Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:00

Украина эгемендик күнүн белгиледи


Киевдеги парад
Киевдеги парад

Украина 24-августта эгемендиктин 23 жылдыгын белгиледи. Киевде аскердик оор техниканын катышуусунда парад өтсө, Донецк шаарында козголоңчулар туткундалган аскерлерди борбордук аянтка алып чыкты.

Президент Петро Порошенко Киевдеги Эгемендик аянты же Майданда аскердик парадга катышты. Аянтка чогулган миңдеген киши сары - көк желектерди желбиретип, улуттук гимнди аткарып турушту. Президент өлкө мындан ары да аскердик коркунучка туш болорун айтып, 2015-2017-жылдар аралыгында армияны жабдуу үчүн үч миллиард доллар сарпталат деп билдирди:

- Соңку айлардагы окуялар биз үчүн чыныгы жарыяланбаган согушка айланды. Балким, ал кийин тарыхка сырткы агрессияга каршы 2014-жылкы Ата Мекендик уруш катары кирип калат. Бул – Украина, анын эркиндиги, ар-намысы, эли, көз карандысыздыгы үчүн согуш.

Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, армиянын ушу таптагы бюджети бир жарым миллиард долларды түзөт.

Бул жолку эгемендик күнү орусиячыл куралчан козголоңчулар өлкө чыгышындагы Донецк жана Луганск шаарларын өз көзөмөлүнө алып, кризис курчуп турган кезге туш келди. Донецкте жикчилдер Киевди мазактап, борбордук аянтка украин армиясынын туткундалган жоокерлерин алып чыгышты. Күбөлөрдүн айтымында, чогулгандар баштарын жерге салып өткөн туткундарды “фашисттер!” деп тосуп алышты.- Майрамдык маанай жагып атат. Себеби Киев өкмөтү бар болгон аскердик резервин бизге каршы жөнөттү. Харьков менен Мариуполдогу бөлүктөрдүн бардыгын бул жакка тартышты. Ополченецтер менен сүйлөштүм. Курман болгон аскерлердин саны өтө көп болгондуктан, Киев кыжаалат болуп, айласын таппай жатат, - дейт өзүн "Новороссия элдик жумурияты" деп атаган уюмдун өкүлү Олег Царев.

Ошол эле күнү эртең менен шаардын борборунда аткылоодон эки оорукана жана өлүккана жабыркады. Маалыматка караганда догдурлар менен бейтаптар жертөлөгө жашырынып, эч ким жапа чеккен жок.

Ишембиде Донецктин жака белиндеги турак-жайлар аткыланганда алты жай тургун, арасында бир жаш бала мерт кетти. Расмий Киев Москва козголоңчулар көзөмөлдөгөн чек ара аркылуу курал-жарак жөнөтүп жатат деп айыптоодо. Кремл бул дооматтарды четке кагууда.

22-августта Орусия бир тараптуу түрдө Украинанын чыгышына оор машиналарга жүктөлгөн гуманитардык жардам жөнөткөн. Киев бул кадамды чек араны бузуу катары баалады. Ага чейин гуманитардык кербен Украина менен Орусиянын чек арасында кармалып турган болчу.

Киевде аскердик парад өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:34 0:00

Эртеси түшкөн чейин жүк ташуучу машинелердин бардыгы Орусияга кайтып барганын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлү Донецктеги кабарчыларга айтты. Москванын ырастоосунда, машинелер Луганскка таза суу, азык-түлүк, генераторлор менен төшөнчү жеткирип барган.

Украинанын чыгышындагы козголоң Орусия Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин, апрелдин орто ченинде башталган. Бириккен улуттар уюмунун маалыматына ылайык, жаңжал эки миңден көп кишинин өмүрүн алып кетти, 340 миңдей адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG