Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20

Түркия: “Эргенекон” иши боюнча өкүм чыгууда


Cот имаратына кирүүгө умтулган демонстранттар. 5-август, 2013-жыл.
Cот имаратына кирүүгө умтулган демонстранттар. 5-август, 2013-жыл.

Түркияда армиянын жогорку даражалуу офицерлери соттолууда. Алар өкмөттү төңкөрүүнү көздөгөн деген айыпталышкан. Бул сот жараянын жана анын жыйынтыгында чыгарылган өкүмдү Түркиянын секулярдык оппозициясы сынга алып жатат.

“Ассошиэйтед Пресс” агенттиги мамлекеттик ТРТ телеканалына шилтеме берип жазгандай, Түркия сотунун дүйшөмбүдөгү өкүмү менен армиянын Башкы штабынын мурдагы башчысы Илкер Башбугду кошкондо кеминде 18 айыпкер өмүр бою түрмөгө кесилди.

Айыпкерлердин кеминде 21 акталса, 64ү бир жылдан 47 жылга чейин түрмө жазасын алышты.

Айыпкерлердин тизмесинде жалпысынан 275 адам бар болчу. Калгандарына кандай өкүм чыкканы же чыгарылары азырынча белгисиз.

Беш жылга созулган бул сот жараяны “Ассошиэйтед Пресс” агенттиги белгилегендей, Түркиянын секулярдык элитасы менен премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын исламчыл “Адилеттүүлүк жана Өнүгүү” партиясы ортосундагы тирештин борбордук окуясы катары каралып келет.

Дүйшөмбү күнү арасында аскер адамдарынан тышкары журналисттер, оппозициядагы саясатчылар, окумуштуулар, адвокаттар да бар айыпкерлерге тилектештик көргөзүүнү көздөгөн жүздөгөн демонстранттар Стамбулдан 40 чакырымдай аралыктагы Силиври деген жерде сот имаратын көздөй жүрүш жасоого аракеттенгенде, полициянын атайын күчтөрү аларды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонду. “Биз Мустафа Кемал Ататүрктүн аскерлерибиз”, - деп кыйкырып жатышты сот имараты алдына чогулган демонстранттар.


Премьер-министр Эрдоган жана генерал Башбуг. 28-февраль, 2010-жыл.
Премьер-министр Эрдоган жана генерал Башбуг. 28-февраль, 2010-жыл.
Өмүр бою түрмөгө кесилген генерал Илкер Башбуг Түркия Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабын 2008-2010-жылдардын аралыгында жетектеген. Ал сотто өзүнө коюлган айыптардын баарын четке какты.

Прокурорлор генерал Башбуг баштаган аскер адамдарын "Эргенекон” деп аталган террордук уюмга тиешеси бар, өкмөткө каршы төңкөрүш уюштурууну көздөгөн, мыйзамсыз курал сактаган деп айыпташкан эле.

Оппозиция өкүлдөрү сот өкүмүн дароо эле айыпташты. Республикалык партиянын депутаты Акиф Хамзачеби кабарчылар менен маегинде:

- Сот аскерий колбашчыны өмүр бою түрмөгө кести. Бул армия келише турган иш эмес. Сиз армиянын башчысын террорчу катары соттосоңуз, муну менен Түркия республикасынын армиясына сокку уруп жатканыңыз. Адамдар буга макул болушпайт. Бул сот өкүмү аркылуу адамдар барымтага алынышты. Соттолгондор түрмөгө эмес, барымтага түшкөндөр.

Түркияда өзү армия ар убак өлкө Конституциясынын кепили катары каралып келген жана бийликти Режеп Тайып Эрдогандын АК партиясы алгандан тарта эки ортодо тирешүү байкалган.


Сот болгон жер. 5-август, 2013-жыл.
Сот болгон жер. 5-август, 2013-жыл.
Армия Түркияда 1960, 1971, 1981- жылдары үч ирет төңкөрүш жасаган жана 1997 –жылы исламчыл саясатчы, азыркы премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын насаатчысы Нежметин Эрбакан башкарган өкмөттү кызматтан чегинүүгө мажбурлаган эле.

Бийликке Эрдоган келген 2002-жылдан бери армиянын жүздөгөн офицерлери камалды. Сынчылар муну армиянын саясатка таасирин азайтууга багытталган кадам катары баалашкан.

Буга чейин 2012 –жылы да сот армиянын отставкадагы жана кызматтагы 300дөн ашуун офицерин, алардын арасында аскер –аба жана аскер-деңиз күчтөрүнүн мурдагы колбашчыларын өкмөттү кулатууну көздөгөн деген айып менен 20 жылга чейин түрмөгө кескен.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG