Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Түркия абагында отурган кыргызстандык кыз-келиндер


Стамбул шаарындагы Башкы прокуратура. 2019-жыл.
Стамбул шаарындагы Башкы прокуратура. 2019-жыл.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги бул өлкөдө 19 кыргызстандык абакта отурганы кабарланды. Алардын көбү адам өлтүрүү, талап-тоноо, документтерди жасалмалоо кылмыштарына айыпталып кармалышкан. Темир тор артында отургандардын дээрлик көпчүлүгү кыз-келиндер.

"Шылуун фирманын айынан абакта отурдум"

Эки жылдан бери Түркиянын Анталия шаарында бала багуучу болуп иштеген Анара быйыл эки жарым ай абакта отуруп чыкты. Ага быйыл жайында "документтерди жасалмалоо" беренеси менен айып тагылып, камакка алынган. Ал "виза жасап берем" деген фирмага алданып калганын, кылмыш иши уланып жатканын "Азаттыкка" жазуу түрүндө жөнөттү.

"Эки жыл эмгек визасы менен иштедим. Анын бүтөрүнө бир ай калганда WhatsApp группалардын биринен виза жасаган фирманын жарнамасын көрүп жаздым. Сурадым, жол-жобосун сүйлөштүк, 2000 лира сурашты. Мен аларга сураган акчасын жөнөттүм. 10-июнда миграция департаментине бара турган болдум".

Анара ортомчу фирма аркылуу виза жасатканда кызыл кулактардын колуна түшүп калганын билген эмес. Полиция кызматкерлери анын документтери жасалма экенин далилдеп, кармап кетишкен.

"Полиция бөлүмүндө Кыргызстандын Анталиядагы консулдугуна чалдым. Жанат деген консул дароо келип, менин документтеримде маселе бар экенин айтты. Мен бул документтерди ортомчу фирма жасаганын айтканыма карабай мени Миграция департаментинин кармоочу жайына киргизип коюшту. Эки жарым айдан ашык убакыт абакта калдым. Шылуун фирманын айынан бейкүнөө отурдум. Ошол убакыт ичинде башкы консулдуктун кызматкерлери мен үчүн чуркашты. Аларга ыразымын. Бирок мени алдап кеткендер жазасын алмайынча Анталиядан кетпейм".

Анталиядагы абактан бошотулган кыргызстандыктар

Анталияда ачылган башкы консулдук учурда бул аймакта ар кандай кылмыштарды жасаган Кыргызстандын төрт жараны абакта жазасын өтүп жатканын "Азаттыкка" билдирди.

"Башкы консулдуктун кызматкерлери алардын жакын туугандары менен тынымсыз байланышта. Анталияда Башкы консулдук ачылгандан бери "аткезчилик", "уурулук", "документтерди жасалмалоо" беренелери менен кармалган беш кыргызстандык бошотулду", - деп айтылат расмий маалыматта.

Ал эми Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги жекшембиде бул өлкөдө 19 кыргызстандык ар кандай кылмыштарга айыпталып абакта отурганын кабарлады. Маалыматка караганда, абактагылардын көбү адам өлтүрүү, талап-тоноо, документтерди жасалмалоого айыпталып кармалган.

Түркияда 20 жылдан ашык убакыттан бери сот жараяндарында котормочу болуп иштеген кыргызстандык Махабат Жумабекова кылмыш-ишине айыпталып кармалган чет өлкөлүктөрдүн дээрлик көпчүлүгү өз укуктарын билбей турганын айтты:

"Оболу түрк тилин билбей кыйналышат. Полиция кармаганда өздөрүнүн укуктарын билбегендер көп. "Биз башка өлкөдөбүз, биздин укугубузду коргогон эч ким жок" деген психологияга киришет. Айрыкча полиция мекемесинде чет өлкөлүктөргө алардын укугун толук айтып беришпейт. Суракка алган соң дароо кол койдуруп алышат. Бирок негизи Түркияда чет өлкөлүк болсун, жергиликтүү жаран болсун, баарына бирдей мамиле кылынышы керек. Негизи ар бир жаран суракка кирерден мурун адвокат талап кылууга укугу бар. Муну полиция кээде айтса, кээде айтпайт. Ошол жерде анан чайналып, кыйналышат".

Абактагы чет өлкөлүктөрдүн абалы арсар

Түркиядагы "Жаза аткаруу системасындагы жарандык коом" ассоциациясынын маалыматына караганда, айрыкча абакта отурган чет өлкөлүктөр ар түрдүү тоскоолдуктарга кабылат.

"Чет элдиктер котормочулардын жетишсиздигинен сот адилеттигине, саламаттыгына жеткиликтүү кам көрө албай келишет. Алар өз эне тилинде баарлашууну каалаганда тоскоолдуктарга туш болуп, эне тилинде видео жана аудио берүүлөрдү алууда кыйынчылыктарга туш болушат. Көбүнесе түрмөлөр шаардан алыс болгондуктан, аларды көргөнү келген жакындары ал жактарга жете алышпайт. Жетсе дагы бир саат гана жолугушууга уруксат берилет".

Түркиянын Юстиция министрлигинин расмий маалыматына ылайык, өлкөнүн абактарында 2310 чет элдик жаран бар. Алардын 330у аялдар. Көпчүлүгү Иран, Түркмөнстан, Грузия жана Сириянын жарандары.

Түркияда кыргызстандык кыз-келиндер аралашкан кылмыштар буга чейин катталган. 2019-жылы Анталия шаарында 39 жаштагы кыргызстандык келин түрк жаранын атайлап бычактап өлтүрдү деп айыпталып кармалган. Кийин сот ал келинди күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Ушул эле шаарда 2018-жылы "окуучу кызга жыныстык ыдык көрсөткөн" деп айыпталган кыргызстандык 56 жаштагы мугалим 12 жылга эркинен ажыратылганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыккан.

Ал эми 2017-жылы Анталиянын Манавгат райондук соту 34 жаштагы кыргызстандык келинди 31 жаштагы түрк жаранын бычак менен сайып өлтүргөн деген айып менен 12 жылга эркинен ажыраткан.

Расмий маалыматтарга караганда, Түркияда 25 миңден ашуун Кыргызстандын жараны каттоодон өткөн. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу шаарларда эмгектенишет.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG