Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Крым татарларына эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө тыюу салынды


Орусия аннексиялап алган Крымда расмий бийлик татарларга крым элинин депортацияланышынын 71 жылдыгын белгилөөгө тыюу салды. Бул тууралуу Крым татарларынын лидери Мустафа Жамил кабарлады.

- 18-май күнү Крымда эскерүү иш-чараларын өкмөт уюштурат. Бирок жарым аралдагы бул бийликти крым татарлары тааныбайт. Прокуратура өкмөттөн башка уюмдарга эскерүү жыйындарын өткөрүүгө тыюу салынганын эскертти,- дейт Жамил.

Крым татарларынын лидерлери өткөн жылы да сталиндик депортациянын 70 жылдыгын эскерген массалык иш-чараны өткөргөн эмес. Буга Крымдын орусиячыл лидери Сергей Аксенов 6-июнга чейин массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салган токтому себеп болгон.

1944-жылы 200 миңден көп крым татары жарым аралдан сүргүнгө айдалган. (SE)

XS
SM
MD
LG