Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:41

Сирия: "Женева-2" убагында өтпөй калышы мүмкүн


БУУнун жана Араб лигасынын Сирия боюнча чабарманы Л.Брахими, 2013
БУУнун жана Араб лигасынын Сирия боюнча чабарманы Л.Брахими, 2013

БУУ менен Араб лигасынын Сирия боюнча чабарманы Лахдар Брахими 5-ноябрда Женевада улук дипломаттардын Сирияда согушту токтотууга арналган экинчи талкуусун өткөрүүгө камылгаларды сүйлөштү.

Брахими Орусиянын жана АКШнын тышкы иштер министрлеринин орун басарлары, ошондой эле, АКШнын Сириядагы элчиси Роберт Форд менен көрүшкөн. Анткен менен эки жарым жылдан бери жарандык согуш жүрүп жаткан өлкөдө тынчтыкка жетишүү үчүн өткөрүлчү тегерек үстөлдүн өзүн пландоо да азыр оңой болбой турганы айкын боло баштаган өңдүү.

Жабык өтүп жаткан талкууга кийинчерээк Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги дагы үч туруктуу өлкөнүн – Кытай, Франция жана Британиянын – өкүлдөрү кошулмакчы. Алардан сырткары Сириянын коңшулары Ирак, Иордания, Ливан жана Түркиядан, ошондой эле, Араб лигасынан да адамдар келишет.

Бул жолку сүйлөшүүдө дипломаттар Сириядагы тынчтыкка арналып өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн “Женева-2” деген аталышта экинчи айлампасына даярдыктарды сүйлөшүшү керек. Бирок Орусиядагы “Итар-Тасс” агенттиги даярдык жолугушууларына катышып жаткан ишенимдүү булакка шилтеме менен “Женева-2” мурда айтылгандай ушул айда болбойт деп кабарлады. Ал ишенимдүү булак дүйнө өлкөлөрүнүн талкуусу “эң эле эрте дегенде декабрда өтөт” деген.

Бүгүн АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри “Женева-2” жолугушуусуна Сириядагы расмий бийлик да, оппозиция да катышышы керек деди.

"Орустар, ирандыктар жана Сирия режимин колдоп жаткандар расмий Дамаск өз милдеттенмесин аткарып, бул өлкөдөгү конфликтти чечиш үчүн өткөрүлүп жаткан талкууга катышышы үчүн аны көндүрө алышат деп үмүттөнөм", - деди Мамкатчы.

Варшавадан сүйлөгөн Керри “Женева-2” жолугушуусунда Сирияда өткөөл бийлик боюнча былтыркы “Женева-1” талкуусунда түзүлгөн планды аткаруунун жолдору талкууланарын айтты.

Бирок ошол сүйлөшүүлөрдө Сириядагы бийликте президент Башар ал-Асад калабы-жокпу деген суроого так жооп айтылган эмес.

Сирияда азыр президентке каршы согушуп жаткан оппозиция өлкөнүн болочок өткөөл өкмөтүндө Асадга бир да орун болбошу керек деп билет. Дамаск болсо кандай болгон күндө да Асад бийликтен кетпейт деп келатат.

Сириянын маалымат министри Омран Зоаби ушул аптанын башында сүйлөгөн сөзүндө: “Биз Женевага бийликти башка колго өткөрүп бериш үчүн барбайбыз... Эгер андай максатыбыз болгондо, биз ал үчүн Женевага барып, самолетко акча коротуп отурбай эле бийликти Дамаскиде өткөрүп бермекпиз”, - деп какшыктаган.

Ал арада Асад режиминин дүйнөдөгү башкы колдоочусу Орусия кандай гана тынчтык сүйлөшүүлөрү болбосун, ал сөзсүз Ирандын катышуусу менен өтүшү зарыл деп белгиледи. Тышкы иштер министри Сергей Лавров: "Жагдайга таасир эте ала турган ким болбосун, сөзсүз конференцияга чакырылышы керек. Бул Сириянын коңшуларын, бүтүн Перс булуңундагы мамлекеттерди, Иранды да өзүнө камтыйт. Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги туруктуу мүчөлөр жана Түркия да ушул тизмеге кирет", - деди.

Ал эми Сирия оппозициясынын Улуттук коалициясынын жетекчиси Ахмад Жарба непада конференцияга Тегеран катыша турган болсо, оппозиция бул жолугушууга келбей турганын айткан.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG