Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:48

Киев: Москва согуш баштагысы келет


Украина чек арасына жакын жерде жайгашкан орус аскерлери. 25-апрель, 2014-жыл.
Украина чек арасына жакын жерде жайгашкан орус аскерлери. 25-апрель, 2014-жыл.

Украинанын өкмөт башчысы Москваны «Үчүнчү дүйнөлүк согуш баштаганы калды» деп айыптады.

Орусия Украина менен чек арага жакын жердеги согуштук оюндарды чыгыш Украинадагы орус тилдүүлөр кысымга алынганы үчүн өткөрүп жаткандыгын айтууда. Ал арада Батыш кайрадан Москвага каршы санкцияларды күч алдырарын эскертти.

Күн өткөн сайын украин кризисинин айланасында согуштун тилинде кайым айтышуу күчөдү.

Бүгүн кабинет жыйынында сүйлөгөн премьер-министр Арсений Яценюк Орусиянын көксөгөнү Украинаны басып алып, Европада согуш баштоо болуп жатат деп ырастады. Ал ошондой эле Москванын Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдерди колдоосун «эл аралык кылмыш» деп сыпаттап, эл аралык коомчулукту орус агрессиясына каршы биригүүгө чакырды. Мунун алдында Украинанын коргонуу министринин кызматын аткарып жаткан Михайло Ковал орус аскерлеринин машыгуусу азыр Украинанын чек арасына бир чакырым аралыкка жакындаганын эскерткен.

Батыш өлкөлөрү Орусиянын бул аймакта 40 миңдей аскер топтогонун сынга алып келишет.

Украинанын президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчинов жана коргоо министри Михайло Ковал.
Украинанын президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчинов жана коргоо министри Михайло Ковал.
​Бүгүн Европа Биримдигинин тышкы саясатын тейлеген Кэтрин Эштондун маалымат катчысы Орусияны аскерлерин чек арадан алыс алып кетүүгө үндөдү:

- Биз Орусиянын украин чек арасындагы аракеттерине өтө тынчсыздануу менен байкоо салып атабыз. Алар аракеттер Женевада жетишилген келишимди бузат. Биз кайрадан Орусиянын чек арадагы аскерлерин чыгарып кетип, Федералдык Кеңештин Украинанын аймагында курал колдонууга уруксат берүү мандатын күчүнөн кетирүүгө чакырабыз,- деди Михаэл Манн.

Буга чейин украин президентинин улук кеңешчиси Сергей Пашынский "эгер орус аскерлери чек араны кесип өтсө, бул баскынчылык деп саналып, кол салгандар атып өлтүрүлөт» деди.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ал арада Вашингтонду Москвага улам жаңы шарт коюп, Женева келишимин тетири буруп жатат деп сындап чыкты. Өткөн аптада жетишилген келишимде Украинадагы бардык мыйзамсыз куралдуу топторду куралсыздандыруу жана бардык басылып алынган имараттарды бошотуп берүү каралган.

Донецктеги орусиячыл күчтөр. 24-апрель.
Донецктеги орусиячыл күчтөр. 24-апрель.
​Лавров ошондой эле Киев өкмөтүнүн Украинанын чыгышындагы «кандуу кылмыштары» жазасыз калбайт деп сөөмөй кезеди.

Учурда Түштүк Кореяда жүргөн АКШнын президенти Барак Обама Украин кризисин бүгүн европалык лидерлер менен талкуулап, Орусияга каршы жаңы санкция киргизүүнү карашарын маалымдады. Ал эми Германиянын канцлери Ангела Меркел Орусиянын Женева келишимине кол коюлгандан берки аракеттери «өтө көңүл калтыргандыгын» билдирди. 17-апрелде жетишилген келишимге Орусия, Украина, АКШ жана Европа Биримдиги кол койгон эле.

Бүгүн чыгыш Украинада украиналык согуш тикучмасы жок кылынды. Краматорск шаарынын жанындагы аскер базасында турган тикучма аткылоодон жарылып, учкуч жараат алгандыгы кабарланууда. Украинада Краматорсктон башка дагы 10го чукул шаар кремлчи күчтөрдүн колунда кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG