Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:10

Порошенко Орусияны аскер киргизгени үчүн айыптады


Украина -- Новоазовск шаарчасынын чет жакасындагы кагылышуулардан. 27-август, 2014
Украина -- Новоазовск шаарчасынын чет жакасындагы кагылышуулардан. 27-август, 2014

Украин президенти Порошенко Украинага орус аскерлери киргизилгенин жарыялады. Мунун алдында расмий Киев чек арадагы Новоазовск шаарчасы орусиялык аскерлердин колуна өткөнүн ырастаган.

Окуялардын мындай өнүгүшү президенттер Путин менен Порошенконун көзмө-көз сүйлөшүүсүнөн кийин болуп жатат.

Украин президенти Петро Порошенко Орусиянын Украинага “аскер киргизүүсү ишке ашканын” жарыялап, Улуттук коргонуу жана коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чакырды жана Түркияга мерчемделген сапарын токтотту.

Порошенко: Орусия Украинага аскер киргизди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:18 0:00

Украин премьери Арсений Яценюк болсо бүгүн Киевде сүйлөгөн учурунда Батыштагы өнөктөштөрдү БУУнун Коопсуздук кеңешин тезинен чакырууга үндөдү:

- Украинанын чыгышындагы кырдаал кыйла курчуп кетти. Орусия бир канча БТРлерди, танктарды, аскерлерди жиберди. Биз орус аскерлеринин өтүгү Украинанын жеринде экенин ырастай алабыз. Биз Еврошаркетти жана АКШны Орусия күчтөрүн, армиясын алып кетип, өзү башкарган партизандарды камсыздоону токтомоюнча анын бардык активдерин тоңдурууга чакырабыз.

Яценюк ошондой эле өзөктүк держава катары Орусия менен Украина өз алдынча согуша албасын кошумчалады.

Мурдараак Кошмо Штаттар орус армиясынын Украинанын чыгышындагы соңку аракеттерин тикелей интервенция катары баалоо менен аны “контрчабуул” деп атаган эле.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Жен Псаки Вашингтондогу басма сөз жыйынында буларды айтты:

- Орусиялык танктардын, жапырт атуучу системалардын, брондуу техниканын кошумча кербени Украинанын түштүк-чыгыштагы жамааттарын көздөй жылганы боюнча маалыматтар болду. Биз ошондой эле жикчилер чек ара менен Мариуполдун ортосунда, деңиз жээгиндеги шаарчанын эл жашаган аймактарын артиллериядан атканы тууралуу кабарларды уктук. Донецк шаарынын жана анын аэропортунун жанындагы оор уруштар жана артиллериядан атуулар тууралуу маалымат түштү. Бул кол салуулар Орусиянын тикелей контрчабуулу Донецк менен Лугансктын ортосунда жүрүп жатканын каңкуулоодо.

Америкалык расмий өкүл “деңиз жээгиндеги шаарча” дегенде Новоазовскты эске алып жатат.

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңеши бүгүн Орусия менен чек арадан 15 чакырым, Марипулдон 45 чакырымдай аралыктагы бул шаарчаны орус аскерлери ээлегенин ырастады. Мунун алдында шаарчанын мэри орусиячыл согушкерлер ал жерге ондогон брондуу техниканын коштоосунда киргенин маалымдаган.

Кечээ кечинде Германия канцлери Ангела Меркел президент Путинге телефон чалып, Орусиянын Украинага “аскерий кол салуусуна” түшүндүрмө берилишин талап кылып, “кырдаалдын курчушу” үчүн “чоң жоопкерчилик” Москвага жүктөлөрүн айткан.

Француз президенти Франсуа Олланд бүгүн Парижде сүйлөп жатып, орус күчтөрүнүн түштүк-чыгыш Украинада аракеттенүүсү менен келишүүгө болбой турганын белгиледи.

Бул аралыкта оруячыл жикчилдердин лидерлеринин бири алардын арасында орусиялык жоокерлер согушуп жатканын моюнга алды. Өзүн-өзү жарыялаган Донецк Элдик Республикасынын премьер-министри Александр Захарченко бейшемби күнү Донецктеги басма сөз жыйында буларды айтты:

- Киев менен Батышта украин армиясынын массалык жеңилүүлөрүн актоо үчүн Орусиянын аскерий кол салуусу жөнүндө утур-утур айтып жатышат. Биз арабызда орусиялыктар көп экенин эч кимден жашырган эмеспиз. Алардын жардамысыз согушуу бизге кыйын жана татаал болмок. Орусиялык ыктыярчылардын катарында мурдагы аскер кызматчылары көп. Алар биздин катарыбызда муну өздөрүнүн парзы катары санап согушууда. Дагы бир нерсени ачык айтайын, биздин катарыбызда азыркы аскер кызматчылары да согушууда. Алар өз эмгек өргүүсүн деңиз жээгинде эмес, өзүнүн эркиндиги үчүн күрөшүп жаткан бир туугандарынын арасында өткөрүүгө артыкчылык бергендер.

Орусия Украинанын чыгышындагы жикчилерди курал жана аскер күчү менен камсыздап жатат деген ырастоолорду узактан бери төгүндөп келген. Апта башында десантчылары кармалганда, алар украин тарапка жаңылыш өтүп кеткенин айткан болчу.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков кечээ эле Орусия Украина менен чек арасында аскерий аракеттерин күчөттү деген ырастоолорду “реалдуулуктан такыр эле алыс” иш катары төгүндөгөн.

Украин бийликтери ырастагандай, өлкө чыгышында кырдаалдын курчушу президенттер Путин менен Порошенко Минскте көзмө-көз сүйлөшкөндөн эки күндөн кийин болуп жатат. Анда Украинанын чыгышында тынчтык орнотуу чаралары жөнүндө сөз жүргөн эле.

Улуттар уюмунун эсебинде, быйыл апрелде Донецк менен Луганскта украин күчтөрү менен жикчилер ортосунда уруш башталгандан бери 2200дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG