Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:56

ИМдин торуна чалынган чечен жаштары


Сириядагы "Ислам мамлекети" тобунун орус тилдүүлөр батальонун командири, Ахмед аш-Шишани деген ат менен белгилүү Ахмед Чатаев (солдо).
Сириядагы "Ислам мамлекети" тобунун орус тилдүүлөр батальонун командири, Ахмед аш-Шишани деген ат менен белгилүү Ахмед Чатаев (солдо).

Чеченстанда Сирияда согушуп келген деп шектелген эки жаранга каршы кылмыш иши ачылды. Орусиянын тергөө комитетинин Грозныйдагы өкүлүнүн билдиришинче, ага-инилер Иляс жана Ибрагим Межиев Сирияда согушка катышканын мойнуна алышкан.

Сот аларды күнөөлүү деп тапса, бир туугандар 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Расмий маалымдалгандай, ага-инилер 30-мартта Чеченстандын Бурун кыштагында өткөрүлгөн операция маалында колго түшүрүлгөн. Мажиевдердин улуусу Иляс 24 жашта жана кичүүсү Ибрагим 22 жашта.

“Кавказ түйүнү” сайтынын Бурун кыштагынын жашоочуларына шилтеп жазышынча, бир туугандар Орусиянын Краснодар шаарындагы Медициналык институтта окуп жүргөн жеринен былтыр Сирияга аттанып кетишет. Алар “Жайиш-ул-Мухажирин вал-Ансар” тобунун катарында согушуп жүрүп, быйыл Чеченстанга кайтып келишет.

Аларга Орусия Федерациясынын кызыкчылыгына каршы күрөшүү максатында чет мамлекеттин аймагындагы мыйзамсыз куралдуу топтун катарына кирген деген негизде кылмыш иши ачылган.

Сириядагы исламчыл топторго кошулуп, жанын канжыгага байлаган чечендердин эң чоң тобу – Түндүк Кавказ тобу. Анын желдеттери, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, Сирия жана Ирактагы “Ислам мамлекети” террордук тобуна кирет.

Чеченстандыктардын, өзгөчө жаштардын Жакынкы Чыгыштагы жихадчыларга барып кошулуу себеби эмне? Бул суроого москвалык илимпоз Ахмет Ярлыкапов мындай жооп берди:

- Түндүк Кавказда ислам долбоору ишке ашкан жок. Ошон үчүн кээ бирөөлөр Ирак жана Сирияда орто кылымдык халифат курууга бел байлаган “Ислам мамлекети” тобун идеал тутушат. Алар халифатчылардын катарына кошулуп, бийликке келсек, дүйнөлүк революция жасасак, өз жерибизде да жакшы болот деп ойлошот.

Тарых илимдеринин кандидаты Ахмет Ярлыкапов - Орусия илимдер академиясынын Этнография институтунун улук илимий кызматкери.

Теги ногой Ахмет Ярлыкаповдун айтымында, жарандар, айрыкча, жаштар “Ислам мамлекети” сыяктуу радикалчыл куралдуу топтордун адилеттүү, жемкорсуз коомду курабыз деген азгырык-пропагандасына алданууда:

- “Ислам мамлекети” радикал тобунун пропагандасы күчтүү. Алар пропагандалык видеотасмаларында жаштардын көйгөйлөрүн быкынга сайып көрсөтөт. Андай видеороликтерден жаштар өз суроолоруна жооп табат. Ошон үчүн Орто Азия, Орусия жана Европа ага каршы турчудай пропаганда тапкан жок. Иштеп чыга элек.

Чечендер, анын ичинде Грузиянын Панкиси өрөөнүн байырлаган кистебилер “Жайиш-ул-Мухажирин вал-Ансар” деген топко бириккен жана өздөрүн Кавказ Эмираты уюшмасынын Сириядагы бучкагы деп санашат.

Чечендердин “Жунудаш-Шам” тобу Сириянын Латакия шаарында жайгашкан. Анын командири кистеби чечени - Мурад Маргошвили же Муслим аш-Шишаны. Сирия же Иракта чечен согушчандарынын “Ажнад ал-Кавказ” жана “Тархан жамаат” топтору да бар.

“Ислам мамлекети” уюмун Кыргызстан, АКШ, Араб Лигасынын мүчөлөрү, Британия, Индонезия, Түркия, Сауд Арабия жана башка мамлекеттер террордук уюм деп жарыялаган.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилеринин бири, полковник Рафик Мамбеталиевдин 2-февралда билдиришинче, Сирияда 200дөн көп кыргызстандык, анын ичинде 30 аял казатта жүрөт.

XS
SM
MD
LG