү экиде Минскте үч тараптуу жолугушуу башталат. Ал жакта Украинанын чыгышындагы абалды жөндөө боюнча документке кол коюлары күтүлүүдө. Жолугушуу башталса, анда мен генералдык штабга эки тараптуу ок атышууну токтотууга буйрук берем. Эртеңден баштап тынчтык планы ишке кирет деген үмүттөмүн.

Европа лидерлери саммит алкагында Орусияга каршы кабыл алына турган санкциялардын жаңы айлампасын талкуулашары дагы күтүлүүдө.

НАТО саммитине Өзбекстан да катышууда

Мурда Советтер Союзунун курамына кирген Латвия, Литва жана Эстония лидерлери учурдагы украин кризисине байланыштуу өз кооптонууларын билдиришти. Орусия тараптан болжолдонгон коркунучтардан улам Эстония президенти Томас Хендрик Илвес өз өлкөсүнө НАТОнун туруктуу базаларын жайгаштырууну сунуштады.

Обама азыркыдай кырдаалда АКШ альянска кирген Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн коопсуздугуна көмөк көрсөтө берерин белгиледи. Мындай билдирүүдөн кийин Пентагон Украинада сентябрдын соңунда өтө турган аскерий машыгууга эки жүз жоокерин жибере турган болду.

Британияда башталган саммитте Грузиянын президенти Георгий Маргелашвили НАТОго мүчөлүккө өтүү тууралуу кайрылуу жасайт. Бул жөнүндө грузин лидери шаршембиде Лондондогу Chattam Hausе иликтөө борборунда сүйлөгөн сөзүндө айтып, мындай чечимдер дароо кабыл алына койбостугун кошумчалады.

Түндүк альянстын жыйынында ошондой эле Ирак жана Сириядагы исламчыл радикал топторго каршы күрөшүү жана Ооганстандан НАТО күчтөрүнүн чыгарылышы тууралуу суроолор талкууга коюлат.

Уэльсте өтүп жаткан иш-чарага Өзбекстан дагы катышууда. НАТОнун баш катчысынын чакыруусу менен келген Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов баштаган делегация саммиттин Ооганстан боюнча жыйынына катышат. Ушул жылдын жаз айларында Ташкентте НАТОнун Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтык бюросу ачылган. Ал эми Өзбекстандын Ооганстан менен чектешкен Термез шаарында НАТОнун жүк өткөрүүчү пункту жайгашкан.

Байкоочулардын айтымында, бул саммит акыркы он жылдыктагы эң маанилүү иш-чара болуп калмакчы. Себеби, бул жыйын Түндүк альянс 21-кылымдын сыноолоруна канчалык даяр экенин көрсөтөт. НАТО бул ирет бир нече миң аскерден турган ыкчам аракеттенчү күч түзүмдөрүн куроону бекитет жана ал күчтөр альянстын чыгыш чек арасын орус агрессиясынан коргоого багытталары кабарланган.

XS
SM
MD
LG