Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:46

“Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” форуму: Сүрөт баян

Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында алтай таануучулардын үч күндүк эл аралык шеринеси (форуму) өз ишин баштоодо. Чакан сүрөт баян.

Бүгүн, 20-июлда, Бишкектеги Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясындагы "Эне-Сай" боз үйүндө “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер" эл аралык форуму өз ишин баштады. Ага 12 өлкөдөн, 20дан ашуун элдин өкүлдөрү, тарыхчы, филолог, маданият таануучу, антрополог, этнолог, лингвист, фольклорду изилдөөчүлөр жана башка жүздөн ашуун илимпоздор катышууда.
Бул илимий шериненин ачылыш аземине Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, Орусиянын Башкортостан республикасынын лидери Рустем Хамитов, Татарстан республикасынын президенти Рустам Минниханов жана Саха (Якутия) жумуриятынын Мамлекеттик жыйынынын төрагасы Александр Жирков, Кыргыз Республикасынын Баатыры, драматург Бексултан Жакиев катышты.
Ачылыш аземинде президент А.Атамбаев мындайча сөзүн айтты:
Биз, кыргыздар үчүн эл аралык ири форумдун мааниси бийик, анткени Алтай – кыргыз элинин тарыхынын кыйла бөлүгүн камтыган аймак.
«Алтай», «Ала-Тоо», «Манас», «Эне-Сай» деген сөздөр ар бир кыргыз үчүн ыйык болуп саналат. Кыргыздар кылымдардан бери ушул күнгө чейин Эне-Сай менен түндүк-батыш Монголиядан тарта Теңир-Тоого чейинки, Фергана өрөөнү менен Памирде, Ала-Тоо менен Шинжаңда кеӊири мейкиндикти байырдап келатышат
...”
Илимий шеринеге келгендердин арасында орусиялык окумуштуулар, коомдук ишмерлер жана айдыңдар Александр Жирков, Иван Белеков, Юлий Худяков, Виктор Бутанаев, Бронтой Бедүров (Бидюров), чех тарыхчысы Петр Кокайсл, мажар илимпозу Йанош Шипош, казак окумуштуулары Ашырбек Муминов, Эрден Кажыбеков, кыргызстандык окумуштуулар Абылабек Асанканов, Кадыралы Конкобаев (Түндүк Кипр), Олжобай Каратаев (Түркиянын Кастамону университети) жана башкалар бар.
Эл аралык илимий шерине өз ишин 21-22-июлда Ысык-Көл кылаасындагы Чолпон-Ата шаарында улантмакчы.
Кыргызстандын президентинин аппаратынан билдиришкендей, иш-чараны уюштуруу демилгеси мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге таандык. Бул шериненин уюштуруучусу - "Мурас" коомдук фонду (жетекчиси – тарыхчы Кыяс Молдокасымов).
Алтай таанууга арналган башка бир кадыр-барктуу илимий шериненин - Эл аралык туруктуу алтай таануу жыйынынын (ПИАК; PIAC) азыркы президенти, германиялык профессор Барбара Келлнер-Хайнкеле айым кесиптештеринин Кыргызстанда ушул күндөрү өткөрүлгөн жаткан эл аралык илимий форумуна алдын-ала албан ийгиликтер каалаган болчу.

(Бул баян кийинчерээк жаңы сүрөттөр менен толукталат).

16x9 Image

Тынчтыкбек Чоротегин

Борбордук Азия тарыхы, этнология, маданий тарых жаатындагы адис. 

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG