Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:51

Украинада Крым татарларынын депортациясын эскеришти


Крым татарларынын депортациясынын 71 жылдыгы Украинанын Херсон облусунда белгиленүүдө. 18-май, 2015-жыл.
Крым татарларынын депортациясынын 71 жылдыгы Украинанын Херсон облусунда белгиленүүдө. 18-май, 2015-жыл.

Украинада жана бир катар башка өлкөлөрдө крым татарларынын депортациясынын 71 жылдыгы белгиленди.

Орусия тарабынан аннексияланган Крымдын бийлиги Симферополдун борборунда аза күтүү митингин өктөрүүгө уруксат бербей койду. Алардын айтымында, крым татарларынын Межлисинин лидерлери ар кандай чагым уюштурууну көздөшүүдө.

Ал арада Украинанын парламенти депортациянын курмандыктарын мамлекеттик деңгээлде эскерүү чечимин кабыл алды. Биринчи иш-чаралар 14-майда эле Киевде башталган.

Жекшембиде Эгемендүүлүк аянтында – Незалежность майданында «Жүрөгүңдө чырак жандыр» деген акциянын катышуучулары шамдар менен Крымдын аймагын жана крым татарларынын символу – Тамганы чийип, тартышты.

Кызыл шамдар менен 71 деген санды жана «Геноцидге – жок» деген ураанды жазышты.

Жамала деген белгилүү ырчы чоң чоң энеси Крымдан айдалганын мындайча айтып берди:

Эскерүү иш-чарасы. Херсон. 18-май
Эскерүү иш-чарасы. Херсон. 18-май

- Менин чоң чоң энем Назлыхан Жамалидинова Кучкузень айылынан колундагы беш жашар баласы менен кошо депортацияланган. Тилекке каршы, бир баласы жолдо, поездде чарчап калган. Бул шамдарды жакканда аны, миңдеген маркумдарды эскерип койгула.

Уюштуруучулардын айтымында, акциялар Берлин, Варшава, Стамбул, Харьков, Львов жана Прагада өткөрүлдү. Херсон шаарында депоратциянын курмандыктарына арналган гүлбак отургузулду.

Киевде 18-майда Бүткүл украиналык аза күтүү митинги болду.

Активисттер украин баш калаасындагы Голосеевский паркында «Мен – крым татарымын» деген акцияны уюштурушту.

Алар депортациянын курмандыктарын гана эмес, өткөн жылы жарым аралдын Орусия тарабынан аннексияланышы учурунда жана андан кийин өмүрлөрү кыйылган маркумдарды эскеришти.

Украин билим берүү министрлиги бардык мектептерде крым татарларынын куугунтукталышы тууралуу атайын сабак өтүүгө көрсөтмө берген.

1944-жылдын 18-майында крым татарларын тарыхый мекенинен көчүрүү иши башталган. Советтик бийлик бүтүндөй элди Экинчи Дүйнөлүк согушта нацисттик Германия менен кызматташкан деп айыптаган. 194 миң крым татарын Борбор Азияга жана Уралга айдашкан. Жолдо жана депортациянын биринчи эле жылында ар кандай оорулардан, ачкачылыктан 30 миңден көп киши кырылган.

Крым татарларына жарым аралга кайтууга 1989-жылы гана уруксат берилген.

Херсон. 18-май, 2015-жыл
Херсон. 18-май, 2015-жыл

Алар СССРдеги репрессиялар учурунда депортацияланган элдерден акыркы болуп реабилитацияланган.

Харьковдогу эскерүү иш-чарасына катышкан Ислам Усеинов, жарым аралдын азыркы бийлиги крым татарларынын өз ыктыяры менен кетиши үчүн шарт түзүүдө дейт:

- Мектептерде крым татар тили милдеттүү программага кирбейт эми. Каалагандар гана окушат. Адабият да тартыш. Бул – кенедей гана мисал. Албетте, биринчи кезекте жаштардын Украинанын башка аймактарына кетүүдөн башка аргасы жок.

Апрелде москвачыл бийлик крым татарларынын жападан жалгыз телеканалын жаап салган. Крым татарларынын көбү жарым аралдын аннексиясына каршы болгон. Бир катар активисттер камакка алынып, лидерлери Мустафа Жемилев менен Межлистин төрагасы Рефат Чубаровго Крым аймагына кирүүгө тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG