Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Орусия: Кыргыз жарандарынын көбү каттоосуз жүрөт


Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева
Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева

Орусияда иштеп жүргөн ар бир кыргызды учурда жаңы жылдан кийинки миграция жаатындагы өзгөрүүлөр түйшөлтүүдө.

Орусияда кыргыздардын саны канча, алардын негизги көйгөлөрү жана жетишкендиктери тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева “Азаттыка” маек курду.

Азаттык: Мигранттардын басымдуу бөлүгү Орусияда экени баарыбызга маалым, соңку маалыматтар боюнча азыр канча кыргызстандык бар?

Кулукеева: 2014-жылдын декабрь айындагы расмий маалыматтарга ылайык, азыр Орусияда 554 808 Кыргызстандын жараны бар. Бул Орусиянын Федералдык миграция кызматында катталгандардын саны.

17 жашка чейинкилер 100 миңге чукул
18-29 жашка чейинкилер261 миң
30-39 жашка чейинкилер102 миңдей
40-49 жашка чейинкилер60 миңден ашык
50-59 жашка чейинкилер21 миңден ашык
60 жаштан жогоркулар8 миңден ашат

Ал эми бейрасмий ар кандай маалыматтар айтылып келет. Бирөө миллион десе, башкалар андан жогору дешет. Бул сандар чындыкка жакын, себеби каттоосу жок, же каттоо мөөнөтү өтүп кеткен жарандар абдан көп. Катталбай, ар кандай жолдор менен качып, иштеп жүргөндөр бар. Ошондой эле сезондук жумуштарга келип, иштеп кеткендер бар. Жыл мезгилине жараша да мигранттардын саны өзгөрүп турат. Жалпысынан миллиондун тегерегинде деп айтылып келет.

Азаттык: Алар кайсы тармактарда иштешет?

Кулукеева: Негизи расмий маалыматтарга караганда, Орусиядагы жарандардын көбү - 40% ашыгы тейлөө тармагында иштешет. Андан кийинки басымдуу бөлүгү курулуш тармагында алектенишет. Ал эми калган бөлүгү айыл-чарба жаатында иштешет. Москвада кайсы кана тейлөө тармагын албайлы, дүкөндөрдө, ресторан-кафелерде, чоң супер маркеттерде кыргыз жарандарын кездештирүүгө болот.

Азаттык: Орусиядагы кыргыздардын негизги көйгөйлөрү кандай?

Кулукеева: Учурда 17 жашка чейинкилер көбөйүүдө, алар Орусияга келгенден кийин каттоого тура албай кыйналышат. Каттоого турбаса, мектепке же бала бакчага кирүү мүмкүн эмес. Алардын укуктары чектелүүдө. Миллионго жакын жарандарыбыздын көбү ошол каттоо маселесинен улам өлкөдө мыйзамсыз жүрүшөт. Мыйзам боюнча 12 чарчы метрде бир киши жашоосу керек. Маселен, эки бөлмөлүү батирге үч-төрт киши гана каттала алат. Андан ашса салык төлөйт. Орусияга келгенде эптеп бир жерге каттоого турушат же болбосо ар кайсы жерден жасалма документтерди сатып алып жүрүүгө мажбур болушат. Акыры текшерүүгө туш болуп, кармалып, айыппул төлөп, депортацияланышат. Айрымдары ортомчу фирмалар аркылуу катталууга аракет кылышат.

Экинчи маселе - Орусиядагы кыргызстандык аялдардын көйгөйү. Маселен, жаңы статистикага таянсак, 18-29 жашка чейинки кыз-келиндердин саны 95 миңден ашты. 30-35ке чейинкилер 40 миңден арбын. Жалпысынан алганда 150 миңге жакын кыз-келиндер Орусияда иштеп жүрүшөт. Үй-бүлөсү менен келгендер аз. Көбү балдарын, жолдошун Кыргызстанда калтырып, акча табуу максатында Орусияда ар кандай шарттарда иштеп жүрүшөт. Аялдардын саламаттыгы да чоң көйгөй. Төрөөгө жарамдуу кыз-келиндер оор жумуштарда иштешет. 13 саатка чейин иштегендер бар, же болбосо акча табабыз деп бир жумуштан чыгып, экинчисине чуркагандар бар.

Ошондой эле расмий маалыматтарга ылайык, бир жарым миңден ашык кыргыз жарандары Орусиянын абак жайларында отурушат. Алардын 450 маңзат менен кармалгандар. Калгандары ар кандай кылмыштар менен жазаларын өтөөдө. Алардын арасында адам өлтүрүү, зордуктоо, уурулук жана башка кылмыштар менен кармалгандар бар.

Кыргызстан эгемендикке жеткенден бери 516 миңден ашык адам Орусиянын жарандыгын алган.

Учурда Орусиядагы ар бир жаранды тынчсыздандырып жаткан маселе жаңы жылдан кийинки өзгөрүүлөр. Жакында эле Федералдык миграция кызматы 2015-жылдан тарта патенттин баасы төрт-төрт жарым миң рублга чейин көтөрүлөөрүн жарыялады. Патенттин баасы көтөрүлгөнү менен кыргыз жарандарынын айлык тапкан каражаты көбөйгөн жок. Мурда биз көмүскө базарга акча кетиргенден көрө патент алгыла деп айтып келчүбүз. Эми патент алгыла дейин десек, айына төрт миңден болгондо жылына 48 миң рублга чейин чыгып кетип атат. Жашоо мындан да оорлошу мүмкүн. Себеби, батир ижара баасы көтөрүлүп атат. Тамак-аштын баасы кымбаттады.

Орус рублинин куну түшүп жатат. Бирок ошого карабай, “бизде жашоо өтпөй калды, Кыргызстанга кайтабыз” деген маанайдагыларды кездештире элекпиз.

Себеби, бул жака келгенден кийин көнүп калып, көптөр кеткиси келбейт. Кыргызстанга барганда деле жумуш табуу кыйын. Ошондуктан көбү ары ойлонуп, бери ойлонуп, иш болуп аткандан кийин чыдап атышат.

Азаттык: Эми жетишкендиктерин да айта кетсеңиз?

Кулукеева: Эми биздин эл башка коңшуларга караганда орус тилин тыңыраак билгендиктен, бул жактан жакшыраак иштерге орношот. Айтып өткөндөй эле кыргыздардын көбү тейлөө кызматында иштешет, ал жактарга деле тил билбегендерди албайт. Жакында эле Ички иштер министри Мелис Турганбаев келип, өз өкүлүн дайындап кетти. Эми уюшкан кылмыштуулук боюнча натыйжалуу иштер башталат деген ойдобуз. Албетте, Орусияда кыргыз ишкерлери, окумуштуулар абдан көп. Биз диаспоралар менен тыгыз иштешебиз, ошолордун арасында түрдүү тармактарда ийгиликке жетишкен кыргыздар бар. Жамандык, жакшылыктарда биригип, колунан келген жардамдарын көрсөтүп турушат. “Жердешчилик” деген терминди көптөр жаман кабыл алып жүрүшөт, бирок Орусияда анын жакшы жагы да бар. Маселен, бирөөнүн башына кыйынчылык түшкөндө жердештери акча чогултуп, жардамын берип, баарылап көтөрүп кетишет. Маданият тармагында иштеген кыргыздар көп.

XS
SM
MD
LG