Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Орусия Асадга арачы түшүүдө


Башар Асад менен Сергей Лавров, Дамаск, 2012-жыл. Орусиядан айырмаланып, АКШ жана анын өнөктөштөрү Асаддын өкмөтү менен иштешүүгө каршы.
Башар Асад менен Сергей Лавров, Дамаск, 2012-жыл. Орусиядан айырмаланып, АКШ жана анын өнөктөштөрү Асаддын өкмөтү менен иштешүүгө каршы.

Орусия АКШны “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөшкө Сирияны да кошууга чакырууда. Бул тууралуу орус тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Бирок АКШ жана өнөктөштөрү Сириянын диктатору менен кызматташтык анын бийлигин легитимдештирет деп эсептегендиктен буга каршы.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 9-август күнү билдиргендей, президент Владимир Путиндин “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы аракеттерди координациялоо сунушун АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен жакында Катарда жолугушкан кезинде көтөрдү.

Лавровдун айтымында, ал Кошмо Штаттардын башкы дипломатына Сирия армиясын “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшкө аралаштырууга байланышкан маселелерди ийне-жибине чейин бирге отуруп талкуулап алууну сунуштады.

Тилекке каршы АКШ Сирия президенти Башар Асаддын өкмөтүн “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлерине каршы күрөшүү боюнча эл аралык планга кошууга даяр эместигин дагы Орусиянын тышкы иштер мекемесинин жетекчиси билдирди.

Асаддын өкмөтүн “Ислам мамлекети” тобу менен күрөштө өнөктөш катары карай албасын расмий Вашингтон да жашырбайт. Вашингтондун жана анын союздаштарынын көз карашында Сириянын диктатору менен кызматташтык анын бийлигин эл аралык деңгээлде легитимдештирүүгө барабар болмок. Бул тууралуу Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест мындай дейт:

- Сириянын ичиндеги узактан берки саясий хаос “Ислам мамлекети” тобу өңдүү экстремисттик уюмдардын өлкөдө орун-очок алышына мүмкүндүк берди. Кыянатчылыктарды токтотуу үчүн биз “Ислам мамлекети” тобун алсыратып, акыр-аягында жок кылуубуз керек. Бирок көйгөйдүн чечилиши үчүн Сирияда саясий бийлик алмашуусу абзел.

АКШнын пикиринде, Асад президенттиктен кетип, Сирияда саясий бийликтин жаңы ээлери сүйлөшүү жолу аркылуу саясий жараян менен аныкталуусу керек.

Лавров жекшембиде теледен сүйлөгөн учурунда кошумчалагандай, АКШнын Асаддын өкмөтүнө каршы күрөшүп жаткан оппозицияга абадан колдоо көрсөтүү чечимине Орусиянын тынчсыздануусун да билдирди. Лавров Жон Керриге кокус жөн-жай тургундарга бомба тийип калса бул “эбегейсиз жаңылыштык болорун”, кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши ыктымалдуулугун да эскерткенин теледеги сөзүндө айтты.

Кошмо Штаттар болсо өнөктөштөрдүн Сирия оппозициясынын күчтөрүн машыктыруусун да “Ислам мамлекети” тобу менен күрөшкө байланыштырып жатат.

Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест Вашингтондогу басма сөз жыйында буларга токтолгон:

- Сирия оппозициясынын согушкерлерин машыктырып, жабдуунун максаты - “Ислам мамлекети” тобуна каршы аракеттерибизди күчөтүү. Президент Башар Асаддын режимине, биздин атүгүл Сириянын ичиндеги аракеттерибизге да тоскоолдук кылбоосун бул өнөктүктүн башында ачык билдиргенбиз. Ушул эле эскертүү биздин коалиция тарабынан машыктырылган күчтөргө да тиешелүү. Асад, албетте, “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлерине каршы айрым бир аскерий чара көрүүгө буйруктарды бериптир. Бирок биз Асаддын режими АКШнын жана анын өнөктөштөрүнүн “Ислам мамлекети” тобун алсыратып, акыр-аягында жок кылуу стратегиясын аткаруу боюнча аракеттерге аралашпоосу зарылдыгын ачык каңкууладык.

Соңку жараяндарга караганда, АКШ баштаган эл аралык коалициянын “Ислам мамлекетине” каршы соккулары эми Сириянын аймагында күчөй тургандай. Ушул жекшемби күнү Түркиянын "Инжирлик" базасына АКШнын Ф-16 аскерий учактарынын алгачкы алтоо жана 300дөй аскер келгени маалымдалды. Алар “Ислам мамлекети” тобу менен күрөшкө Түркиянын аймагынан туруп колдоо көргөзөт. Түркиянын авиациясы өзү өткөн айда биринчи ирет халифатчылардын Сириядагы турумдарына сокку урган болчу.

Анкара ага катар АКШга Түркия-Сирия чегине жакын "Инжирлик" базасын колдонууга да мүмкүндүк берген. Андан бери америкалыктар "Инжирлик" базасынан “Ислам мамлекети” тобунун Сириядагы турумдарын көздөй учкучсуз башкаруудагы учактарды гана жөнөтүп келди.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG