Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

Жеңишбек Кадырбек уулу: "Кет-кет" заманын кечип өтсөк...


Ош шаарында бийликтен кулаган К.Бакиев менен Убактылуу өкмөттүн тарапкерлеринин тиреши. 2010-жылдын 15-апрели.
Ош шаарында бийликтен кулаган К.Бакиев менен Убактылуу өкмөттүн тарапкерлеринин тиреши. 2010-жылдын 15-апрели.

“Мындан эки эле кыш илгери кайран Доке редакцияда баарыбызды күлдүрүп отурду...” Эркин журналист Жеңишбек Кадырбек уулу Кыргызстандын өткөөл доордогу руханий көйгөйлөрү тууралуу сереп салат.


Докебиз Жогорку кеңештин Төртүнчү чакырылышында вице-спикер болуп отурган жаш коллегасынын жоруктарын минтип баштайт...

Бир кезде Мелис сөз алып калып “туугандар, сөздү арабыздагы эң аксакалыбыз, ардактаган Эл артисибиз Дооронбек Садырбаев агабызга берсек...” десе, алиги сөз кылынып аткан депутат Докеге жетип барып: “Омээ-эй Дооронбек аке, сиз дагы ырдайсызбы?!” деген тура.
Ооба, тилекке каршы, бул тамаша эмес, кечээки эле Жогорку Кеңештин ичиндеги чындык.

Бул көрүнүш болгону макаланы баштоого туура келди дейли...
А бирок чындыгында кыргыз элитасын, интеллигенциясын жана эл бийлейбиз дегендерди акыркы 8-10 жыл ичинде караңгы желе басты, кадыры да, катары да жукарды, же жөн гана акпай калган көлчүктөй бузулду.

Эмне үчүн? Эмне үчүн биз мындай сенектикке туш болдук? Же дегеле жукарып, ооматыбыз кетип бараткан эл белек?

Андай эместир, карап көрөлү...
Март ыңкылабынан бир жыл өтпөй экс-мамкатчы Осмонакун Ибраимов: “ Азыр Акүйдө итттин уулу Байгара да отурат...” деп айтып чыкты.

Майдалабайын бирок кеп - эс-акыл, илим-билим, деңгээл туурасында кеткен болчу.

Демек, ал киши биздин учурда мындай эмес эле дегенди кыйыткысы келген. Туура, чынында советтик доордон бери кыргыз эли мынчалык анархияны, саясий жапайылыкты башынан кечире элек эле...

Акаевдин кезинде да кыргыздар жакшыбы жаманбы Акүйүбүздүн жанынан өтүп калсак ага астейдил урмат кылып карап, ал эми майрамдарда көпчүлүккө кошулуп жаман калпагыбызды ыргытып өтөөр элек.

Азырчы? Азыр акүй эмей эле каргаша үйдөй көрүнүп калды.
Бул демек кыргыз жаңы тарыхында болуп көрбөгөндөй саясий эле эмес руханий ылдыйлоо жүрүп жатканын айтып турат.

Муну менен кеп учугун 2005-жылдагы март ыңкылабына бургум келип туру.

Анткени ошол күндөгү ошол түндөгү башталган окуялар бүт кыргыздын көөдөнүнө жапайы мерездик салып, бүлүк түшүрүп бузганын сезген жокпуз. Мындайча айтканда чак түштөсү жин оору жугуздук. Ал ооруну “жиниккен сүрмө топ” дарты деп койсок жарашат, шекили.

Биз Акаев жана анын үй-бүлөсүн кууйбуз деп бир кадам алдыга жылганыбыз менен канча кадам артка кеткенибизди да моюндашыбыз керек.

Кызыгы, Аскар Акаев ошол 24-марттагы Акүйдү көздөй агылган жаштарды мындайча сүрөттөдү: ...мен көрдүм, алардын баары арак менен нашаага ууландырылгандар болчу...деди.

Ал эми өз башына түшкөндө урматтуу Салиевич дагы элди: ...ой буларың соо эмес... дебедиби. ...Соо эмес булар, бирдемкеге катуу ууланган! дебедиби.

Көрдүңузбү?!. Кимди күнөөлөйбүз?

Баса, бул макала саясий талдоо эмес, болгону элдин, болгондо да эл каймагыбыз деген катмардын өтө арзан, жат, төмөн этикалык, маданий ахвалга көз көрүнөө түшүп баратканы айтылса дегем.

Эл “мен лидермин” дегендердин бирин да текши туу тутуп сыйлабас болду.

Анткени болжолу 2004-жылдан баштап өлкөнүн Акүй менен Көкүйүнүн бийик, аялуу трибуналары Кыргызстандын булуң-бурчундагы чоң кичине аянттарына алмашты.

Бир кезде жалаң ак көйнөк , галстукчан көрүнгөн үлкөндөр ошондон бери аянттарда эл алдында жүрүшүп ичиндеги өз чындыктарын элге жайып бүтүштү.

Саясатчылар ич ара каршылашып, жиктешип ага дайыма карапайым элди курал катары сүйрөп жатышып, элдин аң-сезимине катуу доо кетиришти.

Ошонун натыйжасында энелерибиз “Обончу”, карыларыбыз аш бергендин “дүжүрү” атыкты.

Ал аз келгенсип саясатчылар эс-акылы менен эмес кара күч, муштуму менен сынашканды же мактанганды модага айлантты. Эки күндүн биринде “баланча депутат түкүнчө министрди жыга коюптур, кафеден ичип отуруп көзүн көгөртүптүр” деген иренжиткен, жерге түкүрткөн жоруктарын укчу болдук же журналисттер маашырлана жазчу болдук.

Улуттун руханий жайдактыгына эм болоор Жарыкты токтоосуз издөөбүз керек.

“Кыргыздар кедей, билими жок, аракка өч, китепке жок элбиз” деп маркум Салижан Жигитовдун безге сайганын туура кабылдашыбыз керек.

Замандын агымын тыңшап айта турган болсок , биз учурда байый турган, түптөлө турган, агара турган мезгилибиз эле...

Бирок тилекке каршы бүт дүйнө жапырт ааламдашып, күн эмес саат сайын алгалап аткан мезгилде биз колубузга союл көтөрүп, бирибизди шилиге чабышып отуруп бердик.

Кыргыз элин руханий өксүк башка кризистерден да өзгөчө тез соолутуп тынат. Анын жандырмагын кулк мүнөзүбүздөн, илгеркинин кебинен кетпей, барына жогуна да чыдап күн кечирип келатканыбыздан, өзүбүз көп байкабаган менен түбөлүктүүлүк салтынан чыкпай жашап жатканыбыздан издесек болот.

Айталы, бизде “эл эмне дейт!!!” деген каныбыз менен бирге айланган салт бар эле... Тилекке каршы аны азыр жалгыз карапайым калк гана асырап сактап келет...

Адабият менен маданиятыбызсыз кантип эл болобуз! деп ара чоло үн каткан жазуучу-агартуучулардын үнү бийлик алдында ыйлап басылаар баланын таарынычындай гана элес калтырып келет.

Адабият демекчи, ошол эле заман сынчысы Жигитов Салижандын дагы бир үшкүрүгүн мисал тарталы: “Биздин эл кокус байып кетип эле китеп окубаса, окубайт. Же элибиз көбөйсө ошондо адабиятыбыз өнүгүп кетиши мүмкүн. Жакында бир еврей жазуучусу айтат: эгер бир элдин 2 пайызынын эле китеп сатып алганга мүмкүнчүлүгү болсо, ошол элде адабият өнүгө берет, - дейт. - Кыргыз азыр 3 миллион эл. Демек 2 пайызы 20 миң. Эгер болжол менен ошончобуз эле китеп сатып алып окуганга жарасак анда адабиятыбыз жашай берет”, - деп айтканы бар.

Бул мисал менен биздин азыркы рухий ахвалыбызды салыштырып алсак болот.

Мындан бирнече жыл мурда Жогорку Кеңештин жыйынында Саламаттык сактоо министрлиги трибунадан “азыр бизге йод жетишпей жатат ..” тейинде доклад окуп атса айтылуу депутаттарыбыздын бири “ бизге йод эмес уят жетишпей жатат...” дегени эске түшөт.

Бүгүнкү коомдогу чыңалуунун бирден бир себеби Чоңдорубуздун ойлонбой каршылаш тобунун (алар дагы кыргыз эли) жарасын тырмаган, козуткан, булганыч сөздөрдү байма–бай колдонгондугунан болууда.

Акыркы эле 5 жыл ичинде кыргыз лексикону президентинен баштап майда “революциянерлерине” чейинкилердин жосунсуз сөздөрүнөн улам китеп кылып чыгарчу шакаба-фразаларга толду.

Башка ондогон мисалдарды тек коёлу, дагы көпчүлүк президент ордуна көргүсү келген Алмазбек Атамбаевдин эң соңку эл алдындагы бир сөзүн алып көрөлү: “...эгерде дагы кимде ким бийликти басып алам деп Акүйгө келчү болсо биз аларды көчүккө тээп айдап чыгабыз” дейт.

Ушундай сөздүн элге канчалык таасири болоорун ойлонбой атабыз.

Анысы “автомат кармап акүйдү коргойм” дегенден эч алыс айырмасы жок.

Же болбосо “Ата-Журт” партиясынын ЖК алдындагы эң соңку жыйынын алалы.

Партия лидерлеринин бири айтып жатат: “Атажуртчулар аман болгула. Буюрса эч кимге бир дагы атажуртчунун чекесинен черттирбейбиз. Кыргызстанды “Ата-Журт” багат” деп.

Айтор бизде бөлүнгөндөн бөлөк жылуу, жарык сөздөр айтылышы кыйын болду.

Кең орустун бир эле жириновскийи болсо бизде эл менен журналисттердин “жөн эле” эрмегине айланган “суу жинди” саясатчыларыбыз көбөйдү. Көпчүлүк мамлекеттик чиновниктер өзүнүн милдеттүү жасай турган кызматын сөзсүз гезит беттерине бадырайып чыгуу үчүн эле жасап жатышкандай элес берет.

Болбосо Кыргызстандын бүгүнкү ахвалында гезит бетин бербей мактанып айта турган жөнүбүз жок болууга тийиш эле.

Союз кезинде совет бийлиги мамлекеттик кызматкерлер эле тургай ар бир жарандын үй бүлөлүк чатагына дейре кийлигишээр эле. Азыр өзүбүздү элдин эмес кудай алдында дагы жоопкер эместей сезебиз.

Жогорку Кеңеште депутаттардын сессияда канча ирет ооз ачып сүйлөгөнү, эмне мыйзам жазып канчалык иш кылып жатканы, алардын ички-сырткы маданиятынан баштап дегеле Эл өкүлү катары орду канчалык экендигин айтып, баалап тескеген критерийлер жок.

Болбосо эзели эки ооз сөз айтканга жарабаса да, сессияга келбей казинолоп жүрсө да улам жаңы чакырылыштан чакырылышка өтүп келаткандарга баа берилет эле.
Ошондо пул болсо депутаттык да болот түшүнүгүндөгүлөр парламентке келгенге умтулбай калат эле.

ЖКда куду мектептегидей тартип маселеси күндө көтөрүлүп, Төраганын “мындан ары кимде ким себепсиз сессияга келбесе айлыгы кыркылат, прессага берилет...” деп окуучулардай урушканы акыркы чакырылыштын акыркы күндөрүнө дейре жашап келди.

Сыягы, парламентти тартипке келтирүүдө “депутаттар жыйынга милдеттүү түрдө костюм, галстукчан келиш керек” деген жарлык гана түзүк ишке ашты көрүнөт.

Бирок анысы юморист Ж. Өмүралиевдин “Галстугу бар экен, калыстыгы жок экен” аныктамасынан ары ашпай жатпайбы.

Тартип демекчи, Бакиев тушундагы УКК төрагасы М. Суталиновдун айтылуу “кол жаңсоо” окуясына эгерде бийликтин Абийир боюнча баш ооруткан бир бутагы иштегенде “кой, жолдош министр, аныңды көргөзгөн уят болот” деп айтат эле. Тыят эле...

Дагы бир айтчу сөз, министрликтердин парламент алдына жаңы мыйзамдарды өткөрүүгө келгени, министрлердин отчет тапшыргандары же кызматта калуу таклибдери Жогорку Кеңеш ичинде чоң кызыл кулактыкка айланган.

Мурдагы кыргыз парламентинин отурумунан. 2009-жылдын 19-февралы.


Анын туу чокусу катары 2007-жылы бир ири аткаминердин премьерликке өтүү “процессин” жана ал кызматтын куну ал киши үчүн канчага чыкканын келтирсек болот.

Ошол окуядан соң журналисттик иликтөө кылып эл өкүлдөрүнөн “министрлер алдыңарга түшүп келеби..?” деген сурамжылообузга дээрлик баары алардын кол куушуруп келишээрин, бирок баары бир “алдыңа келсе атаңдын кунун кеч” саясатынан аттап кете албай калышаарын моюндашкан эле.

Депутаттар эле эмес бүткүл мамлекеттик чиновниктер эл көзүнө даана уруна турган дагы бир жагдай ал, той-топур жана куран окутулган учурлар.

Муну кезинде айрым депутаттар, маселен, “Дасмияда” куран окутула турган болсо, ал жерге бери дегенде 300дөй мамлекеттик кызматкерлер бараарын, ошончо мамлекеттик кызматкердин ошончо мамлекеттик иши токтоп атканын, алардын кызмат машиналарына мамлекеттин ошончо майы короорун... гезит беттеринде айтып келишкен.

Айтор, аялуу этика, абийир маселесин өзүбүзгө эскерткич иретинде, коңгуроо ирээтинде үзбөй козгоп турганыбыз оң.


Жеңишбек Кадырбек уулу.

Жеңишбек Кадырбек уулу кыргызстандык эркин журналисттердин бири. Учурда ал чет өлкөдө жашайт. Бул серепте айтылган ойлор анын авторуна гана таандык жана аларды сөзсүз эле “Азаттык” үналгысынын пикирине дал келет деп кабыл алууга болбойт.
XS
SM
MD
LG