Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:14

АКШ Орусияга каршы "буроону" катуулатты


Филиппин -- АКШ президенти Барак Обама маалымат жыйынында, Манила, 28-апрель, 2014.
Филиппин -- АКШ президенти Барак Обама маалымат жыйынында, Манила, 28-апрель, 2014.

АКШ Украинадагы кризиске байланыштуу Орусияга каршы жаңы санкция жарыялады. Президент Обама Филиппиндеги сапары маалында анын себебин Москва кризисти жөндөө боюнча эл аралык макулдашууну колдобогону менен түшүндүрдү.

28-апрелде жарыяланган санкция Путиндин жакын чөйрөсүнө жана аларга катыштыгы бар компанияларга багытталып, Орусияга айрым жогорку технологияларды сатууга тыюу салат. Бүгүн Евробиримдик да Орусияга каршы кошумча санкция киргизүү маселесин талкуулайт.

АКШ президентинин сөзүнө караганда, санкциянын максаты Орусиянын Украинага жасап жаткан жүрүм-турумун өзгөртүү. Бирок ал максатына жетеби, ага Ак үй азыр толук ишене бербейт. Ошон үчүн Москва Украинага каршы агрессиясын токтотпосо, санкциянын түрдүү тармактарды камтыган кийинки этабы колдонулат, деп эскертти Барак Обама:

- Бул иштейби, биз али билбейбиз. Эгер Орусиянын Украинага каршы агрессиясынын дагы көрчү болсок, (санкциянын) банк секторуна же коргоо өнөр жайына багытталган чектелүү келерки фазасы киргизилиши мүмкүн. Ошентип алар кеңейтилет.

Президент Обаманын айтымында, бул чаралар президент Путинди Украинадагы кризисти дипломаттык жол менен жөнгө салганга көндүрүү. Ал ошол эле учурда конкреттүү кадам жасагандан мурда Евробиримдиктин позициясын билүүсү зарыл экенин баса белгиледи.

АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Тони Блинкен 27-апрелде билдиргендей, Путиндин жакын чөйрөсүнө мээленген санкциялар ал орусиялыктарга убада кылган экономикалык өсүштүн аткалырлышын оорлотот.

Орусиялык мурдакы олигарх Михаил Ходорковский 27-апрелде Донецкиде сүйлөп, Батыштын санкцияларынын кесепетин Орусиянын экономикасы тез арада сезбейт деген оюн айтты:

- Санкциялар Орусияга ыкчам таасир этпейт. Өлкөнүн алтын жана валюта корун, электр энергиясын берүү өзгөчөлүгүн жана электр кубаты менен камсыздоо системасын алып карасак, келерки үч-беш жыл Орусиянын экономикасы үчүн катаал болбойт.

Бу тушта же 28-апрелде орусиячыл жикчилдер Донецк облусундагы Константиновка шаардык бийлигинин жана полициянын кеңсесин басып алышты. Константиновка Донецкиден 50 чакырым алыстагы 100 миң калктуу шаар.

Донецк облус администрациянын өкүлү Илья Суздалевдин билдиришинче, константиновкалык жикчилдер Украинанын чыгышындагы өкмөттүк имараттарды басып алган башка орусиячылдар сыяктуу эле аймакты Украинадан бөлүп кетүү мүмкүнчүлүгү жана федералдык башкарууга өтүү боюнча референдум болушун талап кылышууда.

Донецк облусунун Словянск шаарындагы орусиячыл согушчандар Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму - ЕККУнун жети байкоочусун дале барымтада кармоодо. Швециялык байкоочуну гана ден соолугуна байланыштуу чыгарышты. Жикчилер 27-апрелде байкоочуларды дүйнөлүңк медиага “согуш туткундары”, “НАТОнун тыңчылары” деп тааныштырган. ЕККУнун байкоочулары уюмга мүчө 57 мамлекет 2011-жылы Венада кабыл алган макулдашууга ылайык, Украинанын чыгышындагы кырдаалга байкоо салганы келишкен болчу.

28-апрелде Брюсселде Евробиримдиктин баш дипломаттары да мурда Орусияга жарыяланган санкциялара кошумча кадамдарды жасоо зарылдыгын талкуулашат.

XS
SM
MD
LG