Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:29

Анкара-Москва: чөнтөк башка, саясат башка


Крым татарлары
Крым татарлары

Расмий Анкара Крым жарым аралы Украинанын ажырагыс бөлүгү экенин кайра эскертти. Орусия Крым жарым аралын 2014-жылы мартта аннексиялап алган.

Бул жөнүндө Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу 12-январда Берлиндеги маалымат жыйынында билдирди:

- Крым жана крым татарлары менен биздин тарыхый байланышыбыз бар. Ошого жараша тарыхый жоопкерчилигибиз бар. Себеби, мен айткандай, 19-кылымда Орусиядан качкан миллиондогон татарлар Түркияда жашайт. Крымда дале 300 миң крым татары жашайт. Алардын жыргалчылыгы биз үчүн маанилүү. Крым Украинанын ажырагыс бөлүгү - бул биздин негизги саясатыбыз. Ошол эле учурда биздин Орусия менен мамилебиз абдан жакшы. Биз мындай байланышты Украина боюнча өз позициябызды өзгөртпөстөн эки коңшу катары кармана беребиз.

Ахмет Давутоглу
Ахмет Давутоглу

10-ноябрда Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу да Киевге барганда расмий Анкара Крым мыйзамсыз аннексиялап алынды деп эсептээрин жана Украинанын территориялык бүтүндүгүн колдой турганын айткан эле.

Премьер-министр Давутоглу белгилей кеткендей, Түркия-Орусия арасындагы экономикалык мамиле туруктуу нукта өнүгүүдө. Статистикалык маалыматтар боюнча, эки өлкө 2013-жылы 32 миллиард долларга соода кылган. Түркия үчүн Орусия Германиядан кийинки экинчи маанилүү экономикалык өнөктөш. Ага карабай, Орусиянын Крымды өзүнө кошуп алуусун тааныбаганын дембе-дем эскертип, бирок Батыш мамлекеттеринин Орусияга каршы санкциясын колдобогонун кандай түшүнсө болот?

Стамбулдун Коммерциялык университетинин профессору Надыр Давлет Түркиянын берегидей эки ачакей позициясын өлкө НАТОго мүчө экенине байланыштуу дейт:

- Ооба, премьер-министр Ахмет Давутоглу Түркия крым татарларынын укуктарын колдойт, Крым Орусияга эмес, Украинага таандык деп ар дайым айтып жүрөт. Бул жаңылык эмес. Ахмет Давутоглу тышкы иштер министри кезде да, Орусия менен мамиле абдан сонун экенине карабай, ушул сөздү айткан. Биз Орусия менен бизнес кылуудабыз. Бир жагынан Орусия экономикада жакшы өнөктөшүбүз. Экинчи жактан биз НАТОго мүчөбүз. Ошон үчүн Давутоглу ушундай мааниде сүйлөйт.

Ахмет Давутоглу августта башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасы жана премьер-министр болуп шайланганга чейин беш жыл бою Түркиянын тышкы иштер министрлигин жетектеген. Андыктан Крым боюнча Түркиянын позициясын кайра эске салуу Орусиянын кежигесин кер тарттырганы менен өз ара алыш-беришке кыпындай да зыян этпейт деп ишенет профессор Надыр Давлет:

- Мен антип ойлойбойм. Мисалы, Анкара жана Москва Сирия маселесинде бири-бирин түшүнөт. Путин декабрда Анкарага келгенде Орусия Түркия менен экономикалык байланышты дагы кеңейтерин, Түркияга АЭС куруп бергени жатканын, өз ара кызматташууну жакшыртууга дагы башка мүмкүнчүлүктөр бар экенин айткан. Ошон үчүн саясат жана экономика эки бөлөк нерсе.

Путин Анкарада болгон кезде “Түштүк агымы” газ куурунун бир бучкагы Түркияга тартылары жана эки өлкө арасындагы соода 2020-жылга 100 миллиард долларга чыгарыларын да жарыяланган. Бул жагдай, серепчинин баамында, эки жакты бири-бирине сабырдуу болгонго мажбурлайт.

XS
SM
MD
LG