Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:13

ИМ тобу Рамадинин артынан Палмираны алды


Палмиранын байыркы бөлүгү. 17-май, 2015-жыл.
Палмиранын байыркы бөлүгү. 17-май, 2015-жыл.

Сирияда “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери байыркы Палмира шаарын толук көзөмөлгө алганы ырасталды.

Муну менен алар ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесиндеги тарыхый жайларга да киришти. Бул аралыкта АКШ администрациясы Ирактын өкмөтүнө танкка каршы куралдардан миңди жөнөтүү чечимине келди. Мындай чара администрациянын “Ислам мамлекети” тобу боюнча стратегиясы сынга алынып жаткан учурда көрүлүүдө.

Палмира шаарын толук көзөмөлдөп, анын ичинде аскерий жабдууларын да ээлегенин “Ислам мамлекети” тобу өзү да билдирди.

Рейтер агенттигинин маалыматы боюнча, Палмира Сириянын ИМ тобу армиядан жана ага өнөктөш күчтөрдөн тикелей тартып алган алгачкы шаары болуп олтурат.

Сириянын мамлекеттик телесинин ырастаганына караганда, өкмөттүк күчтөр Палмирадан чегинүү менен катар жайкын калктын көпчүлүгүн эвакуациялоого жетишти.

“Ислам мамлекети” тобунун “Палмирадагы террордук чабуулу Сириянын коомунан жана цивилизациясынан өч алуу”,- деп белгиледи мамлекеттик САНА агенттиги.

Сирия аскерлери Палмираны коргоп жаткан учур. 17-май, 2015-жыл.
Сирия аскерлери Палмираны коргоп жаткан учур. 17-май, 2015-жыл.

Бул өлкөдөгү окуяларга тыкыр мониторинг жүргүзүп келе жаткан уюм - Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын эсебинде, Палмираны ээлөө менен халифатчылар Сириянын жарым аймагын көзөмөлдөп калды.

Аталган уюм жериндеги байкоочуларына шилтеме жасап кабарлагандай, Палмирадагы уруштарда өкмөтчүл күчтөрдүн кеминде жүздөй адамынын өмүрү кыйылган.

Аскерлер Палмиранын айланасындагы турумдарынын баарын, анын ичинде чалгын бекеттерин, аскерий базаны жана түрмөнү да таштап кетишкен.

Рейтер агенттигинин Жакынкы Чыгыштагы кабарчыларынын жазганына караганда, Сириянын “Ислам мамлекети” тобу басып алган аймактарынын көбүндө азыр эл жок.

Бирок халифатчылардын колуна эми өткөн Палмира борбор Дамаскты жана Хомс шаарларын согушкерлер көзөмөлүндөгү чыгыш провинциялар менен туташтырган кан жолдун боюнда жатканы, заманбап аскерий жабдуулар орнотулганы менен баалуу.

Палмирада атышуулар жүрүп жаткан учур. 19-май, 2015-жыл.
Палмирада атышуулар жүрүп жаткан учур. 19-май, 2015-жыл.

Кезинде Батыш - Чыгыш соода жолунун тоомундагы маанилүү маданий очок болгон Палмирадагы урандылардын көбү I-II кылымдардагы доорго таандык.

“Ислам мамлекти” тобу коңшу Иракта байыркы археологиялык жайларды, эстеликтерди талкалаганын эске алганда, Палмира да мына ушундай тагдырга кабылбайбы деген кооптонуулар да айтылууда.

Бул аралыкта АКШ “Ислам мамлекети” тобунун жаңы кол салууларына кабылган Ирактын өкмөтүнө танкка каршы курал берүүнү тездетип, 1000 даананы июнь айында жөнөтүү чечимине келди. Америкалык расмий өкүлдөрдүн бири муну Рамади шаарындагыдай чабуул ыкмасын токтотууга жардам берүү деп түшүндүрдү.

Мындай чара АКШ администрациясынын ИМ тобу боюнча стратегиясы суроо жаратып, оппозициядагы республикачылардын сынына кабылган учурда көрүлдү.

Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест Вашингтондогу басма сөз жыйында:

- Президент Обаманын стратегиясынын ийгиликтүүлүгү боюнча суроолор жаралды. Биз буга дейре күбө болгондой, “Ислам мамлекети” тобуна каршы кургакта жергиликтүү күчтөрдүн күрөшүүсү, ал эми коалициянын абадан колдоо көргөзүүсүн караган стратегия ийгиликке жетти. Мисалы Кобани шаарын жана анын айланасын бошотууда бул стратегия иштеди. Албетте, Рамадини “Ислам мамлекети” тобунун алышы артка кеткендик болду. Биз муну жашырбайбыз. Мындай артка кетүүлөр мурда да болуп, бирок кайра дароо эле ийгиликтер менен коштолгон. Силер билгендей, биздин максат - “Ислам мамлекети” тобун алсыратып, акыр-аягында талкалоо. Бул аларды Рамдиден сүрүп чыгаруу дегенди да билдирет.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн биринин айтымында, Ирактын Рамади шаарынын согушкерлердин колуна өтүп кетишинин себептерин анализдөө ал жерге брондуу аскерий унаалар бомба жасоочу заттар жетиштүү көлөмдө ташылып келип, автоунаа айдаган жанкечтилердин жардыруулары көп санда, шаардын ар кайсы кварталдарында жасалганын көргөзгөн.

Ал эми Рамадинин борбордук бөлүгүндөгү коопсуздук периметрин бузуу үчүн жардыруучу затка шыкалган бульдозер колдонулган.

Рамадиден качкандар. 20-май, 2015 -жыл.
Рамадиден качкандар. 20-май, 2015 -жыл.

Сунниттер жашаган Анбар провинциясынын борбору, стратегиялык жактан маанилүү Рамади шаары “Ислам мамлекети” тобунун колуна ушул жекшембиде толук өтүп кеткен эле.

Учурда Ирактын коопсуздук күчтөрү жана алар жардамга чакырган шиит кошуундары Рамадиден көп алыс эмес Хаббания деген жерде контрчабуулга даярдык көрүүдө.

Өкмөттүк күчтөр ырстагандай, алар топтолгон аскерий база менен Рамадинин ортосундагы коргонуу тилкесин бузуу үчүн “Ислам мамлекети” тобу өткөн түнү жасаган үчүнчү чабуулдун да мизи кайтарылды.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG