Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

Шакени күндө көрөбүз


Акын Шайлообек Дүйшеев өзүнүн 60 жылдыгына арналган жыйында (ортодо ак калпакчан). Кыргыз улуттук филармониясы. 2011-жылдын 26-февралы. Кыргыз президентинин интернет барагындагы сүрөт.
Акын Шайлообек Дүйшеев өзүнүн 60 жылдыгына арналган жыйында (ортодо ак калпакчан). Кыргыз улуттук филармониясы. 2011-жылдын 26-февралы. Кыргыз президентинин интернет барагындагы сүрөт.

Бул күндөрү 60 жылдык мааракеси белгиленип жаткан Шайлообек Дүйшеев “Азаттык” үналгысында иштейт.

“Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши” демекчи, Шакебизди бир көрсөм деп эңсеген кыргыздар миңдеп саналса керек. Биз болсо көптүн көзүн “катырган” бул киши менен күн сайын “сүзүшүп”, чайлашып, кээде акыйлашып келе жатабыз. Баарыбыздан кыйла улуу болсо да, баарыбыз текши Шаке дейбиз.

“Азаттыктын” айдоочусу күнүгө жерге жарык кире электе гезиттерге баяндама жасай турган Шакебизди, таңкы маекке чыкчу кабарчыны жумушка биринчи жеткирет. Гезит базарынан бир кучак гезит алган Шайлообек агайыбыз машиненин жарыгында окуп барат. Эгер кимдир бирөө таңкы үрүл-бүрүлдө машиненин ичинде гезит окуп бара жаткан кишини көрүп калса, аны “Азаттыктын” Шакеси деп биле берсе болот.

- Гезиттердин бойогу кургай электе Шайлообек агай болуп биз гезиттерди алабыз да. Ошол гезиттерди Шайлообек агай таңкы саат төрт-бештен тарта жетиге чейин окуп чыгып, эл-журтка айтып бериш керек. Түнкү саат төрт-беш болсо, ичинде бирөө гезит окуп баратат. Көргөн бирөө "ушул кишиге таң атпай гезит окуган зарыл бекен деп айтат го" деп күлүп калабыз,-дейт Шайлообек агай менен таң сүрө эфирге чогуу келчү кабарчыбыз Замира Кожобаева.

“Азаттыктын” кеңсесиндеги кабарчылар жакшы көргөн бир жай бар. Ал - биздин чакан ашкана. Таңкы эфир бүткөндөн кийин бул жерде идиш калдырап-шалдырап, кадыресе тиричилик башталат. Таңкы “булбулдардын” бири Замира адатынча чай белендеп, сүт бышырып дегендей. Шайлообек агай таттууну жакшы көрөт деп, жумушка эрте келчү жетекчибиз Султан Жумагулов дайыма колуна бир таттуу кармай келет.

- Эртең менен Шакенин тамашалары менен көңүлүбүз ачылат. Чай ичише баштайбыз. Бирөө сүт, бирөө пирожный ала келет. Бир күнү капкара болгон кекс көтөрүп келдим. Шаке карап туруп, “ушундай да кара нан алып келесиңби?” деп алымсынбай калды. Ага чейин жакшы бир печенье, пирожный алып келсек “ой, бул сонун турбайбы, жеп көрө элек турбайынбы” деп калчу. Анан Шакеге жеп көрсөңүз десем “Апей, кудая тобо, ушундай да капкара, анан таптаттуу нан болот экен, э" деп жатпайбы. Баарыбыз каткырып күлдүк. Шакемдин жоруктары көп. Бу кишини ит деле, мышык деле, балдар деле, чоңдор деле жакшы көрө берет. Адатта дүйнөсү таза кишилер ушундай бардыгына батымдуу болот.

Кыргыз Президенти Роза Отунбаева Эл акыны Шайлообек Дүйшеевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктоодо. 21.02.2011.
Кийинки күндөрү Шайлообек агайдын чай ичкенге да чолосу тийбей калды. Азыр ал 60 жылдык мааракесине кам уруп, колу бошобой жүрөт.
(Эртең менен шашып келип калган Шайлообек агайды Султан Жумагулов тамашалап калды)

-Ой Шаке, эмне бүгүн таттуу токочко келген жоксуз?

- Ай, эс алыш керек болуп жатат, психологически.
(Шайлообек агай гезиттерди барактап кирди. Бул күндөрү гезит беттери Шайлообек агайдын сүрөттөрүнө толуп калган)

- Сизди тытты го туш тарабыңыздан?

- Ой, тытып жатып акыры өзүм качтым. Ой, менин эч жерим калган жок ай.
(Гезиттерди барактап) Көрдүңбү ай, улут сыймыгына айланыш тез эле экен. Юбилейимди өткөрөм десең эле улут сыймыгына айланат экенсиң (каткырып).

- "Мен көп болуп кеттим" дебейсизби?

- Аа, мына, дагы мен!
(Шайлообек агай гезит беттеринен өзүнүн сүрөтүн карап жатат)

- О кокуй, кызды кучактап алгансызбы? Бул ким?

- Ооба да, мобул таластык кыз болчу.

- Анан эмне кучактап алгансыз?

- Ушуну ала калсам деп жүргөм да. Ал болсо, “мени менен Таласка кетсең мен сага тийем Шайлообек Дүйшеев” дечү. Ушинтип эле айтчу. "Ой, Таласка барып мен жинди болуптурмунбу, кел Ат-Башыга ала кетейин" десем барбайт. Анда кете бер дедим. Азыр кээде телефон чалып калат “Дүйшеев кандай?” депчи.

Эл менен тамашалашып жаткан Шайлообек агай ошол эле учурда компьютерди чакылдатып, колундагы толтура кагазын ары-бери оодарып, шашып терип отурат. Мен жумушта Шайлообек агайдын жанында отурам. Ал киши менен спорттук баяндамачы Кабыл Макеш бир компьютерде кезектешип иштешет. Эртең менен Шайлообек агай, түштөн кийин Кабыл агай ээлейт. Кээде экөө тең бир учурда келип калганда талашып, бирин-бири куйкум сөздөр менен чымчып-чымчып алмайлары да бар:

- "Компьютерди бошотуңуз" деп мен келем. Анан "экөөбүз бир поезде чиркешип, бир вагондо баратабыз" деп тамашалап коебуз. Ал ырларын, макалаларын терет. Анан кээде шашканда "мобурекини интернеттен тиякка жөнөтө койчу, же азыр жөнөтө калайын" деп чыйпылдап калат. Компьютерди жакшы билбейт деп ойлочубуз. Азыр болсо аны тытып калды,-дейт Кабыл Макеш.

"Азаттыктын" техникалык менеджери Съездбек Бекжанов Шайлообек агай компьютерди тез өздөштүрүп кеткенине ушул күнгө чейин таң калат. “Азаттыктын” жаштары агайды хакер деп тамашалашат.

- Агайдын курагындагы кишилерде көп эле кыйынчылык болсо керек. Агайды болсо хакер деп койсок болот. "Азаттыкка" келген жаштарга жанагы Adobe Audition деген программаны ушул Шайлообек агай үйрөткөнүн айтып калышат. Шайлообек агайга компьютерди бизде мурда иштеп кеткен дагы бир хакер эже Жаркын Суран кызы үйрөткөн экен. Көрсө Жаркын эже Шайлообек агайдан өткөн хакер экен. Шайлообек агай өзү ошентип айтып калат.

Бирок Шайлообек агайга компьютердин бир нерсеси жакпайт экен.

- Компьютер менен басып отургандан рахат ала албайм да. Анткени калем менен жазганга ушунча көнүп калгам. Кол жазма менен иштегенде, мен өзүмдү бир жерге жыйнап алып, акырын ошол сыясын төгүп жаткан калемдей болот да. Компьютерге алымсынбайм. Эми бул цивилизациянын, урбанизациянын бир көрүнүштөрүнө менин ички дүйнөмдүн каршылыгы болсо керек.

Негизи Шакеге 60 жаш жарашпайт. Анткени уландардан кем калышпай шуулдап, анча-мынчаны жеткирбей басканы шайдоот. Ишин тез, көзгө илинтпей жасап басып кеткенинде элес албай да калабыз. А эгер жумушка келбей калса, кадимкидей жоктоп издейбиз.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG