Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:42

Орус оппозициясы: бийлик алмашып турсун


Орус оппозициясынын митингине чогулгандар. 20-сентябрь, 2015-жыл.
Орус оппозициясынын митингине чогулгандар. 20-сентябрь, 2015-жыл.

Москвада орус оппозициясынын митинги өттү. “Бийликтин алмашып туруусу үчүн” деп аталган митинг оппозициянын акыркы бир нече айдагы алгачкы нааразылык акциясы болду. Ал Орусиядагы соңку жергиликтүү шайлоо бийликтеги партиянын толук жеңиши менен аяктаган соң уюштурулду.

Уюштуруучулардын айтуусунда, алар митингди бекеринен “Бийликтин алмашып туруусу үчүн” деп аташкан жок.

Анткени мындан төрт жыл мурун 24-сентябрда ал кездеги президент Дмитрий Медведев менен премьер-министр Владимир Путин бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын курултайында кызмат алмашарын жарыялашкан. Бул орус оппозиционерлеринин пикиринде, бийликтин иш жүзүндө узурпацияланышы болду.

"Азыр бийликти сактап калуу Орусиянын бардык мамлекеттик органдарынын ишинин маңызына айланды. Ал эми эң жогорку кызмат адамдары, анын ичинде президент, премьер-министр, төмөнкү баскычтагы чиновниктер да алар алмашкыс экенине көнүп калышты",-деди "Азаттыктын" орус кызматына оппозициячыл актвист, митингдин уюштуруучуларынын бири Николай Ляскин.

Ал эми оппозиция лидери, Коррупцияга каршы күрөшүү корунун башчысы Алексей Навальный өз сөзүндө буларга токтолду:

- Силер митингди кайтарып жаткан полицейлердин кимиси болбосун барып, Орусиянын улуттук байлыгынын 84% он эле үй-бүлө көзөмөлдөп жатышы жагабы деп сурап көрсөңөр. Ал "жакпайт, бирок муну өзгөртүү мүмкүн эмес" деп айтат. Өзгөртүүгө болот жана биз муну жасайбыз. Путин менен “Бирдиктүү Орусияга” 86% колдоо бар дегендери Түркмөнстан менен Зимбабвенин 99% эле ишенимсиз.

Орусияда цензуранын жокко чыгаруу, саясий айыпкерлерди бошотуу, коррупция менен күрөшүү, оппозицияны шайлоого катыштыруу митингдин негизги талаптарынан болду.

Оппозиция жыйыны Орусияда өткөн аптадагы жергиликтүү шайлоо бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын жеңиши менен аяктаган соң уюштурулду.

Соңку жылдары лидерлери президент Путиндин негизги сынчысына айланган ПАРНАС партиясынын талапкерлерине бир гана Кострома облусундагы шайлоого катышууга мүмкүндүк берилип, бирок оппозиция бул облуста да аймактык парламентке кире алган жок.

Көз карандысыз “Голос” уюму Орусиянын быйылкы жергиликтүү шайлоосуна “өнөктүк административдик технология колдонууну шайлоо күнүнөн анын алдына которуу тенденциясын бекемдеди, реалдуу саясий атаандаштык болгон жок, шайлоонун алдын ала аныкталган жыйынтыгы добуш берүү күнү жөн гана расмий легитимдешти”,-деп баа берген.

ПАРНАС партиясынын лидерлеринин бири Илья Яшин митингде сүйлөп жатып, төмөнкүлөрдү белгиледи:

- Биз элге чындыкты айттык. Өз абийирибиздин алдында ак болдук. Ооба, биз шайлоодо күткөн жыйынтыкты алган жокпуз. Бул өкүнүчтүү. Бирок, биз беттеген багытыбыздан тайбайбыз. Бизде силер менен эки гана жол бар. Биринчиси - чемонданды жыйнап, Орусиядан кетип калуу, өлкөнүн бир нече жылдан бери кескилеп, чөнтөгүнө салып жаткан ууруларга, алдамчыларга таштоо. Экинчиси - Орусияда калуу, беттеген багытыбызды, каршылык көргөзүүнү улантуу. Ооба, Орусияда каршылык көргөзүү оор иш. Биздин өлкөдө каршылык көргөзгөндөрдү менин досум Борис Немцовдой кылып өлүтүрүп коюшат.

Москвадагы митингге жыйналгандар Орусиянын, оппозициячыл ПАРНАС партиясынын желектерин, оппозиция лидери Борис Немцов өлтүрүлгөнүн эске салган плакаттарды жана коррупцияга каршы ураандарды көтөрүп турушту.

Митингдин катышуучулары. Москва, 20-сентябрь, 2015-жыл.
Митингдин катышуучулары. Москва, 20-сентябрь, 2015-жыл.

Митингичилердин бири, 63 жаштагы ишкер Валерий Сатаров “Азаттыктын” кабарчысына буларды билдирди

- Мына, коррупция деген жазууну көрүп турасыз да. Коррупция Орусияны эле эмес, кайсы өлкө болсо да талкалайт. Мына, канча киши чогулганын көрүп жатасыз. Андыктан бийлик бизди угуш үчүн келдик. Жетишет азыркыдай жашоого. Толугу менен өзүм билемдик. Полиция каалаганын, чиновниктер каалаганын жасап жатат.

Орус оппозициясынын митинги Москванын борбордук эмес, чек жакасында Марьино районунда шаар бийлигинин уруксаты менен өткөрүлдү. Ага оппозициянын шаар бийлигине жолдонгон арызында көргөзүлгөн 40 миңден кыйла азыраак, милициянын эсебинде 4 миңдей, байкоочулар баамында 7 миңдей жактоочусу жыйналды. Коопсуздук күчтөрү митингге жерден да, абадан да көз салып турду.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG