Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:43

Орусия Белгороддо дрон чабуулунан жети киши каза болгонун билдирди


Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Украина менен чектеш Белгород облусунда автомашиналарга жасалган дрон чабуулунан кеминде жети киши каза болгонун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти жана бул соккулар үчүн Украинанын айыпташты.

Облус губернатору Вячеслав Гладковдун айтымында, чек арадагы Берёзовка айылында жолдо кетип бараткан "ГАЗел" жана жеңил машинеге жанкечти дрондор тийген, 40ка жакын киши жараат алды.

Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жараат алгандардын баары ооруканага жеткирилди, алардын үчөө балдар.

Орусия Украинага кол салгандан кийин бул өлкө менен чек ара тилкесиндеги айрым аймактары, айрыкча Белгород облусу соңку жылы түрдүү чабуулдарга кабылууда. Коргоо министрлиги ракеталар жана дрондор атып түшүрүлгөн окуялар тууралуу маалымат берип, Украинаны күнөөлөп келет. Украина адатта мындай билдирүүлөргө комментарий бербейт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG