Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:47

Стамбулдагы чуулгандуу чабуул үчүн өкүм чыкты


Абдулкадыр Машарипов.
Абдулкадыр Машарипов.

Апта башында Түркиянын Стамбул шаардык соту 2017-жылдын 1-январында Стамбулдагы «Рейна» түнкү клубуна кол салуу үчүн айыпталган Абдулкадыр Машариповду 40 жолу өмүр бою эркинен ажыратып, ал баш-аягы 1368 жылга кесилгенин маалымдады.

Стамбул шаардык соту өзбекстандык Абдулкадыр Машарипов «Киши өлтүрүү», «Теракт уюштуруу» жана «Конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө багытталган чагым аракети» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 40 жолу өмүр бою эркинен ажыратылып, 375 миң түрк лирасы (50 миң доллар) айыпка жыгылганын маалымдады.

Машариповдон тышкары түнкү клубга кол салууга тиешеси бар адам катары 48 киши да ар түрдүү беренелер менен кесилди. Алардын арасында Машариповдун аялы Зарина Нуруллаева да бар.

Абдулкадыр Машарипов 2017-жылкы окуядан 16 күндөн кийин Стамбул шаарында жашыруун жашаган үйүнөн атайын операция учурунда кармалган. Кандуу калаба үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук уюму өз мойнуна алган.

Түрк басылмалары теракт болгон түндөн баштап террорист Кыргызстандын жараны экенин жазып чыгышкан. Ошол эле күнү түрк телеканалдары Стамбулдагы чабуулга шектүү деп кыргызстандык Яхъё Машраповдун паспортун көрсөтүшкөн. Карасуулук Яхъё Машрапов окуяга эч кандай тиешеси жок экенин жана коопсуздук кызматына сурак берип чыкканын көп узабай «Азаттыкка» билдирген:

«Мен саясатты каалабайм. Алар менден кечирим сурасын деп талап кылбайм. Бирок алар кандайдыр бир маалымат чыгарардан мурун баарын тактап жарыялашса болмок. Анткени жөн эле бир адамды террорчу деп өмүрүн азапка салып коюшу мүмкүн экен да. Ошол маалымат чыккандан бери ата-энем, туугандарым абдан жаман болуп жатышат. Мени террорчу кылып коюшпасын деп суранат элем».

Кандуу чабуулдан 16 күн өткөндөн кийин гана мамлекеттик «Anadolu» агенттиги Абдулкадыр Машарипов Өзбекстандын Кокон шаарында туулганын жана Түркияга окуядан бир жыл мурун келгенин маалымдаган. Бирок жергиликтүү калктын айрым өкүлдөрү терактты уюштурган Машариповдун борбор азиялык болгонун жүйө кылып, Түркияда жашаган бир канча уйгурлар менен түркмөндөргө кол салышкан.

Үч жыл мурун 1-январда Түркиянын Стамбул шаарындагы «Рейна» түнкү клубундагы куралдуу кол салууда 39 киши өлүп, 70ке жакыны жарадар болгон. Окуядан кийин Стамбулдун эң белгилүү түнкү клубу ишин токтоткон.

Ал эми эл аралык байланыш билимдеринин профессору Ахмет Хан «CNN Türk» телеканалындагы маегинде Машариповдун тирүү кармалышы жана тергөө ишинин үч жылга созулганы Түркиядагы экстремисттик топтордун уюгун табуунун татаал ыкмасы болгонун билдирди:

«Террористтин тирүү кармалышы өтө маанилүү болчу. Анткени анын тергөөдө берген көрсөтмөлөрү менен экстремисттик топтордун түпкү уюгун табууга жол ачылды. Соттук жараянда ондогон кишинин суракка алынышы аркылуу Сириядан Түркияга кирип жаткан экстремисттердин картасын түзүүгө да мүмкүн болду. Муну менен түрк күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери бир канча терррордук уюмдардын изин тапты деп айта алам».

Түркиянын атайын кызматы быйыл 2-сентябрда Стамбул, Адана, Газиантеп жана Хатай шаарларындагы операциялардын жүрүшүндө Өзбекстандын 20га жакын жараны кармалганын маалымдаган. Алар Түркиядагы «Ислам мамлекети» террордук уюмунун эмири болгон Махмут Өзденге материалдык-техникалык жардам көрсөткөн деген шек менен кармалган.

Ал эми түрк расмий мекемелери азыркыга дейре өлкөдө экстремисттик топторго мүчө болгон борбор азиялык канча киши бар экенин маалымдай элек.

Бир катар байкоочулардын баамында, азыр ар кандай исламдык уюмдар өз иштерин тынч жүргүзүп жаткан Түркия, өз өлкөсүндө бийликтин динчил адамдарга жасаган мамилесине нааразы болгон көптөгөн өзбекстандыктар үчүн ыңгайлуу башпаанек болуп калды.

Расмий эмес маалыматтарга караганда, Түркияда ар кандай экстремисттик уюмдарга мүчө болгон, Борбор Азиядан барган үч миңге жакын үй-бүлө жашайт. Алардын бери дегенде миңге жакыны өзбекстандыктар.

Расмий эмес булактардын маалыматы боюнча, учурда Сирияда жана Иракта «Ислам мамлекети» террордук уюмуна мүчө кеминде 4000дей өзбекстандык согушуп жүрөт.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG