Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:38

Стамбулдагы жардырууга шектүү катары 46 киши кармалды


Стамбул шаары. 13-ноябрь, 2022-жыл.
Стамбул шаары. 13-ноябрь, 2022-жыл.

23 жаштагы Ахлам Альбашим атуу кыз Стамбулдагы эл көп жүргөн Истиклал көчөсүнө бомба койгон деп шектелүүдө. Полиция билдиргендей, ал суракта Сириядагы күрт согушкерлеринин атайын машыгуусунан өткөнүн айткан. Мамлекеттик телеканалдар шектүү аялдын батиринен алтын, акча жана курал-жабдык табылганын көрсөтүштү. Жалпысынан алты адамдын өмүрү кыйылган жардырууга байланыштуу 46 киши кармалды.

Түрк бийлиги терактын артында Күрт жумушчу партиясы жана анын Сириядагы өнөктөшү – “Күрттөрдүн элдик коргонуу кошууну” же YPG уюму турат деп эсептейт.

“Биздеги маалыматтарга караганда, көрсөтмө Сириянын Кобани шаарынан түшкөн жана кылмышкер Африн аймагы аркылуу Түркияга өткөн”,-деди Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу.

23 жаштагы Ахлам Альбашим Стамбулдагы жардырууга шектелүүдө. Түркиянын полициясы жарыялаган сүрөт. 14-ноябрь, 2022-жыл.
23 жаштагы Ахлам Альбашим Стамбулдагы жардырууга шектелүүдө. Түркиянын полициясы жарыялаган сүрөт. 14-ноябрь, 2022-жыл.

Министр кошумчалагандай, түрк коопсуздук кызматтары 1200 камерадан алынган видеолорду иликтеп чыккан жана кылмышкерлер Грецияга чыгып кетүүгө аракеттенген. Кандуу калабада өмүрү кыйылгандардын баары түрк жарандары. Жабыркаган 81 кишинин элүүгө чукулу ооруканадан чыкты. Учурда эки адамдын абалы оор.

Анкара Сириядагы күрт кошуундарын колдогону үчүн АКШны айыптап, Вашингтондун көңүл айтканын кабыл ала албастыгын билдирди.

АКШ Сириядагы Күрттөрдүн элдик коргонуу кошуунун - Сириядагы террористтерге каршы күрөшүүдө башкы өнөктөш катары санайт. Америкалык аскерлер Сириянын дал ушул күрттөр көзөмөлдөгөн аймактарында жайгашкан.

Анкара аны Түркияда тыюу салынган Күрт жумушчу партиясы менен байланышы бар террордук уюм деп эсептейт.

Түркиядагы Күрт жумушчу партиясы менен Анкара 1984-жылдан бери тирешип келет. Кандуу кагылыштарда он миңдеген адамдын өмүрү кыйылды.

Истиклал көчөсүндөгү жардыруу

Стамбулдун борбордук бөлүгүндөгү Истиклал көчөсүндө болгон жардыруудан алты киши каза таап, жараат алгандардын саны 80ден ашты. Жардыруу 13-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:20 чамасында Таксим борбордук аянтына жакын жерде болгон.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган басма сөз жыйынында бул жардыруу террордук чабуул болушу ыктымалдыгын билдирген эле. Эрдоган Балиге “Чоң жыйырманын” (G20) саммитине жөнөп жаткан жеринен Стамбул аэропортунда басма сөз жыйынын өткөргөн.

Стамбул шаары. 13-ноябрь, 2022-жыл.
Стамбул шаары. 13-ноябрь, 2022-жыл.
Истиклал көчөсүндө көптөгөн ресторан жана дүкөндөр жайгашып, дайыма эл жык-жыйма болот.
Истиклал көчөсүндө көптөгөн ресторан жана дүкөндөр жайгашып, дайыма эл жык-жыйма болот.

Жардыруу жергиликтүүлөр жана туристтер үчүн популярдуу саналган Истиклал көчөсүндө болгон.

"Бомбаны аял киши жардырган. Бул террордук акт экенин көрсөтөт. Андан алты киши набыт болду. Жараат алгандардын саны өсүүдө. Учурда 81 кишиге жетти, алардын экөөнүн абалы оор”,-деген вице-президент Фуат Октай.

Октайдын айтымында, жардыруу болгон жерде төрт киши мүрт кеткен. Экөө ооруканада үзүлгөн.

Жардыруу болгон учур байкоочу камераларга да түшүп калган. Социалдык тармактарга тараган видеодо Истиклал көчөсүндө кишилер качып баратканын көрүүгө болот. Ошондой эле жардыруу болгон учур дагы тартылган. Алыстан көрүнгөн видеодо асманга жалын көтөрүлүп, жардыруунун үнү угулат.

Бул көчөдө көптөгөн ресторан жана дүкөндөр жайгашып, дайыма эл жык-жыйма болот. Жардыруу болгон жерди полиция курчоого алган.

Стамбул шаары. 13-ноябрь, 2022-жыл.
Стамбул шаары. 13-ноябрь, 2022-жыл.
Окуя болгон жерге "Тез жардам" унаалары жана полиция кызматкерлери жетип барган.
Окуя болгон жерге "Тез жардам" унаалары жана полиция кызматкерлери жетип барган.
Жардыруудан алты киши каза таап, жараат алгандар 80ден ашты.
Жардыруудан алты киши каза таап, жараат алгандар 80ден ашты.

Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу жардырууда жабыркагандардын жана набыт болгондордун арасында кыргыз жарандары жок экенин билдирди. Дипломатиялык мекеме түрк бийлиги менен байланышта экенин маалымдады.

Истиклал көчөсүндө 2015-2016-жылдары дагы кол салуулар болгон. Аны өздөрүн “Ислам мамлекети” атаган террордук топ моюнуна алганы кабарланган эле. Акыркы жолу Стамбулдагы теракт 2017-жылы 1-январда болгон. Анда Стамбулдагы түнкү клубга кирип келген киши автоматтан ок чыгарып, 39 адамды атып өлтүрүп, 69ун жарадар кылган.

Буга Өзбекстанда туулган Абдулкадыр Машарипов айыпталып, эки жыл мурун 40 жолу өмүр бою эркинен ажыратылып, ал баш-аягы 1368 жылга кесилгени маалымдалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG