Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Соттун эрке кызы же үчүнчү "ажонун" төлгө ташы...


Кыргыз Президенти Роза Отунбаева Эл акыны Шайлообек Дүйшеевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктоодо. 21.02.2011. Кыргыз президентинин басма сөз кызматы.
Кыргыз Президенти Роза Отунбаева Эл акыны Шайлообек Дүйшеевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктоодо. 21.02.2011. Кыргыз президентинин басма сөз кызматы.

Ушул тапта чет өлкөдө жашап жаткан кыргыздын эркин журналисти Жеңишбек Кадырбек уулу өзүнүн кезектеги блогун бир кызыктуу сүрөт тууралуу сөзү менен баштайт.


Сүрөт да баяндайт

Мобул сүрөт мындан үч жыл мурун Көл жээгинен тартылган.

Йога дене тарбиясынын кыймылдарын аткаруу учуру. Роза Отунбаева. Ысык-Көл кылаасы. 2008-жыл. "Азаттыктын" окурманы Жеңиш Кадырбек уулунун сүрөтү.


Көп кыргыздын түшүнө кире бербеген йоганын кыймылын илмектей ийилип жасап, кум үстүндө анын касиетин айтып отурган ошол чыканактай айым жыл айланбай Кыргыз журтун башкарып калаарын биз анда ойлобоппуз да...

Ал кезде КСДПдан депутат эмес беле...

Дегеле баатырларды тарых жасайбы, же кыргын уруштан жаралабы же капилет кырдаалбы же болгону алакандай пешенеби?!

Кыргыздын соңку жаңы тарыхы бизге үч "ажону" көргөздү.

Ыя.., үчөө тең күтүүсүз келди?..

Кызыгы, кыргыздар бүгүн да кайрадан жаңы тарых жасайбыз деп ар кими ар коктусунан бөрүдөй бөгүшүп туру...

Демек, “ ажолук” алардын эмес кыргыздын пешенесине ушундай оомалуу жазылган окшойт.

Мен сөзүмдөн алыстабайын.

Азыркы “Ажо” жөнүндө алакандай ой кертим болсо дегем...

Тагдыр башаты

“Ажолук” - бул да тагдырбы дебедикпи.

Роза Отунбаева Москвага окууга кетээр алдында бир сыгаан аялга төлгө ачтырган экен. Аны өзү мындайча эскерет:

Ош пединститутунда ММУга (МГУ) экзамен тапшырганы турсам, төлгө ачып жаткан аял жаныма келип, "төлгө ачып берейинби?" деп калды.

Мен негизи андайларга ишенбейм. Бирок жашмын да, кызык болду.

“Алыс бир жакка кетесиң, кайра келгенде чоң кызматта иштейсиң. Чоң адам болосуң” деп айтты.

Чынында ошол сыгаан аялдын айтканы келди. БУУда жалаң Коопсуздук Кеңештин мүчөлөрүнүн өкүлдөрү менен эки элдин тагдырын чечип жүргөндө ошол кудуреттүү сөздөрдү эстеп калчумун
”. (“Де-факто”, 2007-жыл).

Жок, Роза Отунбаеванын “чоң адам” болмогун Фрунзе шаардык КПСС шааркомунун экинчи катчысы (секретары) болгонунан, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрага орун басарлыгынан, 1989-90 жылдары ЮНЕСКО иштери боюнча СССР Комиссиясынын жооптуу катчысы, бир жылдан соң анын төрагасы болгондугунан, андан кийин СССРдин Малайзия жана Бруней-Даруссалам (Brunei Darussalam) султандыгындагы толук ыйгарымдуу элчиси болгондугунан, Акаев доорунда Кыргызстандын Улуу Британия жана Ирландиядагы элчилигинен, Грузиядагы БУУнун (ООН) Башкы катчылыгынын атайын өкүлүнүн орун басары, Бакиев доорунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри, Жогорку Кеңештин депутаты болгондугунан да көрсөк болот.

Адамдын автобиографиясына мындай баскычтар кириши үчүн, жупуну айтканда, эрдик керек.

Баса, азыркы президент өспүрүм кезинде, тээ 1962-жылы “Артек” пионер лагерине барганын, ал жактан космонавт Юрий Гагарин менен жолугушуп, ага арнап чыгарган ырын окуп бергенин, бирге сүрөткө түшкөнүн тагдырындагы жакшы нерселердин башаты катары белгилейт.

Ата энем таластык болгону менен өзүм Фрунзеде (Бишкекте) төрөлүп, балалыгым Нарындын жалгыз узун көчөсүндө калса, эс тарткан курагым Ошто, Сулайман тоонун этегиндеги пахтазарлуу талааларда өттү”, - дейт.

“Тияктык”, “бияктык” деп сүйлөп көнгөн жаныбыз кээде адамдардын тагдыры кайда жана эмнелерге байланып өткөнүн аңдабай калабыз.

Эки жыл катары менен Арсланбаптын пионер лагеринде пионер вожатый болуп иштеп жүрүп эң биринчи жолу айлык акча алганын, ага модалуу ак көйнөк, юбка тиктирип кийгенин айтканы бар.

Атасы өмүр бою сот болуп көп жерде иштеген тура.

Атамдын кызматтык “Виллисин” айдаган Москва деген шайыр, элпек шоопуру бар эле” десе, Совет мезгилинин болуп турган кезеңинин жыты келет...

Ооба, атасынын Москва деген шоопуру болгон экен. Атаңгөрү десең, совет мезгили канчалаган Социалбек, Съездбек, Москва, Октябрь аттуу кара кыргыздарды жаратпады.
..
Азыркы президент үй-бүлөдөгү бир уул жана жети кыздын бири.

“Каникулда Таласка туугандарыбызга барып калсак, элдер: “Оо, соттун эрке кыздары келишкен турбайбы” деп калышаар эле дейт.

Ата-энебиз бизди алпештеп өстүрдү. Бешөөбүз Москвадан окудук. Бешөөбүз илимдин кандидаты болдук...”

Ал эми студенттик кездин өзүнө жараша кембагалдыгы болот эмеспи.

Роза айым да Москвада окуп жүрүп курулушка кароолчу болгонун, бир чокойду төрт кыш бою кийип чыкканын айткан эле...

Ошентип Москвадан окууну бүтүп келген соң КМУда (азыркы Кыргыз улуттук университетинде) студенттерге философиянын тарыхынан дарстар окуп 6 жыл эмгектенет.

Роза Отунбаева ошол кезде КМУда эң жаш кафедра башчысы болгон экен.

Акын Шайлообек Дүйшеев, мурдагы депутат Исхак Масалиев, тарыхчы Анара Табышалиева, саясат таануучу Аалыбек Акунов жана дагы азыр шапкелерин булгалап саясатта кыйкырып жүрүшкөн бир топ саясатчылар ошол кезде Отунбаеванын тыкыйган тартиптүү студенттери болгону кызык.

Ал кезде турмушка чыгалек , дарстарын кагазсыз окуган жаш кызга далай жигиттер ашык болгон дешет.

Ал эми студенти Шайлообек Дүйшеев окутуучу эжекеси Роза айымга катуу ашык болгонун акын Нуралы Капаров эскерип жазып чыккан эле...

Роза Отунбаева университеттеги кезин:

Ооба менин ошол кездеги жүздөгөн студенттерим жумурияттын кайсы бурчуна барсам да: “Эже, сиз мындай окутуучу элеңиз”, - деп көп айтып калышат.

Мага университетти сырттан окугандар өзгөчө таасир калтырган. Сыртта эмчектеги жаш баласын бирөөгө калтырып коюп, айтылуу
Гегелдин философиясынан “Өз тулкусундагы зат, өзү үчүн зат” (“Динканзиш, Динкфюрзиш” - “Вещь в себе, вещь для себя”) деп, же болбосо Канттын “трансценденттик”, “трансценденталдык” деген түшүнүктөрүн жаттап отурган келин-кыздарга тан берчүмүн.

Мен “студенттер ушуну түшүнмөк беле” дебестен, дарска урматтоо менен мамиле кылчумун. Сапаттуу дарс дүйнөгө, анын сырларына жол көргөзөт дегенге мен терең ишенем”, - деп эскерет.

Үй тууралуу айың кеп

Кечээ айрым басылмалар “Отунбаева Лондондон мобундай үй сатып алды...” деп бир ак сарайды сүрөтү менен басып чыгышты.

Мен кесиптештеримди туура түшүнөм.

Өлкө президенти тууралуу эмне кеп айтсак да ал элге кызык.

Болгону мындан бир аз жыл мурда “Де-факто” гезитине Отунбаева айым мындайча айтып берген эле:

Мен совет заманында СССРдин Тышкы Иштер министрлигинин коллегиясынын мүчөсү катары, ЮНЕСКОдо СССРдин өкүлү катары чоң маяна алчумун. Грузияда БУУга иштегенде бир жылдык маянам 100 миң доллардан ашчу. Легалдуу түрдө, өкмөт структураларында кыргызстанда иштеген бир да кыргыз чиновник азыркы күндө деле мага теңеле албайт. Мен таза иштеген чынчыл соттун кызымын, өмүр бою пара деген сөздү жаныма жолоткон жокмун”.

Отунбаеванын журналисттер жазган Лондондогу үйү бары-жогун мен билбейт болчумун, бирок таразага салып карай келсек, анын жогоруда айткан сөзүнөн жооп тапсак болмок.

Анткени андай маяналуу шартта иштегендер дүйнөнүн кай бурчунан болсо да оңой үйлүү боло алышаарын биз билбесек да бүгүнкү күндө чет өлкөдөн кабаттап үйлүү болуп атышкан “жаңы кыргыздар” жакшы түшүнүшөт.

Ошондой болсо да, анын сөзүнө да кулак төшөсөк, бул – айрым кабарчылардын такталбаган айың кеби экенин ал “Азаттыкка” жыл тогошоордо курган маегинде баса айтыптыр:

Мен өз жообумду айткам, эч кандай андай үйүм жок, Бишкекте үч бөлмөлүү батирим бар”.

Саналуу айлар калды

Ошентип кыргызстандын үчүнчү президентинин “ажолук” кыска мөөнөтү да жебесин кагып келет.

Кыргызга бул үчүнчү өлкө башчынын мөөнөтү - айым мамлекет башчы болуп калганы менен, система алмаштыруу көптөгөн канга турганы менен элдин эсинде калат.

Ал эми 7-апрелдин башкы каармандары “Ушул чалкеш күндөргө эле туруп берип коюңуз, калганын биз билебиз..” дешкен эле.., сиз туруп келатасыз!

Мөөнөт бүтсө жеңген адамга “атадан калбаган” армандуу тактыны татынакай жөрөлгө менен өткөрүп бериңиз.

Ошол салт уланса, анда каармандарча өлгөндөрдүн шору жоюлар...

Анан жылдар өтүп таяк кармап карыганда “Эркиндик” сейил көчөсүнөн (“Дзержинден”) жүзүңүз жарык басаарсыз.

Ошондо бул Жалган дүйнөнүн бактысын сезээрсиз.
Башкалардай бекинбей...


Жеңишбек Кадырбек уулу,
эркин журналист жана публицист,
“Азаттыктын” окурманы.
XS
SM
MD
LG