Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:24

Сирия: Орусия тараптарды диалогго чакырды


Сирия - Эл аскерий учактар сокку урган жерге чогулууда, Азаз шаарчасы, 13-январь, 2013.
Сирия - Эл аскерий учактар сокку урган жерге чогулууда, Азаз шаарчасы, 13-январь, 2013.

Сирия президенти Башар Асаддын союздашы – Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров жаатташкан тараптарды кайрадан диалогго чакырды.

Лавровдун айтымында, Орусия оппозиция согушкерлери жана Сирия лидерлери учурдагы кан төгүүнү токтотуш үчүн президент Башар Асад менен сүйлөшүүгө отурушу абзел деп эсепейт. Бирок бир аптадай мурда эле президент Асад өзү бийлигине каршы көтөрүлгөндөр менен диалогго барбай турганын ишара кылган болчу.

Орус тышкы иштер министри Сириянын каршылашкан тараптарын кайрадан диалогго чакыруусун президент Башар Асаддын жакындагы жаңы сунуштары менен негиздеди.

Сергей Лавровдун пикиринде, Сирия оппозициясы ал сунуштарга жооп бериши абзел:

- Бул кырдаалдан чыгуу биздин ишенимибизде, кайрадан эле Женева комюникесине негизделүүсү керек. Бирок дагы бир жолу айтам, алдын-ала эч бир шарт коюусуз. Анткени алдын-ала шарттар диалогдун башталуусуна мүмкүндүк бербейт. Баарын, анын ичинде азырынча диалогдон караманча баш тартып жаткан оппозицияны сүйлөшүү столуна олтурууга мажбурлаш керек.

Президент Асад өткөн жекшембидеги телекайрылуусунда улуттук элдешүү конференциясын өткөрүүнү жана жаңы Конституциянын долбоорун иштеп чыгууну сунуш кылган. Бирок анын бийлигине каршы көтөрүлгөндөрдү Батыштын “тактекелери” деп атап, алар менен сүйлөшүүгө барбай турганын билдирген.

Мындан улам Асаддын сөздөрү эл аралык коомчулукта сынга кабылган эле. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Асаддын айткандарына нааразылык билдирсе, АКШ жокко чыгарган.

Улуттар уюму менен Араб Лигасынын Сирия боюнча чабарманы Лахдар Брахими Сириянын өткөөл өкмөтүндө Асадга орунду көрө албай турганын айткан болчу:

- Сирияда менимче, адамдар үй-бүлөлүк башкаруунун 40 жылга созулуусу абдан эле узактык кыларын айтып жатышат. Андыктан өзгөрүүлөр реалдуу болушу абзел. Менимче, президент өз элинин мүдөөсүнө жооп берүүдө каршылык көрсөтпөстөн, тескерисинче жетектөөчү ролду ойной алат.

Оппозиция согушкерлери Асаддын соңку сөзүн согушту кайра жарыялагандык катары мүнөздөшкөн.

Бул аралыкта Сирияда кан төгүү уланууда. Оппозиция активисттеринин ырастоосунда, өкмөттүк күчтөр жекшемби күнү борбор Дамасктын чет жакасында, согушкерлер көзөмөлдөгөн аймакка абадан сокку уруп, кеминде 36 адамды мерт кылган.

Мындан сырткары аскерий учактар жекшембиде Түркия менен чек арадан он чакырым алыстыктагы Азаз шаарчасында башкы базарга да сокку урган. Оппозиция активисттеринин ырастоосунда, андан кеминде 16 согушкер же жөн-жай тургун каза тапкан.

Эл аралык уюмдар болсо Сирия боюнча жаңы билдирүүлөр менен чыгууда. Маселен “Эл аралык сактоо комитети” деген бейөкмөт уюм качкындар саны 600 миңден ашканын, зордук-зомбулук күчөгөнүн эске салып, өлкөдөгү гуманитардык кризисти чечүү үчүн токтоосуз чараларга чакырды.

Ал эми “Хьюман Райтс Уот” уюму Сирия армиясы кластердик ок дарынын жаңы түрүн, же ракета менен атылуучу кластердик бомбаларды алгачкы ирет колдонгонун айтып чыкты.

“Хьюман Райтс Уочт" күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө, активисттердин видеолоруна, журналисттердин сүрөттөрүнө таянуу менен ок-дарынын мындай түрү декабрда Идлиб шаарынын жанында, январдын башында аль-Латамнех шаарындагы уруштарда колдонулган деп эсептейт. Мурда Сирия армиясы абадан ташталуучу кластердик бомбаларды пайдаланганы айтылган.

Кластердик бомбалар жарылгандан кийин да майда бөлүкчөлөргө бөлүнүп, түшкөн жеринде жата берет. Кимдир бирөө жаза басып тийип алса, кайра жарылат. Мындай бомбаларды колдонууга тыюу салган эл аралык келишимге дүйнөнүн жүздөн ашуун өлкөсү кошулган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG