Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:30

Крым: Татар Межлиси таратылабы?


Крым татарларынын лидери, Межлистин мурдагы төрагасы Мустафа Жемилев Армиянск шаарынын жанында. 3-май, 2014
Крым татарларынын лидери, Межлистин мурдагы төрагасы Мустафа Жемилев Армиянск шаарынын жанында. 3-май, 2014

Крымдын бийликтери татарлардын Межлиси эгер алар атагандай “экстремисттик” иштерди жактаса же коргосо жоюлушу мүмкүндүгүн эскертти.

Крымда азчылыкты түзгөн татарлардын өзүн-өзү башкаруу органы жана саясий уюму катары саналган – Межлис аймак Орусия тарабынан аннекcияланышына каршы чыккан эле жана ушул күнгө чейин Симфереполдогу баш кеңсесинде Украинанын желеги илинип турат.

Межлис эгер Крымдын бийликтери “экстремисттик” деп атаган иштерге тартылса жабылуусу мүмкүндүгүн Крымдын прокурору Наталья Поклонская эскерткен.
Эскертүү бийликтер менен татарлардын соңку тирешүүсүнөн кийин жасалды.

Тирешүү Орусия тарабынан аннексияланган Крым менен Украинанын чек арасында өткөн ишемби күнү болгон эле. Анда чек арага Крым татарларынын лидери Мустафа Жемилевдин аймакка киргизилүүсүн талап кылып, үч-төрт миңдей адам чогулган.

Крым тараптан келген татарларды украин тараптан келген Жемилевду көздөй өткөрбөө үчүн орус аскерлери торогон. Бирок куралсыз татарлар тосмону бузуп өтүшкөндө, аскерлер асманга ок чыгарууга чейин барышкан.

Татарлар бейтарап аймакта турган лидери Жемилевду Крымды көздөй алып жөнөшкөндө көзөмөл бекеттен алардын жолун аскерлер брондуу техника менен жапкандан кийин татар лидери Киевге кайтууга аргасыз болгон.

Мунун алдында Жемилевду Москвадан да Симфереполго каттоочу учакка өткөрбөй коюшкан эле.

Дүйшөмбү күнү Киевдеги басма сөз жыйынында Мустафа Жемилев Крымда татарлар үчүн кырдаал чыңалып турганын белгилеп, буларга токтолду:

- Азыр Крым татарлары арасынан өзүлөрүнө (орусиячыл бийликтерге) колдоочуларды тартуу боюча иштер абдан күчөтүлүүдө. Бирок бул иш жакшы кетпегендиктен казандык татарларды да алып келип жатышат. Казандык татарлардын эң башкы өкүлү өкмөттүн вице-премьери Рустам Темиргалиев. Анын атасы да бир кызматты ээлейт. Кыскасын айтканда крым татарларын талаптагыдай санда тартуу мүмкүн болбогону менен жамаатты бөлүп-жаруу иштери жүрүп жатат.

Өзү Крым татарларынын Межлиси 1991-жылы уюшулган болчу. Бирок адегенде украин бийликтери менен да алакасы жакшы болбой, 1999-жылы гана украин президентинин жардыгынын негизинде таанылган.

2010-жылы Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович татар Межлисин Киевдин көзөмөлү астына коюуга аракеттенип, анын мүчөлөрү президент тарабынан дайындалуучу жобону сунуш кылган. Бирок татар курултайы жана Межлис бул форматты четке каккан эле.

Быйыл 20-мартта гана Крымдын Орусияга кошулуусу боюнча талаштуу келишимге кол коюлгандан кийин гана Украинанын Жогорку Радасы Межлисти расмий, ал эми татарларды Украинанын байыркы калкы катары тааныды.

Крым аннексиялана элек кезде деле Межлис менен аймактын этникалык орустар үстөмдүк кылган өкмөтү эриш-аркак иштей алган эмес. Орус топтору менен орус партиялары аны мыйзамсыз институт катары жоюуга чакырып келишкен.

Межлис төрагасы Рифат Чубаров мунун себебин татарлардын саясий талабы менен байланыштырат:

- Крым татарлары кайта баштаган кезде өз жери болгон Крымга кайтуу укугу жөнүндө эле эмес, Крымдын келечегин кандай көрүшөрүн да айта башташкан. Алар Крымда улуттук-аймактык автономия маккамын калыбына келтирүүнү каалашарын ачык билдиришкен.

Крым татарлары 16-марттагы референдумга катышпоосу керек деген чечимди дал ушул Межлис кабыл алган.

Межлистин ырастоосунда, андагы добуш берүүгө болгону татарлардын 1% гана келген.

Межлис менен Крымдын орусиячыл бийликтеринин тиреши татарлар 18-майда депортациянын 70 жылдыгын белгилөөсү алдына туш келүүдө: “Крым татарлары көчөгө улуттук жана Украинанын желектери менен чыгат. Орус бийликтери буга кызыл чүпүрөктү көргөн букадай жинденишет. Күч колдонулуусун да жокко чыгарууга болбойт”, - деди Мустафа Жемилев Киевдеги басма сөз жыйынында.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG